Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-февралы 68
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик
Бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик(аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана
альтернативдик (аскердик змес) кызматкерлерин запаска бошотуу,
ошондой эле 2007-жылдын апрель-июнунда жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети
жөнүндө жана «Альтернативдик (аскердик эмес) кызмат жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка
аскердик бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик
(аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик
жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлер запаска бошотулсун.
2. 2007-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырылууга
укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон эркек
жарандар, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын
жоготкон улуу чакыруу курагындагы жарандар Кыргыз Республикасынын
министрликтери менен администрациялык ведомстволоруна, ишканаларына,
мекемелерине жана уюмдарына анык аскердик жана альтернативдик
(аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бошотуунун мөөнөттөрүн, анык
аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырууну
жүргүзүүнүн тартибин аныктасын.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев