Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-июлу № 350
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кењештеринин
депутаттарын жана жергиликтүү өзалдынча башкарууларынын
башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кээ бир жергиликтүү кењештердин депутаттарынын жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруулардын башчыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяк-
тагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
1-статьясынын 6-пунктун, 46-статьясынын 6-пунктунун 4-пунктчасын жана
Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө Кодекстин 7, 80 жана 88-стать-
яларын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Беш-
кент, Маргун айылдык кењештеринин, Ысыккөл облусунун Каракол шаардык
кењешинин, Жалалабат облусунун Майлуусуу шаарынын Сарыбээ поселкалык
кењешинин, Тогузторо районундагы Көкирим, Атай айылдык кењештеринин,
Нарын облусунун Акталаа районундагы Баетов, Терек, Көнөрчөк, Жергетал
айылдык кењештеринин, Жумгал районундагы Куйручук, Чоњдөбө, Түгөлсай,
Таштөбө, Чаек, Кызылжылдыз айылдык кењештеринин, Ош шаардык кењешинин,
Чүй облусунун Токмок шаардык кењешинин депутаттарын шайлоо жекшембиге,
2007-жылдын 7-октябрына дайындалсын.
2. Баткен облусунун Лейлек районундагы Аксуу өзалдынча башкаруусу-
нун, Жалалабат облусунун Тогузторо районундагы Тогузторо жергиликтүү
өзалдынча башкаруусунун, Чаткал районундагы Канышкыя жергиликтүү өзал-
дынча башкаруусунун, Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызылжылдыз,
Түгөлсай, Чаек жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун, Кочкор районундагы
Сарыбулак жергиликтүү өзалдынча башкарууларынын, Нарын районундагы Ор-
ток жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун, Ош облусунун Алай районундагы
Алай жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо жекшембиге,
2007-жылдын 7-октябрына дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү
уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- тийиштүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын шайлоону да-
ярдоо жана өткөрүү үчүн финансылык каражаттарды белгиленген тартипте
бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз
кылсын.
5. Мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча баш-
каруу органдарынын башчылары шайлоо комиссияларын шайлоочулардын сапат-
туу тизмеси менен камсыз кылсын жана шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө
уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө аларга көмөк
көрсөтсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев