Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 15 сессиясы
2019-жылдын 29-майы № 8
“Жер фондун инвентаризациялоо” материалдарын бекитүү жөнүндө Талас облусунун Кара- Буура районунун Аманбаев айыл аймагынын “ Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу институтунун аткарылган “Жер фондусун инвентаризациялоо” материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин “Административдик- аймактык түзүлүшү жөнүндө” 18- беренесинин 4-бөлүгүн жетектөөсүнүн негизинде Аманбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара- Буура районунун Аманбаев айыл аймагынын “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу институтунун аткарылган “Жер фондусунун инвентаризациялоо” материалдары бекитилсин.
2. Аманбаев айыл өкмөтү тарабынан чечим бекитүүгө сунушталсын.
3. Токтомдун аткаруу жагынын көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |