Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 29-январы ПЖ N 14
(КР Президентинин 2016-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 201 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Маданий-маалымат кызматташтык чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы салтка айланган байланыштарды андан ары чыңдоо максатында, 1996-жылдын 28-мартында Москва шаарында түзүлгөн Россиялык телерадиоберүү уюмдарынын программаларын Кыргыз Республикасынын аймагында таратуу тартиби жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну эске алып, ошондой эле россиялык телерадиоберүү уюмдарынын программаларын Кыргызстанда үзгүлтүксүз ретрансляциялоону камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын көп сандаган кайрылууларын эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Россия Федерациясынын "Первый канал. Всемирная сеть" программасын Кыргыз Республикасынын аймагында ретрансляциялоо жана бул максаттарда "Биринчи канал. Кыргызстан" кыргыз-россиялык биргелешкен ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын сунуштары колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана уюштуруу-укуктук формада "Биринчи канал. Кыргызстан" кыргыз-россиялык биргелешкен ишканасында кыргыз тараптан уюштуруучу болууга уруксат берилсин.
"Биринчи канал. Кыргызстан" кыргыз-россиялык биргелешкен ишканасында башкаруу органдары анын Уставына ылайык аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына жогоруда аталган биргелешкен ишкананы түзүү боюнча уюштуруу документтерин даярдоого көмөк көрсөтсүн жана аны белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктан келип чыккан чараларды көрүү сунушталсын.
(КР Президентинин 2016-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 201 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | К. Бакиев |