Загрузка документа…
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-февралы № 73 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу, алардын Кыргыз Республикасынынаймагындагы аткаруу бийлик органдары жана ишкер өнөктөр менен өзара ма-милелерин түзүүгө жана координациялоого көмөктөшүү, инвестициячөйрөсүндөгү финансылык жана башка уюмдар менен кызматташтыкты те-рењдетүү максатында токтом кылам: 1. Коомдук башталыштарда Кыргыз Республикасынын Президентинин ин-вестициялык кызматташтык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүнкызматы киргизилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялык кызматташтыкмаселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө тиркелген Жобо бекитил-син. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-февралындагы № 73 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялык кызматташтыкмаселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - ыйгарым укук-туу өкүл) кызматы чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу, алардын Кыргыз Рес-публикасынын аймагындагы аткаруу бийлик органдары жана ишкер өнөктөрменен өзара мамилелерин түзүүгө жана координациялоого көмөктөшүү, ин-вестиция чөйрөсүндөгү финансылык жана башка уюмдар менен кызматташтыктытерењдетүү максатында уюштурулат. 2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн статусу Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин кењешчисинин статусуна тењештирилет. 3. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-нан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. 4. Өз ишинде ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Конститу-циясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыкта-рын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук ак-тыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 5. Ыйгарым укуктуу өкүл түздөнтүз Кыргыз Республикасынын Президен-тине отчет берет жана өз ишин өзалдынча жүзөгө ашырат. II. Негизги милдеттер 6. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр са-налат: - Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынөнүктүрүүгө түрткү болуучу инвестициялык долбоорлорду алга илгери-летүүгө көмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча четөлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүү жанажүргүзүү, алар таламдаш болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рынын талаптарын эске алуу менен инвестициялык долбоорлорду даярдоогокөмөк көрсөтүү; - инвестициялык долбоорлорду натыйжалуу турмушка ашыруу үчүн ишкерөнөктөр жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары мененөзара мамилелерди түзүүгө көмөктөшүү; - инвестициялык долбоорлорду турмушка ашыруунун мониторинги боюнчакөмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестициялардытартуу боюнча сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президен-тине сунуш кылуу; - өлкөдө инвестициялык жагдайды жакшыртуу боюнча сунуштарды КыргызРеспубликасынын Президентинин кароосуна сунуш кылуу; - чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана пайдалануу жагынан мый-замдык базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин кароосуна коюу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча өлкөнүничинде, ошондой эле чет өлкөлөрдө саясий жана ишкер чөйрөлөрдүн арасын-да Кыргыз Республикасындагы инвестициялык жагдайдын маселелери боюнчамамлекеттин саясатын түшүндүрүү; - Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча эларалыкуюмдарда, сүйлөшүүлөрдө жана конференцияларда өлкөнүн таламдарын бил-дирүү. III. Негизги укуктар 7. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясы-нын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий өкүлү катары иш алыпбарууга; - республиканын мамлекеттик органдарынан жана башка уюмдарынан за-рыл маалыматты белгиленген тартипте суратууга жана алууга; - белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-нистрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппара-тынын, башка мамлекеттик органдардын маалымат банктарын пайдаланууга; - мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялыкжана коммерциялык эмес уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен кыз-маттык кат алышууну жүргүзүүгө; - мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, мамлекеттик мекемелер-дин, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен ма-кулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин жана адистерин, башка уюмдардынөкүлдөрүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелердичечүүгө катышууга тартууга. IV. Ишин камсыз кылуу 8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иши коомдук башталыштарда жүзөгө ашыры-лат. 9. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн өзүнүн энчилүү бланкы болот.