Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-декабры №643 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2007-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө Республиканын пенсионерлеринин жашоо дењгээлин жогорулатуумаксатында токтом кылам: 1. 2007-жылдын 1-майынан тартып пенсиялардын камсыздандыруубөлүгүнүн өлчөмдөрү төмөнкүдөй жолдор менен көбөйтүлсүн: - "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга түзөтүүчү коэффициенттержөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген түзөтүүчүкоэффициенттердин өлчөмүн 1,15 эсе жогорулатуу; - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык эсептелүүчү пенсиянын биринчикамсыздандыруу бөлүгүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынындењгээлинин чегин эсептик көрсөткүчтүн жыйырма үч зселенген өлчөмүндөбелгилөө. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен мурда белгиленгенпенсияларды, пенсияларга үстөктөрдү жогорулатуу суммалары жана КыргызРеспубликасынын Президентинин "Электр энергиясына тарифтердинжогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөржөнүндө" 2002-жылдын 5-майындагы №105 жана «Калк үчүн электр кубатынабирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдыкжактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» 2006-жылдын 28-апрелиндеги№ 192 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөр ушулЖарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмүн кайра эсептөөгөбайланыштуу өзгөртүлбөйт. 3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсияларды өз убагындакайра эсептөөнү жана аларды жањы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккантиешелүү мыйзам долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешине киргизсин. 5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялыкөнүктурүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев