Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 22-январы №11 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсызкылуу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Иммиграциялыкфонддун милдеттерин жана функцияларын кењейтүүнүнзарылчылыгына байланыштуу токтом кылам: 1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынынтүзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгынатөмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - аталган Жарлыктын «Кыргыз Республикасынынминистрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жанаадминистрациялык ведомстволорунун, башка аткарууоргандарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги» № 1тиркемесинин 12-пунктундагы «Иммиграциялык фонд деген сөздөр«Миграциялык фонд» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурда кабыл алганчечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдетиКыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынынуюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнөжүктөлсүн. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев