Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 8-майы № 239
Кыргыз Республикасынын “Кайрымдуулук үчүн” жана “Эмгек ардагери” медалдарынын жоболорун, сыпатталышын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын “Кайрымдуулук үчүн” жана “Эмгек ардагери” медалдарын уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Кайрымдуулук үчүн” жана “Эмгек ардагери” медалдарынын сыпаттамасы жана үлгүлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын чечимин көњүлгө алуу менен токтом кылам:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
- “Кайрымдуулук үчүн” медалы жөнүндө жобо, анын сыпаттамасы жана үлгүсү №1-3 тиркемелерге ылайык;
- “Эмгек ардагери” медалы жөнүндө жобо, анын сыпаттамасы жана үлгүсү № 4-6 тиркемелерге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган сыйлыктарды уюштурууга байланышкан уюштуруу-финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | К.Бакиев |
| № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8 майындагы № 239 Жарлыгы менен бекитилген |
“Кайрымдуулук үчүн” медалы жөнүндө
ЖОБО
1. “Кайрымдуулук үчүн” медалы менен:
- жарандарга же юридикалык жактарга мүлктөрдү, анын ичинде акча каражаттарын берген, акысыз жумуш аткарган, кызмат көрсөткөн, жарандарды социалдык жактан колдоого алган жана жардам берген, анын ичинде өз камсыз болгон жарандардын материалдык абалын жакшырткан, жумушсуздарды, майыптарды жана өзүнүн күч-кубатынын же интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүнөн, башка жагдайлардан улам өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын өз алдынча жүзөгө ашыра албаган адамдарды социалдык жактан реабилитациялаган;
- калкты бөөдө кырсыктын, экологиялык, өнөржайлык же башка алааматтарда н залалдарын жоюуга даярдоого, бөөдө кырсыктын, экологиялык, өнөржайлык же башка алааматтардан, социалдык, улуттук, диний жањжалдардан жапа чеккендерге, репрессиялардын курмандыктарына,Ткачкындарга жана аргасыз жер которгондорго жардам кылууга көмөк көрсөткөн;
- билим берүү, илим, маданият, көркөм өнөр, агартуу, инсандык руханий өнүгүү чөйрөсүндөгү иштерге көмөк көрсөткөн; тарыхий, диний,
маданий же жаратылышты коргоо жагында мааниси бар имараттарды,
объекттерди жана аймактарды жана адамдардын сөөгү коюлган жерлерди
кайтарууга жана талаптагыдай күтүүгө ыктыярдуу жана акысыз (бекер же
женилдетилген шарттарда) көмөк көрөсткөн жарандар жана юридикалык
жактар сыйланат.
2. “Кайрымдуулук учун” медалы менен Кыргыз Республикасынын
Президенти Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгынын Күнүнө карата
сыйлайт.
3. Медалга көрсөтүү тартиби “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына
ылайык жүргүзүлөт.
4. “Кайрымдуулук учун” медалы көкүрөктүн сол тарабына тагылат жана
сыйланган адамдарда СССРдин жана Кыргыз Республикасынын орден жана
медалдары бар болсо “Дањк” медалынан кийин жайгашат.
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2007-жылдын
8-майындагы № 239
Жарлыгы менен бекитилген
“Кайрымдуулук үчүн” медалынын
СЫПАТТАМАСЫ
“Кайрымдуулук үчүн” медалы алтын жалатылган томпактан жасалат.
Медалдын эки тарабында чыгып турган кыры бар 32 мм диаметриндеги
тегерек айлана формасында болот.
Медалдын алдыњкы бетинде асмандын символу катарында көк түстөгү
айлана жайгашкан, анын негизги маанилик символу болуп жарык жана
жылуулук берүүчү кол саналат. Сунулган колдун дењгээлинде нур чачкан
күн жайгашкан. Күндүн айланасынын чордонунда Мекендин символу
катарында тундуктун рельефтүү сүрөтү жайгашкан.
Медалдын төмөн бөлүгүндө четтери улуттук оймо-чийме менен аяктаган
тасманын контурдук сурөтүндө “Кайрымдуулук учун” деген жазуу
жайгашкан.
Медалдын арткы бетинин чордонунда “Кайрымдуулук үчүн” деген жазуу
бар. Төмөнкү бөлүгүндө медалдын катар номери жайгашкан.
Медалдын бардык сүрөттөрү оюп жасалган.
Медаль илмектин жардамы аркасында металл илинчек менен биригет.
Илинчекте кыргыз оюу-чиймесинин эки симметриялуу элементи жайгашкан.
Илинчектин чордону кызыл түстөгү ысытылган эмалдан жасалган.
Илинчектин төмөн жагында кайтып келген оюу-чийме бар, ал ушуну
жараткан адамга жакшылык кайтып келгендигин билдирет. Медалдын бүткүл
композициясынын бийиктиги 59 мм.
Илинчектин арткы бетинде кийимге бекитүү үчүн тагуучу төөнөгүч
бар.
№4 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2007-жылдын
8 - майындагы № 239
Жарлыгы менен бекитилген
“Эмгек ардагери” медалы жөнүндө
ЖОБО
1. «Эмгек ардагери» медалы менен Кыргыз Республикасынын жарандары
көп жылдык жана акниеттүү эмгеги үчүн жана экономиканы, маданиятты,
билим берүүнү жана илимди, саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө кыйла
эмгектик салым кошкондугу үчүн сыйланат.
2. “Эмгек ардагери” медалы менен Кыргыз Республикасынын
көзкарандысыздык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти
сыйлайт.
3. Сунуш кылуу тартиби “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына
ылайык жүзөгө ашырылат.
4. “Эмгек ардагери” медалы сол төшкө тагылат жана сыйланган адамда
СССРдин жана Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдары бар
болгон учурда “Данк” медалынан кийин жайгашат.
№5 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2007-жылдын
8-майындагы №239
Жарлыгы менен бекитилген
“Эмгек ардагери” медалынын
СЫПАТТАМАСЫ
“Эмгек ардагери” медалы алтынга жалатылган томпактан жасалат.
Медаль эки тарабында кыры бар 32 мм диаметриндеги тегерек айлана
формасына ээ.
Медалдын оњ бетинде чордондо кызыл жана жашыл түстөгү кар баскан
зоокалар жайгашкан, эритип жалатылган эмалдан жасалган, алар эмгек
ишинин жогорку жетишкендиктерин жана туу чокусун билдирип, аларды
түбөлүктүү жашыл жалбырактар курчап турат. Медалдын төмөнкү бөлүгүндө
бутактардын бириккен жеринде: “Эмгек ардагери” деген жазуу жайгашкан.
Медалдын арткы бетинин ортосунда: “Адал эмгеги үчүн” деген жазуу
бар. Төмөнкү бөлүгүндө медалдын катар номери жайгашкан.
Медалда бардык сүрөттөр оюп жасалган.
Медаль илмекченин жана чынжырдын аркасында беш бурчтуу формадагы
металл илмекче менен биригет, ал жашыл түстөгү таар тасма үчүн негиз
болуп саналат. Тасманын ортосунда улутгук оймо-чиймелүү тилке бар.
Тилкенин эки тарабынан кызыл сызык өтөт. Тасманын туурасы 22мм,
тилкенин туурасы 0,3мм. Медалдын бүткүл композициясынын жалпы
бийиктиги 81мм ны тузөт.
Илинчектин арты бетинде медалды кийимге бекитүү үчүн төөнөгүч бар.
Президент | А. Атамбаев
|