Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 5-июну ПЖ №284
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айылдык кењешинин,
Чүй районунун Бурана айылдык кењешинин жергиликтүү
өзалдынча башкаруусунун башчыларын
шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айылдык кењешинин, Чүй райо-
нунун Бурана айылдык кењешинин жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун баш-
чыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын
6-пунктун жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин
88-статьясынын 2-пунктун жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айылдык кењешинин, Чүй
районунун Бурана айылдык кењешинин жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун
башчыларын шайлоо жекшембиге, 2007-жылдын 5-августуна дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларын шайлоону даярдоо
жана өткөрүү үчүн финансылык каражаттарды белгиленген тартипте бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз
кылсын.
4. Чүй облусунун Панфилов, Чүй райондорунун мамлекеттик админист-
рацияларынын башчылары - акимдери жана тиешелүү айылдык кењештердин
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоо жана өткөрүү
учурунда шайлоо комиссияларын шайлоочулардын сапаттуу тизмелери менен
камсыз кылсын жана аларга уюштуруу жана материалдык-техникалык маселе-
лерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына-контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев