Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1997-жылдын 12-майы ПУ № 127
Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну мамлекеттик колдоонун Программасы жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун Негизги багыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан 1997-1998-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана анын органдарын мамлекеттик колдоонун Программасын жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын, райондорунун, областтарынын деңгээлиндеги жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун Негизги багыттарын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Тиркелген Программа жана Негизги багыттар бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана материалдык-финансылык базасын өнүктүрүү мамлекеттик аткаруу бийлигинин бардык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациясынын негизги милдети деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык министрликтердин, ведомстволордун, областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын күч-аракеттерин Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана анын органдарын мамлекеттик колдоо Программасын жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын, райондорунун, областтарынын деңгээлиндеги жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун Негизги багыттарын аткарууга топтосун.
4. Министрликтер, ведомстволор, областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын башчылары, областтык, райондук жана шаардык кеңештердин төрагалары, Бишкек шаарынын мэри:
- Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну мамлекеттик колдоонун Программасын жана реформалоонун Негизги багыттарын аткарууну камсыз кылсын;
- Программаны жана Негизги багыттарды ишке ашыруу жана анын аткарылышын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
- Программа менен Негизги багыттарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана агрардык саясат бөлүмүнө жарым жылда бир жолу отчет берип турсун.
5. Ушул Указды аткарууга контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана агрардык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |