Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-февралы №24 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун гендердик экспертизадан өткөрүү жана тиешелүү корутундуларды даярдоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынчабашкаруу органдары иштеп чыгып жаткан ченемдик укуктук актылардагендердик тењчилик принциптери сакталышын камсыз кылуу максатында,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жана«Гендердик тењчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепкилдиктерининнегиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,токтом кылам: 1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун гендердик экспертизаданөткөрүү жана тиешелүү корутундуларды даярдоо тартиби жөнүндө тиркелгенЖобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, анын ичинде министрликтер,мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башкамамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандары: - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун гендердик экспертизаданөткөрүү боюнча чараларды көрсүн; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу Аялдардын, үйбүлөнүн маселелерижана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кењештин катчылыгынажүктөлсүн. 4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев