Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-сентябрындагы № 403 жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 12-июну ПЖ № 306 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 1-февралындагы "Кыргыз Республикасынын илим жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлерин материалдык жактан колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Илим жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлери үчүн Кыргыз Республика-сынын Президентинин стипендиялары боюнча Комиссиянын ишин андан арыөркүндөтүү максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 1-февралындагы№ 31 "Кыргыз Республикасынын илим жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерле-рин материалдык жактан колдоо боюнча чаралар жөнүндө"
Указынатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пункттун экинчи абзацындагы "500" деген сан "1000" деген санменен алмаштырылсын; - жогоруда аталган Указ менен бекитилген илим жана маданияттынкөрүнүктүү ишмерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипен-диялары боюнча Комиссия жөнүндө Жободо: 3-пункттун биринчи абзацында ", төрагадан жана он төрт мүчөдөн ту-рат" деген сөздөр алып салынсын; - илим жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлери үчүн Кыргыз Республи-касынын Президентинин стипендиялары боюнча Комиссиянын курамы төмөнкүредакцияда баяндалсын: "Илим жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиялары боюнча Комиссиянын КУРАМЫ Мадумаров Адахан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчы- Кимсанбаевич сы, Комиссиянын төрагасы; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-ми- нистри, Комиссиянын төрагасынын орунбаса- ры; Дикамбаев Азамат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми- Шамильевич нистрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; Кайыпов Марат - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Таштанович Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын маданият жана маа- лымат министри; Намазбеков Мамбетакун - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо Намазбекович министрлигинин Улуттук госпиталынын кан-тамырлар хирургиясы борборунун жетек- чиси; Плоских Владимир - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Михайлович университетинин кафедра башчысы; Юсупова Майрам - Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм Ажибековна сүрөт музейинин директору; Шыгаев Юристанбек - Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана Абдиевич архитектура университетинин "Станоктук жа- на монументалдык живопись" кафедрасынын башчысы, профессор". 2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев