Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 8-майы, ПЖ №240 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүі өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндј» Кыргыз Республнкасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу тууралу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жер-гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалы-маттарга ээ болуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын жарандарына маалыматты ачык, толук жана јз убагында берүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүу өзалдынча башкаруу органдарынын ишинде маалыматтык толук ачыктыкка, маалымдуулукка жана тунуктукка жетишүү максатында токтом кылам: 1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жерги-ликтүүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттикоргандар: - өзүнүн курамында калкка маалыматтарды тикелей берүү боюнча функцияларды бекитип берүү менен түзүмдүк бөлүмдү аныктасын же аталган функцияларды аткарууну түзүмдөгү башка кызматтарга же бө-лүмдөргө жүктөп жана аталган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдарды дайындасын; - телефон боюнча кыска маалыматтык аныктамаларды берүүнү, анын ичинде расмий маалыматтар фонду менен таанышуу тартибине жана иш-төө режимине тиешелүү аныктамаларды берүүнү уюштурсун; - жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен маалымат алуунун аталган Мыйзам менен берилген мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүр-гүзсүн; - аталган Мыйзамдын талаптарынын аткарылышынын натыйжалары жјнүндө докладды жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарыпа жарыя-ласын. 2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда камтылган иш-чараларды финан-сылоо каралган каражаттардын чегинде жүргізүлсун. 3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жер-гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалы-маттарга ээ болуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынжоболорун сактоо жана аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик мам-лекеттик органдардым жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-дарынын жетекчилерине жүктјлсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү јзүнүн ченемдик укук акты-ларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 6. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев