Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 23-декабры № 8
Октябрь сорт-сыноо участкасына инвестиция тартуу жөнүндө
Күн тартибинде маселе боюнча, Сузак райондук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешине инвестиция тартууга 2 434 800 (эки миллион төрт жүз отуз төрт миң сегиз жүз) сомдук жумушчу топ тарабынан жазылган долбоору сунушталып, Октябрь сорт-сыноо мамлекеттик участкасынын 53 (элүү үч) га жер учуастогун тосмолоого жана мурдатан иштетилбей калган артезин скважинасын чыгарууга макулдук берүү жана өздүк салымды жергиликтүү бюджеттен жана Октябрь сорт-сыноо мамлекеттик участкасынын эсебинен каржылоого макулдук берүү маалыматтарын угуп, талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак райондук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешине инвестиция тартууга 2434 800 (эки миллион төрт жүз отуз төрт миң сегиз жүз) сомго жумушчу тобу тарабынан жазылган долбоор сунушталсын.
2. Октябрь сорт-сыноо мамлекеттик участкасынын 53 (элүү үч) га жер учуастогун темир сетка менен тосмолоого макулдук берилсин.
3. Союз учурунда курулуп штетилбей калган артезин скважинасын оңдоп ремонттоп, электр энергиясы менен камсыздап, электртрансформаторун орнотуп жабдуу менен сугат суу чыгарып иштетүүгө макулдук берилсин.
5. Долбоорго каржылануучу өздүк саалым 340 000 (үч жүз кырк миң) сомдук салымдын, 170 000 (бир жүз жетимиш миң) сомун Ленин айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттен жана Октябрь сорт-сыноо мамлекеттик участкасынын бухгалтердик эсебинен 170 000 (бир жүз жетимишмиң) сомун каржылоого макулдук берилсин.
Ленин айылдык Кенешинин төрагасы: | Ш. Жылчымышев З |