Загрузка документа…
УТРАТИЛ СИЛУ в соответствии с Указом Президента КР от 22 мая 2017 года УП № 95
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 2-июлу ПЖ № 330
Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негизденип, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кењештин ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик контролдоочу органдардын негизсиз жана ашкере кийлигишүүсүн жоюу боюнча сунуштарды эске алып, мамлекеттик контролдоочу органдар жүзөгө ашырып жаткан текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун натыйжалуу аткаруу боюнча чаралардын комплексин бизнес-ассоциациялардын катышуусу менен иштеп чыксын жана кабыл алсын, мында төмөнкүлөрдү карасын:
- ишкерлик субъекттерин текшерүүнү жүргүзүү жагынан функциялык талдоону жүргүзүүнүн негизинде контролдоочу органдардын бири-бирин кайталаган функцияларын аныктоону жана жоюуну;
- азыркы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ачыктыгын күчөтүүнү;
- текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча бардык ведомстволук ченемдик актыларды жана жоболорду колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүүнү;
- салыктарды төлөбөй коюунун жана мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуу ченемдерин бузуулардын тобокелдигине баа берүү механизмдерин киргизүүнүн негизинде ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын чектөөнү;
- мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүнү жүргүзүшүн макулдашуу механизмдерин, негиздерин жана убактысын киргизүү, ошондой эле ишкердик субъекттерин текшерүүнү жүргүзүүнүн мониторингин жүзөгө ашырууну;
- "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жалпыга маалымдоо каражаттарында кењири чагылдыруу жана түшүндүрүү боюнча бизнес-ассоциациялар менен биргелешкен чараларды көрүүнү.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин катышуусу менен жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу боюнча чаралардын алкагында:
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары кабыл алган, чарба жүргүзүүчү субъекттерди текшерүүнү жүргүзүү тартибин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылар "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келишине көзөмөлдү камсыз кылып, күнөөлүү адамдарды белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартууга чейинки катуу чараларды көрсүн;
- көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчетторду берсин, андан соњ аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | К.Бакиев |