Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1997-жылдын 15-апрели ПУ № 105
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карыздык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгарууну тартипке салуу жөнүндө
Финансы рыногунда граждандардын таламдарын укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарып жаткан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук Комиссия менен бирдикте 1997-жылдын 15-июнуна чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карыздык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгарууну тартипке салуучу, тартылган акча каражаттарын пайдалануу, карыздардан кутулуу механизмин жөнгө салуучу жана инвесторлордун алдында эмитенттердин жоопкерчилигин белгилөөчү мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
2. Баалуу кагаздардын рыногунун профессионал катышуучуларынын арасында атаандашууну өркүндөтүүгө көмөк болуучу шарт түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 30-октябрындагы "Кыргыз инвестициялык-финансы корпорациясын түзүү жөнүндөгү" Указынын Кыргыз инвестициялык-финансы корпорациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу уюму (агенти) катары чыгуу укугун берген бөлүгүндөгү 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
4. Бул Указ жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Акаев |