Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-декабры ПЖ № 642 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2007-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу максатында жана "Мамлекеттикпенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замынын 22-статьясына ылайык токтом кылам: 1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлү-гү 2007-жылдын 1-январынан тартып 363 сом өлчөмүндө белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Электр энергиясына тариф-тер жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөм-дөр жөнүндө" 2002-жылдын 5-майындагы № 105 жана "Калк үчүн электр куба-тына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социал-дык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 28-апрелин-деги № 192 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүнөлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайраэсептөөгө байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес. 3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартиптепенсияларды өз учурунда кайра эсептөөнү жана жањы өлчөмдөгү пенсиялардытөлөөнү камсыз кылсын. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев