Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2001-жылдын 22-июну № 55
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, N 10, 442-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
"Тергөөнүн караштуулугу" деген 163-статьянын алтынчы бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"(6) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйынга чакырылган аскерге милдеттүүлөр жасаган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт."
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2001-жылдын 31-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |