Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 25-июну ПЖ № 320 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук жагында мамлекеттик баш-карууну оптималдаштыруу максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттиккызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өз-гөртүү жана толуктоо киргизилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынсаясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүгүнүн II то-бунда "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-си" деген абзацтан кийин "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешининкатчысы" деген мазмундагы жањы абзац кошулсун; - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынсаясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүгүнүн III то-бундагы "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин катчысы" деген аб-зац алып салынсын. 2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев