Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 15-сентябры ПЖ № 462
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын
29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин
"XX кылымдагы кыргыз маданиятына жана руханиятына
зор салымы үчүн Ардактуу алтын медалын уюштуруу
жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Республиканын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө бай-
ланыштуу токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 29-июнундагы №
209 "XX кылымдагы кыргыз маданиятына жана руханиятына зор салымы үчүн
Ардактуу алтын медалын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү-
лөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын
Президентинин "XX кылымдагы кыргыз маданиятына жана руханиятына зор са-
лымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардактуу алтын медалы
жөнүндө Жобо" деген № 1 тиркеменин 10-пункту төмөнкү редакцияда баян-
далсын:
"10. Ушул Жобонун 9-пунктунда каралган документтер келип түшкөн
учурдан баштап аларды бир айдын ичинде кароо үчүн комиссияга тапшыры-
лат."
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын
Президентинин "XX кылымдагы кыргыз маданиятына жана руханиятына зор са-
лымы үчүн" Ардактуу алтын медалын ыйгаруу маселеси боюнча комиссия
жөнүндө Жобо" деген № 2 тиркеменин 10-пункту төмөнкү редакцияда баян-
далсын:
"10. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу Кыр-
гыз Республикасынын маданият министрлигине жүктөлөт.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын
Президентинин "XX кылымдагы кыргыз маданиятына жана руханиятына зор са-
лымы үчүн" Ардактуу алтын медалын ыйгаруу маселеси боюнча комиссиянын
курамы" деген № 3 тиркеме ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык баяндалсын.
2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү
жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 15-сентябрындагы
№ 462 Жарлыгынын тиркемеси
"№ 3 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2003-жылдын 29-июнундагы № 209
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин "XX кылымдагы
кыргыз маданиятына жана руханиятына зор салымы
үчүн" Ардактуу алтын медалын ыйгаруу
маселеси боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Мадумаров Адахан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы,
Кимсанбаевич комиссиянын төрагасы;
Укулов Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Маматкадырович нистрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана
экспертиза бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын
төрагасынын орунбасары;
Раев Султан - Кыргыз Республикасынын маданият министри,
Акимович комиссиянын төрагасынын орунбасары;
Абдрахманов Алымбай - тарыхчы, акын, публицист;
Мырзакулович
Асанбеков Сарман - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сињирген ишмер;
Дүйшеев Орозбек - коомдук ишмер;
Жолдошева Жылдыз - Курманжан датка атындагы Эларалык кайрымдуу-
Айтибаевна лук фондунун төрайымы;
Жусупов Кењеш - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу;
Марипов Асамидин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин де-
путаты (макулдашуу боюнча);
Өмүрканов Анатай - Кыргыз Республикасынын эл акыны;
Полотов Улукмырза - Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Сейдакматова Жамал - Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Токтакунова Самара - Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Чокоева Рейна - Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Нурманбетовна
Шестопал Виктор - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү".
Арнольдович