Редакцияот 28.03.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                                      Кыргыз Республикасынын Президентинин                                         2007-жылдын 28-мартындагы                                            № 109 Жарлыгы менен                                                бекитилген                  Ислам конференциясы Уюмунун өлкөлөрү               менен инвестициялык кызматташтык маселеси                     боюнча Кыргыз Республикасынын              Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө                                 ЖОБО                            I. Жалпы жоболор      1. Ислам  конференциясы  Уюмунун өлкөлөрү менен инвестициялык кыз-матташтык маселеси  боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарымукуктуу өкүлүнүн кызмат орду (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) четөл-көлүк инвесторлорду  тартуу, алардын аткаруу бийлик органдары жана Кыр-гыз Республикасынын  аймагындагы  ишкер өнөктөр менен өзара мамилелеринтүзүүгө жана координациялоого көмөк көрсөтүү, Ислам конференциясы Уюму-нун өлкөлөрүнүн,  ошондой  эле Ислам өнүктүрүү банкынын мүчөлөрүнүн ин-вестиция чөйрөсүндөгү  финансы  жана башка уюмдары менен кызматташтыктытерењдетүү максатында түзүлөт.     2. Ыйгарым  укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жар-лыгы менен кызматка дайындалат жана бошотулат.     3. Өз ишинде ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Конститу-циясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыкта-рын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук ак-тыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.     4. Ыйгарым  укуктуу  өкүл түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Прези-дентине отчет берет жана өз ишин өзалдынча жүргүзөт.                         II. Негизги милдеттери      5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр са-налат:     - Кыргыз  Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынөнүктүрүүгө көмөк  көрсөтүүчү  инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгөкөмөк көрсөтүү  жана  Ислам  конференциясы  Уюмунун  (ИКУ) өлкөлөрүнөн,ошондой эле  Ислам  өнүктүрүү  банкынын (ИӨБ) мүчөлөрүнөн тийиштүү аныкинвесторлорду издөө;     - Кыргыз  Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча четөлкө-лүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жана жүр-гүзүү, алар  кызыкчылык көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарынын талаптарын эске алуу менен инвестициялык долбоорлорду даярдоогокөмөк көрсөтүү;     - инвестициялык  долбоорлорду  натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатындаКыргыз Республикасынын ишкер өнөктөрү жана мамлекеттик бийлик органдарыменен өзара мамилени түзүүгө четөлкөлүк инвесторлорго көмөк көрсөтүү;     - инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүүгөкөмөк көрсөтүү;     - Кыргыз  Республикасынын экономикасына четөлкөлүк инвестициялардытартуу боюнча  сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президен-тине киргизүү;     - өлкөдө  инвестициялык кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштарды жанарекомендацияларды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна кирги-зүү;     - четөлкөлүк  инвестицияларды  тартуу жана пайдалануу жагында мый-замдык базаны  өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин кароосуна киргизүү;     - Кыргыз  Республикасынын  Президентинин тапшырмасы боюнча өлкөнүничинде, ошондой  эле андан сырткары жерде саясый жана ишкер чөйрөлөрдүнарасында Кыргыз  Республикасындагы  инвестициялык кырдаалдын маселелерибоюнча мамлекеттин саясатын түшүндүрүү;     - Кыргыз  Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча эларалыкуюмдарда, сүйлөшүүлөрдө  жана  конференцияларда өлкөнүн таламдарын көз-дөө;     - ИКУ  жана  ИӨБ өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташуу маселесибоюнча рекомендацияларды  иштеп чыгуу жана республиканын аткаруу бийликоргандарына сунуш кылуу;     - ыйгарым укуктуу өкүлдүн карамагына берилген маселелер боюнча иш-ти координациялоого жана Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынжана тапшырмаларынын аткарылышына контролдукту уюштурууга катышуу:     - ИКУ  жана  ИӨБ өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтык жагындамамлекеттин саясатын жүзөгө ашыруу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуужана аткаруу  бийлик  жана  жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына,чарба жүргүзүүчү субъекттерине сунуш кылуу;     - өлкөнүн  ичинде,  ошондой  эле андан сырткары жерде ИКУ жана ИӨБөлкөлөрү жана  ишкер чөйрөлөр менен инвестициялык кызматташтыкты колдоожана өнүктүрүү жагында мамлекеттик саясатты түшүндүрүү;     - ИКУ  жана ИӨБ өлкөлөрү менен жагымдуу инвестициялык климатты тү-зүүгө багытталган сунуштардын топтомун иштеп чыгуу;     - инвестициялык конференцияларды, пресс-конференцияларды жана "те-герек столдорду" өткөрүү;     - ИКУ  жана  ИӨБ өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтыктын таж-рыйбалары, инновациялар,  алга  илгерилетүү боюнча материалдарды жерги-ликтүү жана четөлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу.                           III. Негизги укуктары      6. Ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана  компетен-циясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:     - Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий өкүлү катары  чыгуу-га:     - мамлекеттик органдардан жана республиканын башка уюмдарынан  за-рыл маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;     - Кыргыз  Республикасынын Президентинин Администрациясынын, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын жана башка мамлекеттик органдар-дын маалыматтар банкынан белгиленген тартипте пайдаланууга;     - мамлекеттик  органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялыкжана коммерциялык  эмес  уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен кыз-маттык кат алышууларды жүргүзүүгө;     - мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын,  мамлекеттик мекемелер-дин, жергиликтүү  өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен ма-кулдашуу боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселе-лерди чечүүгө  катышууга  алардын  кызматкерлерин жана адистерин, башкауюмдардын өкүлдөрүн тартууга.                           IV. Ишин камсыз кылуу      7. Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.     8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн өзүнүн энчилүү бланкы болот.