Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-январы №2 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинин натыйжалуулугун камсызкылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясына жана «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын тиркелген концепциясыбекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине КыргызРеспубликасынын эларалык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруудатышкы саясаттын биримдигине жетишүү максатында эларалык иштинмаселелеринде аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик органдарынкоординациялоо жана алардын өзара аракеттениши боюнча функциялардыкамсыз кылуу милдети бекитилсин. 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев