Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 8-июну ПЖ № 298 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Указына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелерине жана уюмдарына"улуттук" деген статусту берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында токтомкылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги№ 84 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына"улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндөгү"
Указына төмөнкүдөйтолуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: -
Указдын 3-пунктундагы "социалдык" деген сөздөн мурда "экономика-лык жана" деген сөздөр кошулсун; - жогоруда аталган Указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынынмамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүнтартиби жөнүндөгү
Жободо: 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына"улуттук" деген статус берүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппараты менен милдеттүү түрдө макулдашылгандан кийин минист-рликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор тарабы-нан киргизилет. Комиссиянын кароосуна киргизилген ар бир өтүнүчкө масе-ленин мањызы, негиздеме жана зарыл финансылык эсептер баяндалган маа-лымкат тиркелүүгө тийиш. Документтер мамлекеттик жана расмий тилдердеберилет."; 4-пункттун төртүнчү абзацындагы "социалдык" деген сөздөн мурдаэкономикалык жана" деген сөздөр кошулсун. 2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев