Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 18-июну ПЖ № 314 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Саясий жана башка атайын мамле-кеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакынтуугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалымат-тарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык, мамлекеттик кызмат орундарын Кыргыз Республикасынынколдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттиккызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилгенКыргыз Республикасынын администрациялык кызмат орундарынын Реестринетөмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: - "Борбордук органдар" деген V бөлүктөгү "Кыргыз РеспубликасынынЭсептөө палатасы жана анын аймактык инспекциялары" деген 2-главатөмөнкү редакцияда баяндалсын: "2-глава Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын аймактык инспекциялары Жогорку кызмат орду В1 Аппараттын жетекчиси В2 Аймактык бөлүмдүн жетекчиси В3 Аймактык бөлүмдүн жетекчисинин орунбасары Башкарманын начальниги Башкы кызмат орду Г1 Башкарманын начальнигинин орунбасары - бөлүмдүн начальниги Бөлүмбашчы Г2 Бөлүм башчынын орунбасары Адис-эксперт Басмасөз-катчы Улук кызмат орду С1 Башкы адис"; - "Мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын кењешчи-лери, жардамчылары жана консультанттары" деген IX бөлүктө: "Башкы кызмат орду" деген Г1 тобу төмөнкү мазмундагы алтынчы абзацменен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын кењешчи-си"; Г3 тобундагы "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы-нын кењешчиси" деген сөздөр алып салынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-йык келтирсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев