Редакцияот 05.02.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                  Кыргыз Республикасынын Президентинин                                       2007-жылдын 5 -февралындагы №24                                              Жарлыгы менен бекитилген                ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ДОЛБООРЛОРУН             ГЕНДЕРДИК ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТКӨРүү ЖАНА ТИЕШЕЛүү                КОРУТУНДУЛАРДЫ ДАЯРДОО ТАРТИБИ ЖӨНүНДӨ                                 ЖОБО                                                              I. Жалпы жоболор                                      Бул   Жобо   ченемдик  укуктук  актылардын  долбоорлорун  гендердикэкспертизадан  өткөрүү тартибин, ошондой эле аларды жүргүзүү  учурундакоюлуучу талаптарды белгилейт.   Ченемдик   укуктук   актылардын   долбоорлорун   ченемдик   укуктукактыларды түздөнтүз иштеп чыгуучулар жүргүзөт.   Гендердик экспертиза Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы,  башкаченемдик  укуктук актыларындагы, гендердик тењчилик маселелери  боюнчамамлекеттик,  региондук  жана жергиликтүү  программалардагы  гендердиктењчиликти бузуу фактыларын иликтөө жана табуу максатында жүргүзүлөт.   Кайсы  жыныска таандык экендигине карабастан, адамдардын укуктарын,милдеттерин, мүмкүнчүлүктөрүн жана жоопкерчилигин жөнгө салуу учурундамүмкүн  болгон  дисбалансты жоюу максатында  адамдын  жашоо-турмушунунбардык   чөйрөлөрүндөгү  мамилелерди  жөнгө  салган  ченемдик  укуктукактылардын долбоорлору гендердик экспертизадан өткөрүлөт.   Ченемдик  укуктук  актылардын долбоорлорун гендердик  экспертизаданөткөрүүнүн  укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы,күчүнө   кирген  эларалык  келишимдер,  «Гендердик  тењчиликти  камсызкылуунун   мамлекеттик  кепилдиктеринин  негиздери   жөнүндө»   КыргызРеспубликасынын Мыйзамы, ушул Жобо жана башка ченемдик укуктук актыларсаналат.           II. Гендердик экспертизанын максаттары жана милдеттери      Гендердик экспертизанын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:   -  ченемдик  укуктук  актылардын долбоорлору гендердик  мыйзамдаргаылайык келишии же келбешин аныктоо үчүн аларга мониторинг жүргүзүү;   -  ченемдик  укуктук актылардын долбоорлорун аларда эркектер  мененаялдар  үчүн укуктардын, жоопкерчиликтин, мүмкүнчүлүктөрдүн тењчилиги,тењдеш  өнөктөштүк мамилелер жана бирдей натыйжалар сакталышы  жагынанбаалоо, гендердик кодулоого жол бербөө.   Гендердик экспертизанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:   -   гендердик   чөйрөдө   ченемдик  жөнгө  салуунун   абалы   мененбайланышкан  жана  кабыл алынып жаткан чечимдердин негиздүүлүгүн  жанаишенимдүүлүгүн камсыз кылган объективдүү фактыларды, жагдайларды  жанакырдаалдарды белгилөө;   -  адам  укуктарын жана гендердик тењчиликти сактоо  көз  карашынаналганда ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуунун  мүмкүнболгон  натыйжаларын,  ошондой  эле аларды  турмушта  кепилдик  кылуу,коргоо жана камсыз кылуу механизмдерин талдоо жана баалоо;   -  гендердик  экспертиза жагынан атайын түшүнүктөрдү  талап  кылганмаселелерди түшүндүрүү.                  III. Гендердик экспертизанын принциптери      Гендердик экспертизанын принциптери төмөнкүлөрдү камтыйт:   -  ченемдик  укуктук  актылардын  долбоору  менен  жөнгө  салынуучумамилелерди сөзсүз экспертизадан өткөрүү;   -  ишенимдүүлүк,  компетенттүүлүк, негизделгендик,  комплекстүүлүк,объективдүүлүк жана көзкарандысыздык;   - ачыктык, маалымдуулук, айкындык жана мыйзамдуулук;   -   тармактык  жана  корпоративдик  таламдарга  караганда   коомдукталамдардын артыкчылыгы;   -   инсандын,  коомдун  жана  мамлекеттин  таламдарынын   балансынажетишүү зарылчылыгы;   -  ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жоболорунун гендердиктењчилик  принциптерине таасир этүүчү саясий, экономикалык, социалдык,экологиялык  жана  башка мамилелерге мүмкүн болгон жагымсыз  таасиринежол бербөө (анын алдын алуу);   -  кайсы жыныска таандык экендигине карабастан адамдын эркин жашоо-турмушунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу адам укуктарын сактоо;   -  ченемдик  укуктук актыларда жашоо-турмуштун алда  канча  кысымгаалынган   чөйрөсүндө  жыныстардын  бирине  тиешелүү  адамды   колдоогобагытталган  жана  мыйзамдар менен эларалык  келишимдердин  жоболорунаылайык гендердик кодулоо болуп саналбаган ченемдерди колдонуу;   -  кайсы жыныска таандык экендигине карабастан адамга гумандуу жанаадилет мамиле.               IV. Гендердик экспертизаны жүргүзүүгө талаптар      Ченемдик     укуктук     актылардын    долбоорлорунун     гендердикэкспертизасына төмөндөгү талаптар коюлат:   -   ченемдик  укуктук  актылардын  долбоорлорунун  мазмуну   КыргызРеспубликасынын Конституциясына, мыйзам тарабынан белгиленген тартиптекүчүнө   кирген  Кыргыз  Республикасы  катышуучусу  болуп   эсептелгенэларалык  келишимдерге  жана макулдашууларга, эларалык  укуктун  жалпытаанылган   принциптерине  жана  ченемдерине,  «Гендердик  тењдештиктикамсыз  кылууда  мамлекеттик кепилдиктердин негиздери жөнүндө»  КыргызРеспубликасынын мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайыккелиши;   -     ченемдик-укуктук     актылардын     долбоорлорунун     КыргызРеспубликасынын мыйзамдары менен шайкеш келиши жана алардын  гендердикмамиле  жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын системасындагыорду;   -   тийиштүү  ченемдик  укуктук  долбоорлордо  белгиленген  чөйрөдөченемдик  жөнгө  салуунун  абалынын  анализи,  гендердик  тењдештиктинсакталышы менен козголгон коомдук мамилелерди жөнгө салуу үчүн аталгандолбоордун зарылдыгы жана толуктугу;   -  ченемдик  укуктук актылардын долбоорун кабыл алууда боло  турганнатыйжалардын анализи.         V. Гендердик экспертизаны жүргүзүүнүн тартиби жана этаптары      Ченемдик  укуктук актылардын долбоорлорунун гендердик  экспертизасытөмөнкүдөй ишчараларды камтыйт:   -  ченемдик  укуктук  актылардын долбоорлорунун жоболорунун  КыргызРеспубликасынын   Конституциясынын   ченемдерине,   мыйзам   тарабынанбелгиленген   тартипте  күчүнө  кирген  эларалык  келишимдердин   жанагендердик тењдештик маселелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын ченемдеринеылайык келишинин анализин;   -  ченемдик  укуктук  актылардын  долбоорлорунун  жоболорунун  жанааларга  коштомо  документтердин ушул Жобонун  IV  бөлүгүндө  камтылганэкспертиза  жүргүзүүгө  талаптардын тизмесине ылайык  келишине  анализжүргүзүүгө;   -  ченемдик  укуктук  актылардын долбоорунун жоболорунун  гендердиктењдештиктин  ар  бир курамдык бөлүгү менен: бирдей  укуктары,  бирдейжоопкерчилиги;  бирдей мүмкүнчүлүктөрү, бирдей шериктештик  мамилелерименен өз ара катышы. Мында гендердик кодулоо болуп саналбаган, саясий,экономикалык, эмгектик жана башка социалдык мамилелерде  иш  жүзүндөгүтењчиликке жетишүүгө багытталган ченемдерди жана атайын чараларды эскеалуу керек;   -  гендердик  талдоонун жардамы менен күтүлгөн гендердик  социалдыкпрогрессти аныктоо;   -  анализделип  жаткан  ченемдик укуктук актылардын  долбоорлорундапайдаланылган  терминдердин  маанилик жактан  колдонулушунун  тактыгынтекшерүү.   Ченемдик   укуктук  актылардын  долбоорлорунун  гендердик   анализитөмөнкүлөрдү камтыйт:   -   кабыл  алынышы  ар  башка  жыныстагы  адамдар  үчүн  ар  кандайнатыйжаларды алып келе турган жоболорун белгилеп жөнгө салуу  чөйрөнүналдын ала баяндоо;   -   ченемдик   укуктук  актылардын  кабыл  алынышынын  натыйжаларынаныктоо  жана анын айрым жоболорунун тийиштүү жөнгө салуу.  чөйрөсүндөкорголуп жаткан кызыкчылыктары менен «шайкештигин» талдоо;   -   ченемдик   укуктук   актылардын  долбоорлорун   кабыл   алуунунжыйынтыгында келип чыга турган узак мөөнөттүү натыйжаларды баалоо;   -   ченемдик   укуктук   актылардын  долбоорлорун   кабыл   алуунуннатыйжаларын жалпылоо жана баалоо, тийиштүү сунуштарды иштеп чыгуу.   Гендердик  анализ жүргүзүүнүн жүрүшүндө ченемдик укуктук актылардындолбоорлоруна  көрсөтүлгөн документтер менен жөнгө  салынуучу  коомдукмамилелер чөйрөсүндө кодуланган абалда турган жыныстагы адамды  колдооүчүн   убактылуу   атайын  чараларды  аныктаган  ченемдерди   киргизүүмүмкүндүгүн аныктоо керек.   Гендердик  талдоону  жыныска  таандыктыгы  боюнча  бөлүү,  эмгектинбөлүнүшүн  таап  чыгуу менен зарыл болгон статистикалык  маалыматтардыжыйноо,  ошондой  эле ар кандай жыныстагы адамдардын ресурстарга  жанажайлуулукка   жана  алардын  үстүнөн  контролдукка  жеткиликтүүлүгүнүндаражасын;  практикалык жана стратегиялык муктаждыктарды,  эркектердинжана  аялдардын  стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүнү,  эркектердинжана  аялдардын стратегиялык кызыкчылыктарына байланышкан  чектөөлөрүнжана мүмкүнчүлүктөрүн таап чыгуу жолу аркылуу жүргүзүүгө болот,   Ченемдик   укуктук  актылардын  долбоорун  гендердик  экспертизаданөткөрүүнүн   мөөнөтү  каралып  жаткан  документин   татаалдыгы   мененаныкталат.            VI. Экспертизанын корутундусунун мазмуну жана таризи      Гендердик   экспертизанын  жыйынтыгы  боюнча  жалпысынан   ченемдикукуктук  актылардын долбооруна же төмөндөгү бүтүмдөрдүн бири көрсөтүлөтурган анын айрым жоболоруна бүтүмдөр толтурулат:   -   ченемдик  укуктук  актылардын  долбоору  жалпысынан  гендердик-нейтралдуу;   - ченемдик укуктук актылардын долбоору гендердик-сезимтал;   - ченемдик укуктук актылардын долбоору дискриминациялуу;   -  ченемдик  укуктук  актылардын  долбоору  гендердик  же  эркектинпайдасына, же болбосо аялдын пайдасына асимметрияга ээ;   -  ченемдик  укуктук актылардын долбоору аялдар жана эркектер  үчүнбирдей мүмкүнчүлүктөрдү карабайт;   -   ченемдик   укуктук  актылардын  долбооруна   убактылуу   атайынчараларды аныктоочу жоболорду киргизүү керек;   Зарылчылык болгон учурда эксперт гендердик-сезимтал жана  гендердикбагыттагы жоболордун баяндамалары бар сунуштарды даярдай алат,  алардыченемдик  укуктук актыга киргизүү гендердик-сезимтал ченемдик  укуктукактыны алууга мүмкүндүк берет.   Гендердик  экспертизанын  корутундусу ченемдик  укуктук  актылардындолбоорунун  ушул  жобонун  IV бөлүгүндөгү  бардык  талаптарга  ылайыккелиши жөнүндө негизделген тыянактарды камтышы керек.   Корутунду  объективдүү,  далилдүү жана  аргументтүү  болушу  керек.Негиздөөчү  документтердин, корутундулардын жана  сунуштардын  анализиченемдик укуктук актылардын конкреттүү жоболоруна, ал эми зарылчылыккажараша - илимий-техникалык материалдарга негизделиши керек.   Экспертизанын  корутундусу,  эгерде  ченемдик  укуктук   актылардындолбоору  ушул  Жободо коюлган талаптарга толугу менен жооп  берсе  жеболбосо  жарым-жартылай  жооп берсе жана  кайра  иштеп  чыгууну  талапкылса,  оњ  деп  эсептелет. Оњ корутунду ченемдик  укуктук  актылардындолбооруна  гендердик  тењчилик принциптерин бузган  өзгөртүүлөр  жанатолуктоолор киргизилген учурда күчүн жоготот.   Ченемдик   укуктук  актылардын  долбоорлору  ушул  Жободо   коюлганталаптарга   ылайык   келбеген   учурларда   гендердик   экспертизанынкорутундусу терс деп эсептелет.