Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 23-декабры № 6
Абдуллаев Арсланбек Надирбековичтин арызы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңешинин төрагасы Жылчымышев З. билдирүү жасады.
Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык, асылдуулугу төмөн жана аларды мелиоративтик жактан жакшыртууга көп чыгымдарды талап кылуучу, кыртышы начар айыл чарба жери саналат ошондуктан, Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участогундагы, сайдын боюндагы асылдуулугу төмөн жана бал бонитети төмөн таштуу 30,0 га жер тилкесине, Кыргызмамжердолборлоо институтуна караштуу караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын жер тилкесинин категориясы көрсөтүлгөн тактамасына жана түштүк аймактык топурак агрохимиялык станциясынын корутундусуна, Ленин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү комиссиясынын сунушунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 токтому менен бекитилген асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участкасындагы Темиров Элнур ижарага алган 3 га жеринин ылдый жагынан, сайдын боюндагы асылдуулугу жана бал бонитети төмөн таштуу 30,0 га жер тилкесине Кыргызмамжердолборлоо институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын жер тилкесинин категориясы көрсөтүлгөн тактамасына жана түштүк аймактык топурак агрохимиялык станциясынын корутундусуна, Ленин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү комиссиясынын сунушунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 токтому менен бекитилген асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде Абдуллаев Арсланбек Надирбековичке өздөштүрүүгө, 7-жылдык мөөнөткө келишим түзүлсүн.
2. Жогорудагы токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участкасындагы сайдын боюндагы асылдуулугу жана бал бонитети төмөн таштуу 30,0 га жер тилкесин өздөштүрүү боюнча жумуштарды ыраты менен жүргүзүү (техникалык жана биялогиялык иштетүү) Абдуллаев Арсланбек Надирбековичке милдеттендирилсин.
3. Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участкасындагы сайдын боюндагы асылдуулугу жана бал бонитети төмөн таштуу 30,0 га жер тилкесин өздөштүрүү боюнча “Кыргызмамжердолборлоо жерге жайгаштыруу мамлекеттик долборлоо институту” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад жерге жайгаштыруу экспедициясынан долбордук-сметалык документин даярдап берүү жагы суралсын.
4. Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участкасындагы сайдын боюндагы асылдуулугу жана бал бонитети төмөн таштуу 30,0 га жер тилкесине Абдуллаев Арсланбек Надирбекович менен түзүлгөн келишимди каттоо, жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Жылчымышев З |