Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-июну № 316 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндөгү" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүноптималдаштыруу жана башкаруу системасын өркүндөтүү максатында токтомкылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы№ 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-даштыруу жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: - жогоруда аталган Жарлыктын "Мамлекеттик башкаруу органдарынынмамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү" деген № 5 тиркеменинэскертүүсүндө: 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча Борбордук комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республи-касынын Социалдык фонду" деген сөздөр кошулсун; 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" дегенсөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соо-да министрлиги" деген сөздөр кошулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-йык келтирсин. 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев