Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялыкөкүлчүлүгү (мындан ары - Элчилик) Кыргыз Республикасын келген мамлекет-те көрсөткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы байланыш органыболуп эсептелет. Келген мамлекет болуп анын аймагында Элчилик аккредиттелген четмамлекет эсептелет. Тийиштүү чет мамлекеттеги Элчилик кош тараптуу эл аралык келишим-дердин же башка макулдаштыктардын негизинде Кыргыз Республикасынын Тыш-кы иштер министрлигинин (мындан ары-ТИМ) Кыргыз Республикасынын кызык-дар министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ве-домстволору менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Жарлыгы менен түзүлөт. Элчилик Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынынсистемасына кирет. 2. Элчилик өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы-на, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамына жана башка мыйзамдарга, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлиги жөнүндө Жобого, ушул Жобого, ТИМдин ченемдик укуктукактыларына, эрежелерине жана көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле Дипломатиялыкмамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясынын жана башка колдонуу-га жарамдуу болгон эл аралык ченемдерге ылайык жүргүзөт. 3. Элчиликтин имаратынын үстүндө же анын аймагында Кыргыз Респуб-ликасынын Мамлекеттик желеги көтөрүлөт, Кыргыз Республикасынын Мамле-кеттик гербинин сүрөтү тартылган жана кыргыз тили менен келген мамле-кеттин мамлекеттик тилинде жазылган "Кыргыз Республикасынын (чет мамле-кеттин аталышы) Элчилиги" деген жазмасы бар калкан орнотулат КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик символикасы келген мамлекеттин протоколдукпрактикасын эске алуу менен пайдаланылат. 4. Элчилик, анын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кел-ген мамлекетте эл аралык укуктун ченемдеринде, Дипломатиялык мамилелержөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясында жана келген мамлекеттин мый-замдарында каралган артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышат. Элчиликтин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мам-лекеттин мыйзамдарын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын урматтоогомилдеттүү. 5. Кызматтык милдеттери боюнча Элчиликтин персоналы дипломатиялык,административдик-техникалык жана тейлөөчү кызматкерлер болуп бөлүнөт. Ушул Жобонун алкагында Элчиликке жумушка алуу тартибине ылайыкперсонал кызматкерлерге (тышкы иштер министри тарабынан дипломатиялыкжана административдик-техникалык кызматтарга алынган жана ротациялооиретинде жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандары) жана жумушчуларга(келген мамлекеттеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи тарабынан техни-калык кызматтарга же тейлөөчү персонал катары жалданган Кыргыз Респуб-ликасынын жарандары же чет элдик жарандар) бөлүнөт. II. Элчиликтин негизги милдеттери жана функциялары 6. Элчиликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр: - келген мамлекет менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынынбирдиктүү тышкы саясий багытын жүргүзүү жана бул максатта аныкталгантартипте келген мамлекетте жайгашкан Кыргыз Республикасынын башкаөкүлчүлүктөрү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкарууоргандарынын, башка уюмдарынын өкүлчүлүктөрү (мындан ары-башкаөкүлчүлүктөр), алардын делегациялары жана Кыргыз Республикасынан келгенадистердин топтору жүргүзгөн иш-аракеттерди координациялоо жана алардыништерин контролдоо; - эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, ай-мактык бүтүндүгүн жана башка кызыкчылыктарын коргоону дипломатиялык ка-ражаттар менен камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатынжүргүзүүгө көмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттеги жарандарынын жанаюридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо; - келген мамлекеттин эл аралык абалы, ал мамлекеттин тышкы жанаички саясаты, келген мамлекетте жайгашкан эл аралык уюмдардын иш-мердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү, анализдөө жана сис-темалаштыруу; - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынындипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына жанаКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башкамилдеттерди аткаруу. 7. Элчилик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функциялардыаткарат: - Кыргыз Республикасын келген мамлекетте, ал эми тиешелүү укуктарберилген учурда бул мамлекетте иштеп жаткан эл аралык уюмдарда дагыкөрсөтүү; - Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо, ошондойэле келген мамлекетте бул мамлекеттин мыйзамдарын эске алып жана эларалык укуктун чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юри-дикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердижүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн, ТИМдин тапшырмаларын, ошондой эле ТИМ менен макулдашылганбашка мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тапшырмаларын, Кыр-гыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, мамле-кеттик мекемелеринин жана ишканаларынын суроо-талаптарын аткаруу Мамле-кеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тапшырмалары, Кыргыз Республи-касынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекеме-леринин жана ишканаларынын суроо-талаптары Элчиликке ТИМ аркылуу же аныменен макулдашуу боюнча жөнөтүлөт; - келген мамлекеттин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары,ошондой эле келген мамлекетте жайгашкан эл аралык уюмдар мененсүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды Кыргыз Республикасынын Президенти-нин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ТИМдин тапшырмаларына жанакөрсөтмөлөрүнө ылайык өткөрүү; - келген мамлекет жөнүндө маалыматтарды чогултуу, Кыргыз Республи-касы менен келген мамлекеттин ортосундагы мамилелерди, ал мамлекеттинтышкы жана ички саясатын, эл аралык мамилелер системасындагы абалынанализдөө, ошондой эле келген мамлекет жайгашкан региондогу башка мам-лекеттердин, эл аралык уюмдардын, бирикмелердин жана союздардын иш-мердүүлүгүн изилдөө; - Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министрин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн, ТИМди, Кыргыз Рес-публикасынын аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарын келгенмамлекеттин тышкы жана ички саясий маселелери боюнча аныкталган тартип-те маалымдоо жана Кыргыз Республикасынын келген мамлекет жана тиешелүүэл аралык уюмдар менен болгон мамилелерин өнүктүрүү боюнча сунуштардыбелгиленген тартипте киргизүү; - Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ортосундагы достукмамилелерди колдоо жана өз ара кызыкчылык туудурган саясий, соода-эко-номикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жанабашка тармактарда алардын ортосундагы, ошондой эле тийиштүү эл аралыкуюмдар менен кызматташтыктын өнүгүүсүн дипломатиялык каражаттар мененкамсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жана зарылболгон учурда, Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмелерине жана ишкерчөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө келген мамлекеттин мамлекеттик органдары, коом-дук бирикмелери жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүүгөкөмөк көрсөтүү, - Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ортосунда түзүлүүчүэл аралык келишимдердин долбоорлорун, эл аралык келишимдерди түзүү, ат-каруу, алардын колдонулушун токтотуу жана убактылуу токтотуу жөнүндөсунуштарды даярдоого катышуу; - Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин жана эл аралык уюм-дардын ортосунда түзүлгөн кош тараптуу келишимдердин аткарылышын, ошон-дой эле көп тараптуу келишимдердин Кыргыз Республикасынын келген мамле-кет менен болгон карым-катнаштарына байланышкан бөлүктөрүндө иштешинконтролдоо; - ТИМге келген мамлекеттин эњ маанилүү ченемдик укуктук актыларыжөнүндө маалыматтарды жиберүү; - эњ жогорку жана жогорку дењгээлдердеги мамлекеттер аралык алма-шууларды, Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын келген мамле-кетке болгон ишсапарларын, ошондой эле келген мамлекеттин расмий деле-гацияларынын Кыргыз Республикасына болгон ишсапарларын даярдоого жанаишке ашырууга катышуу; - келген мамлекеттин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары,тышкы саясий, тышкы экономикалык жана башка ведомстволору, алардын кыз-мат адамдары, коомдук бирикмелер, ишкер, илимий жана маданийчөйрөлөрдүн өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттары, келген мамлекетте-ги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен байланышып туруу; - Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттеги консулдук мекемелери-нин иш-аракеттеринин үстүнөн жалпы жетекчилик жүргүзүү, аларга методи-калык көмөк көрсөтүү, ал эми келген мамлекетте консулдук мекемелер жокболгон учурда консулдук функцияларды аткаруу; - келген мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытына,анын ички саясатына, социалдык-экономикалык, маданий жана руханий тур-мушуна байланышкан маселелер боюнча расмий маалыматтарды таратуу жанакелген мамлекетте Кыргыз Республикасына, анын эл аралык аренадагы де-милгелерине карата позитивдүү көз караштын калыптануусуна бардык жактанкөмөктөшүү; - келген мамлекетте Кыргыз Республикасына таандык болгон мүлккөкарата анын менчик укугун коргоо, анын сактыгын жана сарамжалдуу пайда-ланылышын камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын келген мамле-кеттеги башка мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо; - келген мамлекетте жашап жаткан мекендештер жана улуттук борбор-лор менен байланыштарды жана карым-катнаштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгөкөмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык макулдаштыктарынын не-гизинде келген мамлекетте үчүнчү мамлекеттердин жана алардын жарандары-нын кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, келген мам-лекеттин мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык башкафункцияларды аткаруу. III. Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчини дайындоо, чакырып алуу жана/же ээлеген кызматынан бошотуу тартиби 8. Элчиликти Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктууЭлчиси (мындан ары-Элчи) жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын келгенмамлекетте аккредиттелген башкы расмий өкүлү болуп эсептелет. Аккре-диттөөчү бардык мамлекеттер тарабынан каршылык жок болгон учурда Элчибир нече чет мамлекеттерде аккредиттелиши мүмкүн. 9. Элчи кызматына Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрининсунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин эл аралык масе-лелер боюнча тиешелүү комитети менен болгон кењешүүлөрдөн кийин КыргызРеспубликасынын Президенти тарабынан дайындалат. 10. Элчи болуп тиешелүү дипломатиялык жана коомдук-саясий тажрый-басы бар, эреже катары, чет тилдеринин биринде сүйлөй алган, өзүнүн же-ке сапаттары, профессионалдык билими жана ден соолугунун абалы боюнчаага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон Кыргыз Республика-сынын жараны дайындалат. 11. Элчинин ордуна коюлган талапкер Кыргыз Республикасынын Прези-дентине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан талапкер-дин өмүр баяны тууралуу маалыматтарды, ошондой эле 10-пунктта белгилен-ген анын профессионалдык сапаттарын далилдөөчү тийиштүү документтердитиркөө менен жазуу жүзүндө көрсөтүлөт. 12. Элчинин ордуна коюлган талапкерди Кыргыз Республикасынын Пре-зиденти жактыргандан кийин анын Администрациясы бул тууралуу ТИМге маа-лымдайт, ТИМ Элчинин ордуна талапкерге көрсөтмөнү кењешмелерди өткөрүүүчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин эл аралык маселелер боюн-ча тиешелүү комитетине жөнөтөт. Аккредиттөөчү мамлекеттен жооп алынганга чейин Элчинин ордуна ко-юлган талапкерге байланышкан маалыматтар жашыруун болуп эсептелет. 13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин эл аралык маселелербоюнча тиешелүү комитети менен тийиштүү кењешмелер өткөрүлгөндөн кийинТИМ Элчи аккредиттеле турган чет мамлекеттин тиешелүү Тышкы иштер ми-нистрлигине агреман (макулдук) берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт. 14. Аккредиттөөчү мамлекеттен оњ жооп алынгандан кийин Элчини да-йындоо тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгытүрүндө кабыл алынат. 15. Элчи дайындалган мамлекетке кеткенге чейин ТИМ ага аккре-диттөөчү мамлекеттин башчысына тапшыруу үчүн ишеним грамотасын, ошондойэле мурунку Элчини чакырып алуу грамотасын даярдайт, мындай грамоталар-га Кыргыз Республикасынын Президенти кол коет жана алар Кыргыз Респуб-ликасынын тышкы иштер министринин колу менен бекитилет. 16. Элчини чакырып алуу жана/же ээлеген кызматынан бошотуу КыргызРеспубликасынын тышкы иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республи-касынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт, бул учурда ал чет өлкөгө кет-кенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес орунга дайындалуумүмкүнчүлүгүн сактайт. IV. Элчиликтин кызматкерлерин жана жумушчуларын дайындоо, чакырып алуу жана ээлеген кызматынан бошотуу тартиби 17. Элчиликтин дипломатиялык кызматкерлерин жана административ-дик-техникалык персоналынын мүчөлөрүн Элчиликтин штатына дайындоо,ошондой эле ротациялоо ушул Жобого ылайык жана ТИМдин ченемдик укуктукактылары тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт. Элчиликтин дипломатиялык кызматкерлери жана административдик-тех-никалык персоналынын мүчөлөрү өз кызмат орундарына Элчиликтин КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган штаттык санынын чегиндетышкы иштер министринин буйругу менен Кыргыз Республикасынын дипломати-ялык кызматынын кызматкерлеринин ичинен дайындалат. 18. Элчиликке ТИМдин борбордук аппаратында же Кыргыз Республикасы-нын аймагындагы анын өкүлчүлүктөрүндө (мындан ары - ТИМдин борбордукаппараты) иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери, ошондой эледипломатиялык рангы бар жана ТИМдин кадрлар резервинде турган мамлекет-тик кызматкерлер дайындалат. Элчиликке биринчи ирет дайындалганга чейин кызматкер ТИМдин бор-бордук аппаратында эки жылдан кем эмес иштөөгө тийиш. ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кем иштеген ТИМдин борбор-дук аппаратынын кызматкери ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кемэмес иштеген ТИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин арасындаылайыктуу кандидатура жок болгон учурда гана Элчиликке дайындалышы ык-тымал Элчиликке тиешелүү дипломатиялык тажрыйбасы бар, чет тилдердинбирин билген, өзүнүн профессионалдуу тажрыйбасы, даярдыгы жана адисти-ги, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча ага жүктөлгөн функциялардыаткарууга жөндөмдүү болгон ТИМдин борбордук аппаратынын кызматкери да-йындалат. 19. Элчиликтин жана ТИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринжана административдик-техникалык персоналынын мүчөлөрүн ротациялоопландык тартипте жүргүзүлөт Ротациялоонун планга ченемдүү болушун камсыз кылуу максатында дип-ломатиялык кызматтын кызматкерлеринин төмөнкүдөй иштөө мөөнөттөрү анык-талат: - чет өлкөлөргө болгон ишсапарлардын ортосундагы мезгилде ТИМдинборбордук аппаратынын бөлүмдөрүндө-эки жылдан кем эмес; - Элчиликте-үч жылга чейин (бул мөөнөт Кыргыз Республикасынын тыш-кы иштер министринин чечими боюнча жана кызматкердин макулдугу мененкызматтык зарылдыкка байланыштуу бир жылдан ашпаган убакытка узартылышымүмкүн). Административдик-техникалык персоналдын мүчөлөрү үчүн Элчиликтеиштөө мөөнөтү эки жылга чейин белгиленет, бул мөөнөт Кыргыз Республика-сынын тышкы иштер министринин чечими боюнча узартылышы мүмкүн. 20. Дипломатиялык кызматка башка мекемелерден жана уюмдардан алын-ган Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликке жөнөп кетүүдөн мурдаТИМдин борбордук аппаратында эреже катары эки жылдан кем эмес убакытиштөөгө тийиш. 21. Элчиликтин кызматкерин чакырып алуу 19-пунктта каралган мөөнөтаяктагандыгына байланыштуу жүргүзүлөт. Элчиликте иштегенден кийин Кыргыз Республикасына кайтып келгендипломатиялык кызматтын кызматкери кайтып келген күндөн кийинки үч ай-дын ичинде кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес орунга да-йындалат. 22. Элчиликтин кызматкерлерин мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу төмөн-кү учурларда ишке ашырылышы мүмкүн: - кызматтык зарылчылык болгон учурда, ротациянын алкагында пландыкнегизде, бирок Элчиликтеги эки жылдык иш мөөнөтү аяктагандан кийин; - келген мамлекетте өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда, кызматкерперсона "нон грата" деп жарыяланса, же болбосо, келген мамлекеттин ком-петенттүү бийликтери мындай адамдын келген мамлекетте болуусу мүмкүнэместиги жөнүндө билдирүү берсе; - кызматкер келген мамлекеттин каада-салттарын жана мыйзамдарынурматтабаса, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал че-немдерин сактабаса; - кызматкер өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн келген мамлекеттин мыйзамдарынурматташын, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал че-немдерин сакташын камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаса; - чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган катуу ооруга чалдыкса; - Элчиликтин кызматкери өзүнүн жеке каалоосун билдирсе; - Элчиликтин чакырып алынган кызматкери ТИМдин борбордук аппараты-на кызмат ордуна дайындалат жана ошол эле убакта Элчиликтин кызматкери-нин кызматынан бошотулат. 23. Элчиликтин кызматкери ошондой эле төмөнкү учурларда ээлегенкызмат ордунан бошотулушу мүмкүн: - эмгек милдеттерин, ошондой эле ТИМ тарабынан өзүнүн чет элдикмекемелери үчүн кабыл алынган Ички эмгек тартип эрежелеринде камтылганрежимдик талаптарды одоно бузса; - иштеген жериндеги мүлктү (анын ичинде майдасын дагы) уурдаса,жоготсо, аны билип туруп талкаласа же бузуп таштаса; - жумушка алкоголдук, бањгилик же башка токсикалык мас болуу аба-лында келсе; - кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага маалым болгонмыйзам тарабынан корголуучу жашыруун сырды (мамлекеттик, кызматтык жанабашка) жарыялап таштаса; - эгерде мындан мурун колдонулган тартиптик чараларга карабастанөзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди бир нече жолу аткарбаса же тийиштүүтүрдө аткарбаса; - ага карата соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе; - ротация иретинде которулуудан баш тартса; - Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо же кош жарандуулуктартибинде башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алса; - пенсиялык жашка жетсе; Элчиликтин кызматкеринин жеке каалоосу боюнча. V. Элчиликтин иш-аракетин уюштуруу 24. Элчи Элчиликти башкарат жана анын ишин түздөн-түз жетектейт,анын кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт жанаалардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт. Элчи "Кыргыз Республикасынындипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына жанаушул Жобого ылайык Элчиликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана Эл-чилик тарабынан функциялардын жүргүзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тар-тат, ТИМдин алдында өзүнүн иш-аракеттери жана көрсөтмөлөр менен тапшыр-малардын аткарылышы жөнүндө отчет берет. 25. Келген мамлекетте Элчи жок болгон учурда анын функцияларынКыргыз Республикасынын иштеринде Убактылуу Ишенимдүү адам аткарат, алэреже катары Элчиликте саясий маселелерди алып барган, Элчиликтин дип-ломатиялык кызматкерлеринин ичинен кызматы боюнча жогору болгонмүчөлөрүнүн катарынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри тара-бынан дайындалат. Кыргыз Республикасынын иштеринде Убактылуу Ишенимдүү адам өзүнүнкызматтык милдеттерин аткарууга келген мамлекеттин Тышкы иштер минист-рлигине тиешелүү дипломатиялык нотаны тапшырган учурдан тартып киришет. 26. Элчиликтин кызматкерлеринин кызмат акыларынын өлчөмдөрү ТИМдинКыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылган көрсөтмөсүбоюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. Элчилик-тин штаттык саны ТИМдин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан белгиленет. 27. Элчиликте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларыныннегизинде бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы фондусунун чекте-ринде тышкы жана ички саясат, соода-экономикалык иштер, туризм, илимжана техника, басма сөз жана маалымат, билим берүү жана маданият, кон-сулдук иштер, ошондой эле иш-аракеттердин башка багыттары боюнчабөлүмдөр жана топтор түзүлүшү мүмкүн. 28. Элчиликтин иши ТИМдин көрсөтмөлөрүн эске алуу менен түзүлгөнкварталдык жарым жылдык же жылдык пландардын негизинде жүргүзүлөт. Элчилик саясий финансылык жана башка отчетторду ТИМ аныктаганмөөнөттөрдөн кечиктирбей берип турушу керек. 29. Белгиленген тартипте Элчиликтин курамына Кыргыз Республикасы-нын башка аткаруу бийлик органдарынын жана мамлекеттик мекемелерининөкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Аларды дайындоо, чакырып алуу шарттары жана иш-аракеттеринин ба-гыттары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү аткаруубийлик органдары жана мамлекеттик мекемелери менен бирдикте ТИМ тарабы-нан аныкталат. 30. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Эл-чиликте саясий партиялардын, профсоюздардан тышкары бардык коомдук жанадиний бирикмелердин түзүмдөрү түзүлбөшү керек. 31. Элчиликтин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана баш-каруу органдары жана башка мамлекеттик органдары менен болгон расмийкат алмашуусу ТИМ аркылуу жүргүзүлөт. Өтө шашылыш учурларда Элчиликмындай органдарга түздөн-түз кайрылышы мүмкүн, бул учурда ал сөзсүзтүрдө бул жөнүндө ТИМге билдириши керек. VI. Элчинин функционалдык милдеттери жана ыйгарым укуктары 32. Элчи Элчиликке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруумаксатында төмөнкүлөрдү камсыз кылат: - Элчиликтин кызматкерлеринин ишин жана алардын бири-бири менен өзара иштешин уюштуруу; - Элчиликтин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын келген мамлекет-теги башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери келген мамлекетте Кыргыз Рес-публикасынын кызыкчылыктарын татыктуу дењгээлде көрсөтүшүн, алардынкелген мамлекеттин мыйзамдарын, эрежелерин, ошондой эле ал мамлекеттинэлинин каада-салттары менен үрп-адаттарын урматташын камсыз кылуу мак-сатында алар менен иштерди жүргүзүү; - келген мамлекетте Элчиликке, анын кызматкерлерине жана келгенмамлекеттин аймагында болгон алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Кыргыз Респуб-ликасынын башка өкүлчүлүктөрүнө дипломатиялык курьерлерге жана алар ме-нен кошо жүргөн дипломатиялык почтага, ошондой эле эл аралык укукка жа-на келген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык артыкчылыктар менен иммуни-теттерге укуктуу болгон Кыргыз Республикасынын башка жарандарына берил-ген артыкчылыктарды жана иммунитеттерди камсыз кылуу боюнча зарыл чара-ларды көрү;, - мамлекеттик жашыруун сырды жана мыйзам менен корголуучу башкакупуя сырларды коргоону уюштуруу, дипломатиялык кат алмашуунун жашырын-дуулугун сактоону контролдоо жана Элчиликтин, анын кызматкерлеринин жа-на алардын уй-бүлө мүчөлөрүнүн тиешелүү коопсуздук дењгээлин сактоо бо-юнча чараларды көрүү, өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда КыргызРеспубликасынын келген мамлекеттеги чет элдеги мекемелеринин жана жа-рандарынын иш-аракеттерин белгиленген тартипте координациялоо жанаалардын иш-аракеттерин жетектөө; - саясий, финансылык жана башка отчетторду, ошондой эле Элчиликконсулдук функцияларды аткарган учурларда, консулдук отчетторду ТИМаныктаган мөөнөттөрдөн кечиктирбей берип туруу; - Элчиликке бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды, ошондой эле консулдуккызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, финансы-лык тартипти жана каражаттарды үнөмдөө режимин сактоо; - Элчиликтин дипломатиялык кызматкерлери өздөрүнүн профессионалдыкдењгээлин жогорулатышы, чет тилдерин үйрөнүүнү өркүндөтүшү үчүн шарт-тарды түзүү; - Элчиликтин жамаатында таза моралдык-психологиялык маанайды сак-тоо жана Элчиликтин кызматкерлеринин иши үчүн зарыл болгон техникалыкшарттарды камсыздоо, аныкталган тартипте анын иш-аракеттерине байланыш-кан маселелер боюнча сунуштарды киргизүү; - Элчиликтин кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүнмамлекет тарабынан социалдык жардам алышына бардык жактан көмөккөрсөтүү; - Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттин аймагында жайгашканбашка өкүлчүлүктөрүнүн, алардын делегацияларынын жана Кыргыз Республи-касынан келген адистердин топторунун иш-аракеттерин координациялоо жанаиштерин контролдоо. Элчи Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизиндебашка функционалдык милдеттерди дагы аткарат. 33. Элчи өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерди аткаруу макса-тында төмөнкүлөргө укуктуу: - сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жана "Кыргыз Республикасынын эл аралыккелишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык КыргызРеспубликасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ТИМдинтапшырмасы боюнча өзүнө берилген ыйгарым укуктардын негизинде КыргызРеспубликасы менен келген мамлекеттин ортосундагы эл аралык келишимдер-ге кол коюуга, ошондой эле эл аралык конференцияларга жана жолугушуу-ларга катышууга; - аныкталган тартипте келген мамлекет менен болгон кош тараптуукарым-катнаштарга жана Элчиликтин иш-аракеттерине байланышкан маселелербоюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн жана ТИМдин кароосуна коюуга; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органда-рынан, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары-нан, ошондой эле алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана кайсы ве-домствого баш ийгендигине карабастан, Кыргызстандын башка ишканалары-нан, мекемелеринен жана уюмдарынан Элчиликтин компетенциясына киргенмаселелерди чечүү үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтык жанабашка материалдарды белгиленген тартипте алууга, аталган органдарга,ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга маалыматтарды белгиленген тар-типте жөнөтүүгө; - келген мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын башка өкүлчүлүктөрү-нүн өкүлдөрүнүн, Кыргызстандын уюмдары менен ишканаларынын чечимдерижана иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербе-ген учурларда, мындай чечимдердин аткарылышын токтотуу жана мындайиш-аракеттердин алдын алуу Кабыл алынган чаралар жөнүндө Элчи ТИМгебилдирет; - тигил же бул себептердин негизинде пайда болгон өзгөчө кырдаал-дарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын атынан кабыл алынган саясийчечимдер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга; - зарыл болгон учурда жана ТИМдин макулдугу менен келген мамлекет-тин чегараларынан тышкары аймактарга кыска мөөнөттүү кызматтык ишсапар-ларга чыгууга; - зарыл болгон учурда ТИМ менен макулдашуу боюнча бир жылга каратабекитилген акча каражаттарын Элчиликтин сметасынын статьялары боюнча,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республика-сынын тиешелүү жылга карата "Кыргыз Республикасынын республикалык бюд-жети жөнүндө" Мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте кайраданбөлүштүрүүнү жүргүзүүгө; - ТИМ менен макулдашуу боюнча Элчиликтин кызматкерлерине алкыш жа-рыялоо, финансылык каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен аларга акчалай сы-йакыларды берүүгө, ошондой эле аныкталган тартипте ТИМге өзүлөрүнөзгөчө көрсөткөн Элчиликтин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Элчиликтин дипломатиялык кызматкерле-ринин рангдарын жана кызмат орундарын жогорулатуу, ошондой эле КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган негизде келген мамлекетте болгонЭлчиликтин кызматкерлерине карата тартиптик жазаларды колдонуу жанаишин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө; - мамлекеттик кызмат орундарына кирбеген кызматтарды ээлеген Элчи-ликтин административдик-техникалык кызматкерлерин сыйлоо жана аларгакарата тартиптик жазаларды колдонуу жөнүндө, ошондой эле ТИМдин компе-тенциясына кирбеген Элчиликтин башка иш-аракеттерине байланышкан масе-лелер боюнча буйруктарды чыгарууга; - ТИМ менен макулдашуу боюнча контракттык негизде Кыргыз Республи-касынын жарандарын жана ошондой эле келген мамлекеттин аймагында турук-туу жашап жаткан чет элдик жарандарды Элчиликтин штаттык санында карал-баган техникалык кызмат орундарына алууга жана аларды ээлеген орундары-нан бошотууга, ошондой эле отпускага чыгаруу жана ишсапарга жөнөтүү жө-нүндө буйруктарды чыгарууга; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Элчи-ликтин кызматкерлеринин жана келген мамлекетте болгон алардын үй-бүлөмүчөлөрүнүн ишсапарга жөнөшүнө жана Кыргыз Республикасына, ошондой элебашка өлкөлөргө кыска мөөнөткө барып-келүүсүнө байланышкан маселелердичечүүгө; - тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун жана башка мамле-кеттик бийлик жана башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн иш-аракеттериалардын түздөн-түз милдеттерине жана чет мамлекетте болуу эрежелеринетуура келбеген учурларда, алардын жетекчилерине мындай өкүлдөрүн жооп-керчиликке тартуу жөнүндө кайрылууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун ченемде-рине, ошондой эле келген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык башка укуктар-дан пайдаланууга. 34. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытын жүргүзүүжана Элчиликке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында келген мамле-кетте жайгашкан башка өкүлчүлүктөрдүн, ал жерде болгон делегациялардынжана адистердин топторунун жетекчилери өздөрүнүн иш-аракеттерин КыргызРеспубликасынын келген мамлекетте аккредиттелген башкы расмий өкүлү бо-луп саналган Элчи менен макулдашышы керек, ошондой эле Элчиге өзүнүнфункцияларын жана укуктарын аткарганда көмөк көрсөтүүгө, Элчиге өздөрү-нүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү. 35.Элчи бир нече чет мамлекеттерде аккредиттелген учурда анын кыз-мат акысына төмөнкүдөй үстөк акылар төлөнөт: а) кошумча бир мамлекетти айкалыштырып иштегендиги үчүн - 10%; б) кошумча эки жана андан көп мамлекеттерди айкалыштырып иштеген-диги үчүн - 20%. VII. Элчиликтин кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери 36. Элчиликтин кызматкерлеринин иш-аракеттеринин тартиби ТИМ тара-бынан чет элдеги мекемелери үчүн аныкталган Ички эмгек тартибинин эре-желери менен аныкталат. 37. Элчинин жана Элчиликтин кызматкерлеринин укуктары менен мил-деттери "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына,"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын мыйзамына, эмгек мыйзамдарына, ушул Жобого жана Кыргыз Респуб-ликасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Дипломатиялык мамилелержөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясына жана башка колдонууга жарамдууболгон эл аралык укуктун ченемдерине ылайык аныкталат. Келген мамлекетте кабыл алынган кызматкерлердин укуктары жана мил-деттери Дипломаттык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясына,Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ченемдик укуктук актылары-на ылайык Элчи жана кызматкерлер тарабынан кол коюлган контракттар ме-нен аныкталат. 38. Элчиликтин кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу: - аныкталган тартипте кызматтык квалификацияларын жогорулатууга,өздөрүнүн билим дењгээлин, компетенттүүлүгүн жана профессионалдык ква-лификациясын, ошондой эле эмгек иш-аракеттерин эске алуу менен кызматорду боюнча алдыга жылууга; - мамлекет тарабынан берилген социалдык жана укуктук коргоо, ошон-дой эле үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге тиешелүү медициналык тейлөө мененкамсыз болууга; - ден соолукка коркунуч туудурбаган эмгек шарттары менен камсызболууга; - пенсиялык жактан камсыз болууга; - жетекчи берген оозеки буйруктун мыйзам ченемдүү экендигинде шексаноо пайда болгон учурда мындай буйруктун жазуу жүзүндө берилишин та-лап кылууга; - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык отпускага чыгу-уга жана эс алууга. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары та-рабынан белгиленген башка укуктарга ээ болушат. 39. Иштеген жерине көчүп барууга байланышкан компенсацияны төлөпберүү тартиби жана шарттары, ошондой эле Элчиликке иштөөгө жөнөтүлүпжаткан кызматкерлерди материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу шартта-ры келген мамлекеттеги климаттык жана башка шарттарды эске алуу мененКыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 40. Элчиликтин кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик укуктукактыларын сактоого; - Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын ишке ашырууга, Кыр-гыз Республикасынын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын өсүшүнөкөмөктөшүүгө, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун, экономикалык жанаилимий-техникалык потенциалын чыњдоого көмөк көрсөтүүгө; - Кыргыз Республикасын татыктуу дењгээлде көрсөтүүгө жана анынкелген мамлекеттеги кызыкчылыктарын коргоого; - келген мамлекеттин мыйзамдарын, эрежелерин жана салттарын урмат-тоого; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен корголгонмамлекеттик, кызматтык жана башка жашыруун сырды сактоого, мындай жашы-руун сырлар дипломаттык кызматтагы иш токтогондон кийин дагы жашыруунтүрдө калышы керек; - өздөрүнүн профессионалдык дењгээлдерин, квалификацияларын жого-рулатууга, ошондой эле чет тилдерин үйрөнүүнү өркүндөтүүгө; - ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого; - Элчиликтин милдеттерин жана функцияларын аткаруу максатында Эл-чи, же болбосо ал жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын иштериндеУбактылуу Ишенимдүү адам тарабынан берилген буйруктарды жанакөрсөтмөлөрдү аткарууга. 41. Элчи жана Элчиликтин кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу эмес: - педагогикалык, илимий жана башка чыгармачыл иштерден башка акытөлөнүүчү иш-аракеттерди жасоого; - ишкерлик иш-аракеттерди жасоого, ошондой эле өзүнүн кызмат аба-лын жеке жана юридикалык жактар ишкерлик иш-аракеттерди жүргүзүшү үчүналарга көмөктөшүү жана мындай көмөк көрсөтүү үчүн бардык формадагы сы-йакы алуу максатында пайдаланууга; - материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоокаражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын, башка мамлекеттикмүлктү жана кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары максаттарда пай-даланууга; - протоколдук ишчараларды өткөрүү учурунда ыйгарылуучу белектердентышкары жеке адамдардан жана юридикалык жактардан белектерди алууга; - өзүнүн кызматтык иш-аракеттерине байланыштуу саясий партиялардынжана диний уюмдардын иштеринде катышууга; - ага баш ийген кызматкерлердин эмгегин Элчиликтин функцияларынаткаруудан тышкары пайдаланууга; - "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамы, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын мыйзамы менен тыюу салынган башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө. 42. Кызматкерлердин Элчиликтин жетекчилиги менен болгон эмгекчыр-чатактары Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан мыйзамдардын ал-кагында чечилет. Чет элдеги дипломатиялык өкүлчүлүк катары каралган Элчиликтиниш-аракеттеринин өзгөчө мүнөзүн, шарттарын жана башка өзгөчөлүктөрүнэске алып, Элчиликтин кызматкерлеринин жетекчилик менен болгон ай-рым-бир чыр-чатактарын чечүү акыркысынын чечими боюнча ТИМ тарабынан арбир конкреттуү учур үчүн аныкталган процедуранын негизинде жүргүзүлүшүмүмкүн. VIII. Элчинин жана Элчиликтин кызматкерлеринин жоопкерчилиги 43. Укук бузгандыгы үчүн Элчи жана Элчиликтин кызматкерлери КыргызРеспубликасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жанашарттарда жазыктык, материалдык, административдик жана тартиптик жооп-керчиликтерге тартылат. 44. Элчи жана Элчиликтин кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин ат-карбагандыгы же туура эмес аткаргандыгы үчүн аларга карата төмөнкүдөйтартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн: - эскертүү; - сөгүш; - катуу сөгүш; - кызмат ордуна толугу менен ылайык келбегендиги тууралуу эс-кертүү; - кызмат ордун же дипломатиялык рангын кичирейтүү; - дипломатиялык рангын алып таштоо; - ээлеген кызмат ордунан бошотуу; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгантартиптик жазалардын башка түрлөрү. 45. Элчини чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат ордунан бошотуу,анын кызмат ордун же дипломатиялык рангын кичирейтүү, ошондой эле дип-ломатиялык рангын алып таштоо Кыргыз Республикасынын тышкы иштер ми-нистринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынанжүргүзүлөт, ал эми Элчиликтин башка кызматкерлерине карата жогорудааталган чараларды колдонуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри-нин буйругу боюнча жүргүзүлөт, мында Кыргыз Республикасынын Президентитарабынан ыйгарылган дипломатиялык рангдарды алып таштоо жана кичи-рейтүү эске алынбайт. 46. 44-пунктта белгиленген тартиптик жазалар Кыргыз Республикасы-нын тышкы иштер министри тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзам-дарында каралган тартипте Элчиликтин бардык кызматкерлерине карата кол-донулушу мүмкүн. 47. Тартиптик жаза Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыла-рына ылайык башкача түрдөгү жоопкерчиликтин колдонулушу каралганиш-аракеттерге карата салынбашы керек. IX. Корутунду жоболор 48. Элчилик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республи-касынын Мамлекеттик герби тартылган жана өзүнүн аталышы бар мөөрү, тие-шелүү башка мөөрлөрү жана штамптары, банктагы счеттору болот. 49. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген Элчиликтин жеручастоктору, имараттары, курулуштары жана башка мүлктөрү Кыргыз Респуб-ликасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте Элчиликкебекитилет. Элчилик өзүнө бекитилген мүлккө карата аныкталган тартипте ТИМ ме-нен макулдашуу аркылуу жана Кыргыз Республикасы менен келген мамлекет-тин мыйзамдарын эске алуу менен мындай мүлккө ээлик кылуу, аны пайдала-нуу жана башкаруу укуктарын ишке ашырат. 50. Элчиликтин иш-аракеттерин камсыз кылууга байланышкан финансы-лык жана башка маселелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акты-ларына жана ТИМдин чечимдерине ылайык чечилет.