Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги №155 Жарлыгы менен бекитилген Адам укуктары боюнча эларалык келишимдердин чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук докладдарын иштеп чыгуу маселелери боюнча Комиссия жөнүндө ЖОБО 1. Адам укугу боюнча эларалык келишимдердин чегинде КыргызРеспубликасынын улуттук докладдарын иштеп чыгуу маселелери боюнчаКомиссия (мындан ары - Комиссия) адам укугу жаатында эларалыккелишимдерде каралган Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринаткарууга жардам көрсөтүүчү кењешүүчү жана консультация берүүчү органболуп саналат. Комиссиянын ишин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигикоординациялайт. 2. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жарлыктары менен буйруктарына, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына жана ушул Жобого таянат. 3. Комиссиянын негизги милдеттери: Кыргыз Республикасы адам укуктары жаатында эларалык келишимдердинжоболорун аткаргандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттукдокладдарын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнбекитүүсүнө берүү; - Комиссиянын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча иштинмеханизмин өркүндөтүүгө көмөктөшүү болуп эсептелет. 4. Комиссия өзүнө тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн: - адамдын жана жарандын укуктарынын корголушун камсыздоомаселелери боюнча ООНго, ОБСЕге жана башка эларалык уюмдарга КыргызРеспубликасынын отчетторун даярдоого жана берүүгө катышат; - Комиссиянын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча иштинмеханизмин өркүндөтүү Комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуумаксатында бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүжөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине рекомендацияларды жанасунуштарды даярдайт; - өзүнүн жыйындарында адамдын жана жарандын укуктары жанаэркиндиктери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары,ошондой эле бул тармакта адистешкен эларалык жана коммерциялык змесуюмдар берүүчү материалдарды (отчетторду, маалыматтарды, докладдарды)карайт; - адам укугу боюнча эларалык келишимдердин чегинде КыргызРеспубликасынын улуттук докладдары жактырылгандыгы жөнүндө КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат. 5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу: - өзүнүн жыйындарында адамдын жана жарандын укуктарын жанаэркиндиктерин камсыздоого жана коргоого байланыштуу маселелер боюнчатийиштүү кызмат адамдарынын докладдарын жана отчетторун угууга жана албоюнча баа берүүгө; - зарыл учурда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктеринкамсыздоо жана коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынынмамлекеттик органдары берген материалдарды (отчетторду, докладдарды,маалыматтарды) тактоо жана тууралоо максатында кызмат адамдарынчакырууга; - адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоожана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар бергенматериалдарды (отчетторду, докладдарды, маалыматтарды) Комиссиянынталаптарын жана сынпикирлерин эске алуу менен толуктап иштеп чыгууүчүн кайра кайтарууга; 6. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынанбекитилет. Комиссиянын төрагасын Кыргыз Республикасынын Президенти Комиссиямүчөлөрүнүн ичинен дайындайт. Комиссиянын төрагасы Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен дайындалуучуКомиссиянын төрагасынын орунбасары милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жанаКомиссиянын төрагасынын тапшырмаларына жараша функцияларды аткарат,анын ичинде Комиссиянын төрагасы жокто кол коюуга укуктуу. Комиссия өзүнүн милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аткаруудабардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары,коммерциялык эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары мененбайланышта иштешет. 7. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда биржолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйындары анын мүчөлөрүнүнүчтөн экиден кем эмеси катышканда мыйзамдуу болуп эсептелет. Комиссиянын чечимдери добуштардын көпчүлүгү менен корутунду жерекомендация түрүндө кабыл алынып, андан соњ маселени чечүүкомпетенциясына кирген тийиштүү мамлекеттик бийлик органына жиберилет. Комиссиянын жыйындарын өткөрүүнүн жана анын ишин уюштуруунунтартиби Комиссиянын жыйынында кабыл алынуучу регламент мененаныкталат.