Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 2 майы № 212 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫ ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 62 жылдыгын майрамдоо менен согушжылдарындагы кыргызстандыктардын эмгектик эрдигин татыктуу баалоо ошондой элесогуштун ардагерлерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам: 1. Бир жолку кошумча акчалай жөлөкпул бөлүнсүн: - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына -2000 сомөлчөмүндө; - 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуумезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарындаиштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга,жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдарга - 2000сом өлчөмүндө; - экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштарытүзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармалган жерлердинмурдагы жашы жетелек туткундарына - 2000 сом өлчөмүндө; Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үйбүлөлөрүнө - 500 сомөлчөмүндө; - Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жанакынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары мененсыйлангандарга - 500 сом өлчөмүндө; - Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонналарга (эмгекармиясына) мыйзамсыз зомбулук менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийинакталган жарандарга - 500 сом өлчөмүндө. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - бир жолку жөлөкпулдарды төлөп берүү үчүн зарыл акча каражаттарын издептапсын; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев