Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-февралы № 55
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ
№ 40 Отузадыр жана № 57 Кемин бир мандаттуу аймактык шайлоо
округдары боюнча чыгып кеткен депутаттардык ордуна
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын
шайлоону дайындоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 69-
статьясындагы 7-пунктка ылайык токтом кылам:
1. №40 Отузадыр жана №57 Кемин бир мандаттуу аймактык шайлоо
округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутаттарын шайлоо жекшембиге, 2007-жылдын 29-апрелине
дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык шайлоону өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- көрсөтүлгөн шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү финансылоо
маселесин чечсин;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти,
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары сакталышын
камсыз кылсын.
4. Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү мамлекеттик
администрациялары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары
шайлоо комиссияларын шайлоочулардын сапаттуу тизмелери менен
камсыз кылсын жана аларга шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда
уюштуруу, материалдык - техникалык жана башка маселелерди чечүүгө
көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев