Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 23-декабры № 5
Жыгач-Коргон айылынын тургуну Сулайманов Акимбай Эстебесовичтин арызы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңешинин төрагасы Жылчымышев З. билдирүү жасады.
Ленин айыл аймагынын тургуну Сулайманов Акимбай Эстебесовичтин жеке менчик өзүнө тиешелүү 1,0 га жеринин пайдалануу багытын өзгөртүп берүү жөнүндө №С-229 16.09.2021-жылы жазган арызып карып чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12,13-беренелеринин негизинде Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулайманов Акимбай Эстебесовичтин жеке менчик 1,0 га жер аянтынын колдонуу багытын, турак-жай жер аянты багытына өзгөртүлүп пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Сулайманов Акимбай Эстебесовичтин жеке менчик жер аянтына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Колдонуу багыты өзгөртүүгө уруксат берилген жер аянтына курула турган турак-жайдын план-долбоорун даярдап берүү жагы Сузак архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Турак жай куруу үчүн уруксат берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы жеке менчик ээсине жекече милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер маселелер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Жылчымышев З |