Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-декабры ПЖ № 639
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Илимий мекемелердин кызматкерлерине эмгек акыны
жогорулатуу жөнүндө
Илимий мекемелердин кызматкерлерин социалдык жактан камсыз кылуу,
эмгегине дем берүү максатында токтом кылам:
1. Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган илимий
мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы 2007-жылдын 1-январынан тартып
30 процентке жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев