Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8 сентябры, №451
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик
Бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик
(аскердик эмес) кызматтын кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп
бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик (аскердик эмес)
кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу жана 2006-жылдын
октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана
альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө кезектеги
чакыруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети жөнүндө »
жана «Альтернативдик (аскердик эмес) кызмат жөнүндө»- Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик
бӨлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес)
кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана
альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын кызматкерлери запаска бошотулсун.
2. 2006-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге укуктары
болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон эркек жарандар, ошондой
эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын министрликтери менен
администрациялык ведомстволоруна, ишканаларына, мекемелерине жана
уюмдарына анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтӨӨгө
чакырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтү бошотуунун мөөнөттөрүн, анык аскердик
жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырууну жүргүзүүнүн
тартибин аныктасын.
4. Бул Жарлык жарыяланган кундӨн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К. Бакиев