Редакцияот 31.07.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                   Кыргыз Республикасынын Президентинин                                         2007-жылдын 31-июлундагы                                            № 357 Жарлыгы менен                                                бекитилген                   Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү                      консулдук мекемеси жөнүндө                                 ЖОБО                            I. Жалпы жоболор      1. Кыргыз  Республикасынын чет өлкөдөгү консулдук мекемеси (мынданары - консулдук мекеме) консулдук функцияларды ишке ашырган Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик органы болуп саналат.     Консулдук функциялар  ошондой  эле  Кыргыз   Республикасынын   четөлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан аткарылат.     Бул Жобонун ченемдери Кыргыз Республикасынын бардык консулдук  ме-кемелери  менен  дипломатиялык  өкүлчүлүктөрүнүн консулдук функциялардыаткарган консулдук кызмат адамдарына карата таратылат.     Консулдук функцияларды аткарган адамдар алардын класстарына, ранг-дарына жана мамлекеттик чиндерине  карабастан,  Кыргыз  Республикасынынконсулдук кызмат адамдары болуп саналат.     Консулдук кызмат адамдары жана консулдук мекемелердин кызматкерле-ри Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде (мындан ары - ТИМ)мамлекеттик кызматта турушат.     Кыргыз Республикасынын  жарандары  гана  консулдук кызмат адамдарыболушу мүмкүн.     Кыргыз Республикасынын   консулдук  мекемесинин  структурасы  жанаштаттык саны ТИМдин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-рабынан бекитилет.     Консулдук мекемелер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер  министрли-гине баш ийет жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органда-рынын системасына кирет.     2. Консулдук  мекемелер өз ишмердүүлүгүндө Консулдук мамилелер жө-нүндө 1963-жылкы  Вена  конвенциясын,  Кыргыз Республикасынын эл аралыккелишимдерин, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарын,  Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүнактыларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорун, ТИМдинбуйруктарын, инструкцияларын  жана  тапшырмаларын, эл аралык салттарды,ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алышат.     Иш жүргүзүү,  эсепке алуу жана отчеттуулук,  анын ичинде консулдукмекемелердин  финансылык-чарбалык иш жүргүзүү маселелери ТИМдин буйрук-тарына жана инструкцияларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынынмыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.     3. Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери болуп төмөнкүлөрсаналат:     - башкы консулдук;     - консулдук;     - вице-консулдук;     - консулдук агенттик;     - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн  консулдукбөлүмдөрү.     4. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдөгү  консулдук  мекемелержайгашкан  мамлекеттердин  ортосундагы  эл аралык келишимдерде каралганучурда алар бул Жободо белгиленбеген башка аталыштарга ээ болуп, ал ке-лишимдер тарабынан аныкталган функцияларды аткарышы мүмкүн.     5. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн консулдукбөлүмдөрүн консулдар деп аталуучу консулдук бөлүм башчылары жетектейт.     6. Консулдук мекемелердин ишкердигин жалпы  жетектөөнү,  консулдуккызмат  адамдары менен консулдук мекемелердин кызматкерлеринин ортосун-дагы функционалдык милдеттерди бөлүштүрүүнү ТИМдин Консулдук кызмат де-партаменти ишке ашырат.     Консулдук мекемелерди саясий жетектөөнү консулдук  мекемелер  жай-гашкан  мамлекеттердин аймактарында аккредиттелген Кыргыз Республикасы-нын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары ишке ашырат,  ал эми  аларжок болгон учурда консулдук мекемелерди саясий жактан ТИМ жетектейт.     7. Чет өлкөдөгү консулдук мекемелер өз ишкердиктерин келген мамле-кеттин  тышкы  саясий ведомствосу менен макулдашуу боюнча ТИМ аныктаганконсулдук округдун чегинде ишке ашырат.     Консулдук мекеменин жайгашкан жери, анын классы жана консулдук ок-ругу келген мамлекет менен макулдашуу боюнча аныкталат.     8. Консулдук  мекеме  Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик гербининсүрөтү коюлган жана кыргыз жана англис тилдериндеги консулдук мекеменинаталышы жазылган мөөргө ээ болот.     Консулдук мекеменин имаратында же анын аймагында Кыргыз  Республи-касынын Мамлекеттик желеги көтөрүлөт,  Кыргыз Республикасынын Мамлекет-тик гербинин сүрөтү коюлган жана кыргыз жана келген мамлекеттин  мамле-кеттик  тилдериндеги  тиешелүү аталышы бар калкан орнотулат Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик  символикасы  келген  мамлекеттин  протоколдукпрактикасын эске алуу менен пайдаланылат.     9. Консулдук  мекеме,  консулдук  кызмат  адамдары  жана   алардынүй-бүлө  мүчөлөрү келген мамлекеттеринде эл аралык укуктун ченемдерине,Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылкы Вена конвенциясына  жана  келгенмамлекеттин  мыйзамдарына  ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерденпайдаланышат.     Консулдук мекемелердин  консулдук  кызмат  адамдары  жана  алардынүй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттин мыйзамдарын,  каада-салттарын  жанаүрп-адаттарын урматтоого милдеттүү.     Консулдук мекеменин персоналы кызматтык милдеттери боюнча  консул-дук  кызмат  адамдары,  ошондой эле администрациялык-техникалык иштердиаткарган консулдук кызматкерлер болуп бөлүнүшөт.           II. Чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелердин негизги                      милдеттери жана функциялары      10. Консулдук мекемелердин негизги милдеттери төмөнкүлөр:     - Кыргыз Республикасынын  келген  мамлекеттеги  жарандарынын  жанаюридикалык жактарынын укуктарын жана таламдарын коргоо;     - Кыргыз  Республикасынын  соода-экономикалык  байланыштарын  ишкеашырууга көмөктөшүү;     - келген мамлекеттин эл аралык абалы жана мыйзамдары тууралуу маа-лыматтарды чогултуу, иштетүү, анализдөө жана системалаштыруу;     - Кыргыз Республикасынын Конституциясына,  "Кыргыз Республикасынындипломатиялык  кызматы  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын мыйзамына жанаКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына  ылайык  башкамилдеттерди ишке ашыруу.     11. Консулдук  мекемелер  аларга  жүктөлгөн   милдеттерге   ылайыктөмөнкү функцияларды аткарышат.     - эл аралык укук мүмкүнчүлүк  берген  чектерде  келген  мамлекеттеКыргыз  Республикасынын,  анын  жарандарынын жана юридикалык жактарынынталамдарын коргоо;     - Кыргыз  Республикасы менен келген мамлекеттин ортосундагы соода,экономикалык,  маданий жана илимий байланыштарды,  ошондой эле  алардынортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү;     - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине  келген  мамле-кеттин  соода,  экономикалык,  маданий жана илимий жашоосундагы окуяларжөнүндө билдирүү;     - Кыргыз Республикасынын жарандарына паспортторду жана жолдо жүрүүдокументтерин, Кыргыз Республикасына келгиси келген адамдарга визалардыже тиешелүү документтерди берүү;     - Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана эсепке алуу,  Кыр-гыз  Республикасынын  юридикалык  жактарына жана жеке адамдарына жардамберүү жана көмөк көрсөтүү, алардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүбоюнча чараларды көрүү;     - Кыргыз Республикасынын  жарандык  маселелери  боюнча  арыздарды,ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана мүлктүк укук-тарына тиешелүү болгон бардык башка арыздарды кабыл алуу жана кароо;     - келген  мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине каршы келбегеншарттарда нотариаттын функцияларын аткаруу, жарандык абалы тууралуу ак-тыларды каттоо,  документтерди мыйзамдаштыруу,  ошондой эле администра-тивдик мүнөздөгү айрым-бир башка функцияларды аткаруу;     - келген мамлекеттин мыйзамдары жана эрежелери тарабынан белгилен-ген чектерде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана толукишке жөндөмдүү болбогон бойго жете элек жарандардын жана башка адамдар-дын таламдарын, өзгөчө мындай адамдардын үстүнөн көзөмөл жана камкордукорнотуу зарыл болгон учурда коргоо;     - келген мамлекетте кабыл алынган практиканы жана тартипти сактоо,эгерде  Кыргыз  Республикасынын  жарандары келген мамлекеттин аймагындажок  болгондугуна  байланыштуу  же   башка   себептердин   натыйжасындаөздөрүнүн укуктары менен таламдарын өз убагында коргой албаса, анда булмамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине  ылайык  аталган  жарандардынукуктарын жана таламдарын чектөөчү алдын-ала чаралар жөнүндө буйруктар-ды алуу максатында келген мамлекеттин сот жана башка мекемелеринде Кыр-гыз  Республикасынын  жарандарын көрсөтүү же тиешелүү көрсөтүүнү камсызкылуу;     - учурда  колдонулуп  жаткан эл аралык макулдашууларга ылайык,  жеболбосо,  мындай макулдашуулар жок болгон  учурда,  келген  мамлекеттинмыйзамдарына жана эрежелерине каршы келбеген бардык башка тартипте сот-тук жана соттук эмес;     - документтерди  өткөрүп  берүү  же Кыргыз Республикасынын сотторуүчүн көрсөтмөлөрдү алуу боюнча сот тапшырмаларын пайдалануу;     - Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдары  менен эрежелеринде каралганКыргыз Республикасынын  аба  кемелерин  жана  самолетторун, ошондой элеалардын экипаж  мүчөлөрүн  көзөмөлдөө  жана инспекциялоо укуктарын ишкеашыруу;     - Кыргыз Республикасынын суу кемелерине жана самолетторуна,  ошон-дой эле алардын экипаж  мүчөлөрүнө  жардам  көрсөтүү,  суу  кемелерининсүзүшүнө байланыштуу билдирүүлөрдү кабыл алуу,  кеме документтерин тек-шерүү жана тариздөө жана келген  мамлекеттин  бийликтеринин  укуктарыназыян келтирбестен, жолдо болгон ар кандай окуяларды изилдөө;     - Кыргыз Республикасынын консулдук  мекемесине  жүктөлгөн,  келгенмамлекеттин  мыйзамдары  жана эрежелери тыюу салбаган же аларды аткаруубоюнча келген мамлекет каршылык көрсөтпөгөн, же болбосо, Кыргыз Респуб-ликасы  менен  келген мамлекеттин ортосунда түзүлгөн эл аралык келишим-дерде каралган башка функцияларды аткаруу;     - келген мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык сая-сатын жүзөгө ашыруу боюнча  иштерди  жүргүзүү,  Кыргыз  Республикасынынмамлекеттик  кызыкчылыктарына  ылайык  бул  үчүн  эњ жагымдуу шарттардытүзүү, соода өкүлчүлүк функцияларды ишке ашыруу;     - Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы жана тышкы экономи-калык байланыш катышуучуларынын ишеним каттары боюнча Кыргыз  Республи-касынын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бардык маселелери боюнча кы-зыкчылык туудурган бүтүмдөрдү жүргүзүү жана башка юридикалык  актылардытүзүү;     - келген мамлекет жөнүндө маалыматтарды чогултуу;     - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана зарыл болгонучурда  Кыргыз  Республикасынын   коомдук   бирикмелери   менен   ишкерчөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө келген мамлекеттин мамлекеттик органдары, коом-дук бирикмелеринин жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен карым-катнаш-тарды орнотууга көмөк көрсөтүү;     - Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ортосундагы эл ара-лык келишимдердин долбоорлорун,  эл аралык келишимдерди түзүү,  алардынколдонулушун токтотуу жана убактылуу токтотуу,  Кыргыз Республикасы ме-нен  келген  мамлекеттин ортосундагы мамилелерге тиешелүү бөлүгүндө экитараптуу жана көп тараптуу келишимдерди аткаруу тууралуу сунуштарды да-ярдоого көмөктөшүү;     - Кыргыз  Республикасынын  Президентинин,  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтүнүн  жана ТИМдин тапшырмаларына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык келгенмамлекеттин мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жана кењешмелердиөткөрүү;     - келген  мамлекеттин  мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары,тышкы саясий,  тышкы экономикалык жана башка ведомстволору, коомдук би-рикмелери, ишкер жана маданий чөйрөлөрү, массалык маалымат каражаттары,келген мамлекеттеги  дипломатиялык  корпустун өкүлдөрү менен карым-кат-наштарды колдоо;     - келген мамлекетте жашаган мекендештер жана улуттук борборлор ме-нен байланыштарды жана  карым-катнаштарды  орнотууга  жана  өнүктүрүүгөкөмөктөшүү;     - Кыргыз  Республикасынын  тышкы  жана  ички саясаты, анын социал-дык-экономикалык, маданий  жана  руханий жашоосу тууралуу расмий маалы-маттарды келген мамлекетте жайылтуу;     - консулдук  функцияларды  аткаруу,  Кыргыз Республикасынын келгенмамлекеттеги консулдук мекемелеринин  ишмердүүлүгүн  жалпы  жетектөөнү,ошондой  эле  Кыргыз  Республикасынын келген мамлекеттеги дипломатиялыкөкүлчүлүгү менен консулдук мекемелеринин ортосундагы маалыматтарды жанаиш тажрыйбасын өз ара алмашууну ишке ашыруу,  аларга методикалык жардамкөрсөтүү;     - тиешелүү  эл аралык макулдашуулардын негизинде келген мамлекеттеүчүнчү өлкөлөрдүн жана алардын жарандарынын  таламдарын  көрсөтүү  жанакоргоо;     - эњ жогорку жана жогорку дењгээлдеги мамлекеттер аралык  ишсапар-ларды, ошондой эле расмий мамлекеттик, өкмөттүк, парламенттик жана баш-ка делегациялардын ишсапарларын даярдоого жана ишке ашырууга катышуу;     - ТИМдин  тапшырмасы  боюнча келген мамлекеттин тиешелүү органдарыменен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу  органда-рынын делегацияларын жана өкүлдөрүн келген мамлекетке жөнөтүү маселеле-рин макулдашуу;     - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына,  келген мам-лекеттин мыйзамдарына,  эл аралык укуктун ченемдерине ылайык башка мил-деттерди жана функцияларды ишке ашыруу.            III. Консулдук мекемелердин башчыларын дайындоо,                  чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат                        ордунан бошотуу тартиби      12. Башкы консулдукту,  консулдукту, вице-консулдукту жана консул-дук  агенттикти тиешелүү түрдө башкы консул,  консул,  вице-консул жанаконсулдук агент (мындан ары-консулдук мекеменин башчысы)  башкарат,  алкелген  мамлекетте  аккредиттелген  Кыргыз Республикасынын башкы расмийөкүлү болуп саналат. Консулдук мекеменин башчысы аккредитациялоочу бар-дык мамлекеттер тарабынан каршылык жок болгон учурда бир нече чет элдикмамлекеттерде аккредиттелиши мүмкүн.     13. Башкы  консул болуп тиешелүү тажрыйбасы бар болгон Кыргыз Рес-публикасынын жараны дайындалат,  ал,  эреже катары, чет тилдердин биринбилүүгө, өзүнүн жеке сапаттары, профессионалдуу билими жана ден соолугубоюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болууга тийиш.     14. Башкы  консул  Кыргыз  Республикасынын тышкы иштер министрининкөрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан  кызматкадайындалат.     15. Консулдук мекемелердин башка жетекчилерин Кыргыз Республикасы-нын  Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин дирек-торунун көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы  иштер  министридайындайт.     16. Башкы консулдун  кызматына  талапкердин  кандидатурасы  КыргызРеспубликасынын  тышкы  иштер министри тарабынан Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине  жазуу  түрүндө  талапкердин  биографиялык  маалыматтарын,ошондой  эле ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген анын профессионалдуусапаттарын ырастоочу тиешелүү документтерди тиркөө менен көрсөтүлөт.     17. Башкы  консулдун  кызматына  талапкерди Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти жактыргандан кийин ТИМ ага  консулдук  патент  формасына  ээболгон,  ар бир кызматка дайындоо учурунда түзүлүүчү документ даярдайт,ал консулдун кызматын ырастайт жана эреже катары анын толук  атын  жанафамилиясын, ал таандык болгон категорияны же классты, консулдук аймактыже консулдук мекеменин жайгашкан жерин камтыйт.     Жогоруда аталган  документ дипломатиялык каналдар боюнча консулдукмекеменин башчысы аймагында өз функцияларын аткарууга тийиш болгон мам-лекеттин тышкы саясий ведомствосуна жөнөтүлөт.     18. Башкы консулду дайындоо тууралуу чечим аккредитациялоочу  мам-лекеттин  тышкы саясий ведомствосунан экзекватура (макулдук) алынганданкийин Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы түрүндө  кабыл  алы-нат.     19. Экзекватура алганга чейин консулдук мекеменин башчысы өз функ-цияларын убактылуу аткарышы мүмкүн. Консулдук мекеменин башчысынын мил-детин аткаруучунун толук аты жана фамилиясы  келген  мамлекеттин  тышкысаясий  ведомствосуна же ал ведомство көрсөткөн органга көрсөтүлүп жат-кан мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү,  же  эгерде  бул  мамлекеттинкелген мамлекетте мындай өкүлчүлүгү жок болсо, анда консулдук мекеменинбашчысы,  же эгерде ал дагы муну жасай албаса, көрсөтүлүп жаткан мамле-кеттин  каалаган компетенттүү органы тарабынан билдирилет.  Жалпы эрежекатары мындай билдирүү күн мурунтан жасалат.     20. Башкы консулду чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат ордунан бо-шотуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин көрсөтмөсү  боюнчаКыргыз  Республикасынын Президенти тарабынан ишке ашырылат,  бул учурдаал чет өлкөгө кеткенге ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес орунга  дайын-далуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.              IV. Консулдук мекеменин персоналын дайындоо,                  чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат                        ордунан бошотуу тартиби      21. Консулдук  мекеменин персоналынын кызматкерлери Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү бекиткен консулдук мекеменин  штаттык  расписаниесининалкагында  Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерле-ринин ичинен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин буйругу ме-нен кызматка дайындалат.     22. ТИМдин борбордук аппаратында же Кыргыз  Республикасынын  айма-гындагы  анын өкүлчүлүктөрүндө (мындан ары - ТИМдин борбордук аппараты)иштеген,  тиешелүү тажрыйбасы бар,  чет тилдердин бирин билген,  өзүнүнпрофессионалдуу тажрыйбасы, даярдыгы жана адистиги, ошондой эле ден со-олугу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон  дип-ломатиялык кызматтын кызматкерлери консулдук мекемелерге дайындалат.     Консулдук мекемеге биринчи ирет дайындалганга чейин кызматкер ТИМ-дин борбордук аппаратында эки жылдан кем эмес иштөөгө тийиш.     ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кем иштеген ТИМдин борбор-дук  аппаратынын кызматкери ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кемэмес иштеген ТИМдин  борбордук  аппаратынын  кызматкерлеринин  арасындаылайыктуу  кандидатура жок болгон учурда гана консулдук мекемеге дайын-далышы ыктымал.     23. Консулдук  мекеменин жана ТИМдин борбордук аппаратынын кызмат-керлеринин ротациясы милдеттүү түрдө ТИМдин Консулдук  кызмат  департа-ментинде  иштөө же стажировкадан өтүү шарты менен пландык тартипте ишкеашырылат.     Ротациянын планга  ылайыктуулугун камсыз кылуу максатында диплома-тиялык кызматтын кызматкерлеринин төмөнкү иш мөөнөттөрү белгиленет:     - ТИМдин  борбордук аппаратынын бөлүмдөрүндө чет элдик командиров-калардын ортосундагы мезгилде - эки жылдан кем эмес;     - консулдук мекемеде-уч жылга чейин (кызматтык зарылчылык жана ти-ешелүү кызматкердин макулдугу бар болгон учурда тышкы иштер министрининчечими боюнча бир жылдан ашпаган мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен).     Администрациялык-техникалык персоналдын  мүчөлөрү  үчүн  консулдукмекемеде эки жылга чейин иштөө мөөнөтү белгиленет, бул мөөнөт тышкы иш-тер министринин чечими боюнча узартылышы мүмкүн.     24. Консулдук  мекеменин  кызматкерлерин чакырып алуу ушул Жобонун23-пунктунда белгиленген мөөнөт аяктагандыгына байланыштуу жүргүзүлөт.     Консулдук мекемеде  иштегенден  кийин Кыргыз Республикасына кайтыпкелген дипломатиялык кызматтын кызматкери кайтып келген  күндөн  тартыпүч айдын ичинде кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес орунгадайындалат.     25. Консулдук мекеменин кызматкерлери төмөнкү учурларда мөөнөтүнөнмурда чакырып алынышы мүмкүн:     - кызматтык зарылчылык болгон учурда, ротациянын алкагында пландыкнегизде,  бирок консулдук мекемедеги эки жылдык иш мөөнөтү  аяктаганданкийин;     - келген мамлекетте өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда;     - ал персона "нон гранта" деп жарыяланса,  же болбосо, келген мам-лекеттин компетенттүү бийликтери мындай адамдын келген мамлекетте болу-усу мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү берсе;     - ал келген мамлекеттин каада-салттарын жана мыйзамдарын  урматта-баса, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал ченемдеринсактабаса;     - ал  өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн келген мамлекеттин мыйзамдарын урмат-ташын,  ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал ченемде-рин сакташын камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаса;     - чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган катуу ооруга чалдыкса;     - консулдук  мекеменин  кызматкери өзүнүн жеке каалоосун билдирсе.Консулдук мекеменин чакырып алынган кызматкери ТИМдин борбордук аппара-тына  кызмат ордуна дайындалат жана ошол эле убакта консулдук мекеменинкызматкеринин кызматынан бошотулат.     26. Консулдук  мекеменин  кызматкери ошондой эле төмөнкү учурлардаээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:     - эмгек  милдеттерин,  ошондой  эле ТИМ тарабынан өзүнүн чет элдикмекемелери үчүн кабыл алынган Ички эмгек тартип эрежелеринде  камтылганрежимдик талаптарды одоно бузса;     - иштеген жериндеги мүлктү (анын ичинде  майдасын  дагы)  уурдаса,жоготсо, аны билип туруп талкаласа же бузуп таштаса;     - жумушка алкоголдук,  бањгилик же башка токсикалык мас болуу аба-лында келсе;     - кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу  ага  маалым  болгонмыйзам тарабынан корголуучу жашыруун сырды (мамлекеттик, кызматтык жанабашка) жарыялап таштаса;     - эгерде  мындан  мурун колдонулган тартиптик чараларга карабастанөзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди бир нече жолу  аткарбаса  же  тийиштүүтүрдө аткарбаса;     - ага карата соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;     - ротация иретинде которулуудан баш тартса;     - Кыргыз Республикасынын жарандыгын  жоготсо  же  кош  жарандуулуктартибинде  башка  мамлекеттин  жарандыгын кабыл алса;     - пенсиялык жашка жетсе;     - консулдук мекеменин кызматкеринин жеке каалоосу боюнча.              V. Консулдук мекеменин ишмердүүлүгүн уюштуруу      27. Консулдук мекеменин башчысы консулдук мекемени  башкарат  жанаанын ишин түздөн-түз жетектейт.     28. Консулдук мекеменин башчысы келген мамлекетте жок болгон учур-да  анын функцияларын убактылуу милдет аткаруучу аткарат,  ал консулдукмекеменин консулдук кызмат адамдарынын кызмат орду  боюнча  улууларыныничинен дайындалат.     29. Консулдук мекемеде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук ак-тыларына  ылайык  бекитилген  штаттык  сандын жана эмгек акы фондусунунчектеринде жарандык,  визалык, паспорттук жана башка маселелер, ошондойэле  легализациялоо  маселелери боюнча бөлүмдөр жана секторлор түзүлүшүмүмкүн.     30. Консулдук  мекеменин  иши ТИМдин көрсөтмөлөрүн эске алуу менентүзүлүүчү кварталдык,  жарым  жылдык  же  жылдык  пландардын  негизиндежүргүзүлөт.     Консулдук мекеме тиешелүү консулдук,  финансылык жана башка отчет-торду ТИМ белгилеген мөөнөттөрдүн ичинде өз убагында көрсөтүүгө тийиш.     31. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кон-сулдук мекемеде профсоюздардан тышкары саясий партиялардын,  диний, ко-омдук бирикмелердин структуралары түзүлүшү мүмкүн эмес.     32. Консулдук  мекеменин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийликжана башкаруу жана башка мамлекеттик органдары менен расмий кат алмашу-усу ТИМ аркылуу ишке ашырылат Күтүүсүз учурларда консулдук мекеме алар-га түздөн-түз кайрылышы мүмкүн,  ал бул тууралуу ТИМге милдеттүү  түрдөбилдириши керек.            VI. Консулдук мекеменин башчысынын функционалдык                   милдеттери жана ыйгарым укуктары      33. Консулдук мекеменин башчысы консулдук мекемеге жүктөлгөн  мил-деттерди  жана  функцияларды аткаруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кы-лат:     - консулдук мекеменин персоналынын ишин жана алардын бири-бири ме-нен өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну;     - консулдук мекеменин ишкердигин жетектөөнү жана консулдук мекеме-нин жана анын аппаратынын ишкердиги,  ага жүктөлгөн милдеттерди өз уба-гында жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартууну;     - мекемеге жүктөлгөн функцияларды жеке аткарууну же аларды аткару-уну  башка  консулдук  кызмат адамдарына тапшырууну Консулдук мекеменинбашчысынын башка мамлекеттин  консулдук  функцияларын  аткарышы  ТИМдинөзгөчө  буйругу  боюнча жана келген мамлекеттин бийликтеринин макулдугуменен гана болушу мүмкүн;     - жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн консулдук аймагын кыдырууну;     - консулдук мекеменин  консулдук  кызмат  адамдарынын  ортосундагыкызматтык милдеттерди бөлүштүрүүнү,  алардын ички эмгек тартип эрежеле-рин сакташы үчүн зарыл чараларды көрүүнү,  алардын  тапшырмаларды  жанабуйруктарды   өз   убагында,   сапаттуу   жана   натыйжалуу   аткарышынкөзөмөлдөөнү;     - ТИМ  белгилеген  тартипте ТИМге консулдук мекеменин ишмердүүлүгүжөнүндө отчетторду көрсөтүүнү;     - жогорку саясий кыраакылыкты, мамлекеттик жана кызматтык жашыруунсырды сактоону,  консулдук мекеменин ишкердигинде  белгиленген  режимдисактоону;     - консулдук мекеменин,  Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттегибашка  өкүлчүлүктөрүнүн  консулдук кызмат адамдарынын келген мамлекеттеКыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын татыктуу көрсөтүшүн, келген мам-лекеттин  мыйзамдарын,  эрежелерин,  ошондой  эле  анын  элдеринин каа-да-салттары менен үрп-адаттарын сакташын камсыз кылуу  максатында  аларменен тиешелүү иштерди жүргүзүүнү;     - келген мамлекетте жайгашкан консулдук мекемеге,  консулдук меке-менин консулдук кызмат адамдарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Кыр-гыз Республикасынын башка өкүлчүлүктөрүнө, дипломатиялык жана консулдуккурьерлерге жана алар менен кошо жүргөн дипломатиялык почтага жана кон-сулдук вализага,  ошондой эле эл аралык укукка жана келген  мамлекеттинмыйзамдарына  ылайык артыкчылыктарды жана иммунитеттерди алууга укуктууболгон Кыргыз Республикасынын башка жарандарына  берилүүчү  артыкчылык-тарды  жана  иммунитеттерди келген мамлекетте камсыз кылуу боюнча зарылчараларды көрүүнү;     - мамлекеттик жашыруун сырды жана башка мыйзам тарабынан корголуу-чу сырды коргоону уюштурууну, кат алмашуунун жашырындуулугунун сакталы-шын көзөмөлдөөнү ишке ашырууну жана консулдук мекеменин, консулдук кыз-мат адамдарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн зарыл болгон  коопсуз-дук дењгээлин сактоо боюнча чараларды көрүүнү,  өзгөчө кырдаалдар пайдаболгон учурларда Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттеги  чет  элдикмекемелеринин жана жарандарынын иш-аракеттерин белгиленген тартипте ко-ординациялоону жана алардын ишкердигин жетектөөнү;     - консулдук мекемеге бөлүштүрүлүп берилген бюджеттик каражаттарды,ошондой эле  консулдук  кызмат көрсөтүүлөрдөн келип түшкөн каражаттардысарамжалдуу коротууну,  финансылык  тартипти жана эн жогорку үнөмдүүлүкрежимин сактоону;     - консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдары өздөрүнүн кесиптикдењгээлин жогорулатышы,  чет тилдерди үйрөнүүнү өркүндөтүшү үчүн  шарт-тарды түзүүнү;     - жамааттын  ичиндеги  нормалдуу  моралдык-психологиялык  климаттытүзүүнү  жана консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдарынын иши үчүнзарыл болгон техникалык шарттарды камсыз кылууну,  анын  ишмердүүлүгүнөбайланыштуу  маселелер  боюнча  сунуштарды  белгиленген  тартипте  кир-гизүүнү;     - консулдук  мекеменин  консулдук  кызмат  адамдары  жана  алардынүй-бүлө мүчөлөрү мамлекет тарабынан социалдык жардам алышы үчүн  бардыктараптан көмөк көрсөтүүнү;     - консулдук аймактагы Кыргыз Республикасынын  рангы  боюнча  төмөнтурган консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын келген мамлекет-те болгон делегацияларынын жана адистер топторунун ишкердиктерин  коор-динациялоону жана иштерин көзөмөлдөөнү.     34. Консулдук мекеменин башчысы ага жүктөлгөн  функционалдык  мил-деттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:     - белгиленген тартипте ТИМдин кароосуна келген мамлекет менен кон-сулдук маселелер жана консулдук мекеменин ишкердиги боюнча кош тараптуукызматташуу тууралуу сунуштарды киргизүүгө;     - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органда-рынан,  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан,  ошондой эле КыргызРеспубликасынын  ишканаларынан,  мекемелеринен  жана уюмдарынан алардынуюштуруу-укуктук формаларына жана кайсы ведомствого баш ийгендигине ка-рабастан,  консулдук мекеменин компетенциясына кирген маселелерди чечүүүчүн зарыл болгон документтерди,  маалымдама жана  башка  материалдардыбелгиленген тартипте алууга,  аталган органдарга,  ишканаларга, мекеме-лерге жана уюмдарга белгиленген тартипте маалымат берүүгө;     - кокусунан  пайда болгон өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында КыргызРеспубликасынын консулдук мекемесинин  атынан  кабыл  алынган  чечимдерүчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алууга;     - зарыл болгон учурда жана ТИМдин макулдугу боюнча  келген  мамле-кеттин аймагынан тышкары жерлерге кыска мөөнөттүү кызматтык командиров-каларга чыгууга;     - зарыл  болгон учурда ТИМ менен макулдашуу боюнча бир жылга беки-тилген акча каражаттарын консулдук мекеменин сметасынын статьялары  бо-юнча, ошондон эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгилен-ген тартипте кайрадан бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө;     - ТИМ менен макулдашуу боюнча консулдук мекеменин консулдук кызматадамдарына алкыш жарыялоо,  тиешелүү жылга бекитилген чыгымдар сметасы-нын  чектеринде финансылык каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен акчалай сы-йакыларды ыйгаруу тууралуу буйруктарды чыгарууга, ошондой эле консулдукмекеменин  өзүн өзгөчө көрсөткөн консулдук кызмат адамдарын Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен  сыйлоого  көрсөтүү,  алардынрангдарын көтөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-ралган негиздер боюнча аларга тартиптик жаза салуу жана консулдук  кыз-мат  адамдарынын ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштарды бел-гиленген тартипте ТИМге киргизүүгө;     - мамлекеттик  кызмат орундарына кирбеген кызмат орундарын ээлегенконсулдук мекеменин администрациялык-техникалык  кызматкерлерин  сыйлоотууралуу буйруктарды чыгарууга, ошондой эле аларга тартиптик жаза салуужөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте ТИМге киргизүүгө;     - ТИМ менен макулдашуу боюнча контракттык негизде Кыргыз Республи-касынын жарандарын жана келген мамлекетте туруктуу  жашаган  чет  элдикжарандарды  мекеменин  штаттык расписаниесинде белгиленбеген техникалыккызмат орундарына алууга  жана  аларды  иштен  кетирүүгө,  ошондой  элеалардын өргүүлөрү жана командировкалары жөнүндө буйруктарды чыгарууга;     - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларына  ылайык  ТИМменен макулдашуу боюнча келген мамлекетте жайгашкан консулдук мекеменинконсулдук кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасына,  ошондой эле  башкаөлкөлөргө   болгон   командировкаларына   жана   кыска   мөөнөттүү  ба-рып-келүүлөрүнө байланыштуу маселелерди чечүүгө;     - өзүнүн  консулдук  аймагынын алкагындагы келген мамлекеттин бий-ликтерине консулдук мекеменин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бардык маселе-лер боюнча кайрылууга;     - консулдук  мекеменин  компетенциясынын   чегинде   тапшырмалардыберүүгө жана буйруктарды чыгарууга;     - ТИМдин жетекчилигинин кароосуна консулдук мекеменин түзүмүн жанаштатын өркүндөтүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө, ошондой эле мекеменинишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык башка маселелер боюнча кайрылууга;     - өзүнүн резиденциясынын үстүндө, ошондой эле жолдо жүрүү каражат-тарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин көтөрүүгө;     - бул  Жободо каралбаган,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын жанакелген мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды атка-рууга.     35. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү консулдук  саясатын  жүргүзүүжана  консулдук мекемеге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында рангыбоюнча төмөн турган консулдук мекемелердин,  келген  мамлекетте  болгонделегациялардын жана адистер топторунун башчылары өз ишкердиктерин кел-ген мамлекетте аккредиттелген консулдук мекеменин башчысы менен  макул-дашууга, ошондой эле ал өзүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишкеашырган учурда ага бардык тараптан көмөк көрсөтүүгө жана өздөрүнүн  иш-мердүүлүгү жөнүндө консулдук мекеменин башчысына билдирүүгө милдеттүү.     36. Консулдук мекеменин башчысы бир нече чет  элдик  мамлекеттердеаккредиттелген учурда анын кызмат акысына төмөнкү үстөктөр орнотулат:     - бир өлкөнү айкалыштырып иштегендиги үчүн - 10%;     - эки жана андан көп өлкөнү айкалыштырып иштегендиги үчүн - 20%.                VII. Консулдук мекеменин консулдук кызмат                 адамдарынын укуктары жана милдеттери      37. Консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдарынын  иш  жүргүзүүтартиби ТИМ тарабынан өзүнүн чет элдик мекемелери үчүн белгиленген Ичкиэмгек тартип эрежелери менен аныкталат.     38. Консулдук  мекеменин  башчысынын жана консулдук мекеменин кон-сулдук кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери "Мамлекеттик  кызматжөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын дип-ломатиялык кызматы жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамына,  эмгекмыйзамдарына,  ушул  Жобого  жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдикукуктук актыларына, Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылкы Вена конвен-циясына,  ошондой  эле эл аралык укуктун колдонуудагы башка ченемдеринеылайык аныкталат.     Келген мамлекетте кабыл алынган кызматкерлердин укуктары жана мил-деттери Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылкы Вена конвенциясына, Кыр-гыз Республикасынын жана келген мамлекеттин ченемдик укуктук актыларынаылайык консулдук кызмат адамдары тарабынан кол коюлган контракттар  ар-кылуу аныкталат.     39. Консулдук мекеменин  консулдук  кызмат  адамдары  төмөнкүлөргөукуктуу:     - белгиленген тартипте кызматтык квалификацияларын  жогорулатууга,алардын  билим дењгээлин,  компетенттүүлүгүн жана кесиптик тажрыйбасын,ошондой эле эмгек ишкердигин эске алуу менен кызматы боюнча алдыга  ка-рай жылууга;     - мамлекет тарабынан социалдык жана укуктук  коргоо,  ошондой  элеалардын  үй-бүлө мүчөлөрүн кошуп тиешелүү медициналык кызмат көрсөтүүнүалууга;     - ден соолук үчүн коопсуз болгон эмгек шарттары менен камсыз болу-уга;     - пенсиялык камсыздоого;     - жетекчи берген буйруктун мыйзамдуу экендигинде шек  саноо  пайдаболгон  учурда анын оозеки буйругунун жазуу түрүндө тастыкталышын талапкылууга;     - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык өргүүгө жана эсалууга чыгууга.     Консулдук кызмат  адамдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктукактылары тарабынан белгиленген башка укуктарга ээ болушат.     40. Жумуш  ордуна көчүп барууга байланышкан компенсацияларды төлөпберүү тартиби жана шарттары,  ошондой эле консулдук мекемеге иштөө үчүнжөнөтүлүп жаткан кызматкерлерди материалдык-тиричилик жактан камсыз кы-луу тартиби келген мамлекеттеги климаттык  жана  башка  шарттарды  эскеалуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.     41. Консулдук мекеменин  консулдук  кызмат  адамдары  төмөнкүлөргөмилдеттүү:     - Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик  укук-тук актыларын сактоого;     - Кыргыз  Республикасынын  консулдук саясатын ишке ашырууну жүргү-зүүгө, Кыргыз  Республикасынын  эл аралык абройун көтөрүүгө, анын кооп-суздугун, экономикалык  жана илимий-техникалык потенциалын чыњдоого кө-мөк көрсөтүүгө;     - Кыргыз Республикасын татыктуу көрсөтүүгө жана келген мамлекетте-ги анын таламдарын коргоого;     - келген мамлекеттин мыйзамдарын,  эрежелерин жана каада-салттарынурматтоого;     - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан  кор-голуучу мамлекеттик,  кызматтык жана башка жашыруун сырды,  анын ичиндедипломатиялык кызматтагы иш токтогондон кийин дагы сактоого;     - өздөрүнүн кесиптик дењгээлин, квалификациясын жогорулатууга, четтилдерин өркүндөтүүгө;     - ички эмгек тартип эрежелерин сактоого;     - консулдук мекеменин милдеттерин жана функцияларын аткаруу боюнчаконсулдук мекеменин  башчысынын,  ал эми ал жок болгон учурда-консулдукмекеменин башчысынын милдетин аткаруучунун буйруктарын жана көрсөтмөлө-рүн аткарууга.     42. Консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдарынын  төмөнкүлөргөукуктары жок:     - педагогикалык,  илимий жана башка  чыгармачыл  иштерден  тышкарыбашка акча төлөнүүчү иш-аракеттер менен алек болууга;     - жеке ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө,  ошондой эле өзүнүн кыз-маттык  абалын  жеке  адамдар жана юридикалык жактар өздөрүнүн ишкердикишмердүүлүктөрүн жүргүзгөндө аларга көмөк көрсөтүү  жана  бул  үчүн  аркандай түрдөгү сыйакы алуу максатында пайдаланууга;     - материалдык-техникалык,  финансылык жана  маалыматтык  камсыздоокаражаттарын, кызматтык автоунаа каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктүжана кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;     - протоколдук ишчараларды өткөрүү учурунда ыйгарылуучу белектердентышкары жеке адамдардан жана юридикалык жактардан белектерди алууга;     - өздөрүнүн кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу саясий партиялар-дын жана диний уюмдардын иштеринде катышууга;     - кол  астындагы кызматкерлердин эмгегин консулдук мекеменин функ-цияларынан тышкары жерлерде пайдаланууга;     - "Кыргыз  Республикасынын  дипломатиялык  кызматы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамы жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө"  Кыргыз  Рес-публикасынын мыйзамы тыюу салган башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө.     43. Консулдук кызмат адамдарынын эмгек талаштары Кыргыз  Республи-касынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында чечилет.      VIII. Консулдук мекеменин башчысынын жана консулдук мекеменин           башка консулдук кызмат адамдарынын жоопкерчилиги      44. Укук бузгандыгы үчүн консулдук мекеменин башчысы жана  консул-дук  мекеменин  башка  консулдук кызмат адамдары Кыргыз Республикасынынченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте жана шарттардакылмыштык,  материалдык, администрациялык жана тартиптик жоопкерчиликкетартылат.     45. Консулдук  мекеменин  башчысы  жана  консулдук мекеменин башкаконсулдук кызмат адамдары өздөрүнүн милдеттерин аткарбаса  же  тиешелүүэмес аткарса, аларга карата төмөнкү тартиптик жаза чаралары колдонулушумүмкүн:     - эскертүү;     - сөгүш;     - катуу сөгүш;     - кызматына толук эмес ылайыктуулугу тууралуу  эскертүү;     - кызматын же  дипломатиялык рангын төмөндөтүү;     - дипломатиялык рангын алып таштоо;     - ээлеген кызмат ордунан бошотуу;     - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан  бел-гиленген башка тартиптик жаза чаралары.     46. Консулдук мекеме башчысын жана консулдук мекеменин башка  кон-сулдук кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан чакырып алуу жана/же бо-шотуу, алардын кызмат ордун же дипломатиялык рангын төмөндөтүү, ошондойэле  дипломатиялык рангды алып таштоо Кыргыз Республикасынын Президентитарабынан ыйгарылган  дипломатиялык  рангды  алып  таштоодон  же  кичи-рейтүүдөн  тышкары учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун көрсөтмөсү  боюнчатышкы иштер министринин буйругу аркылуу жүргүзүлөт.     47. 45-пунктунда белгиленген тартиптик жаза чаралары  Кыргыз  Рес-публикасынын  эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте консулдукмекеменин бардык консулдук кызмат адамдарына карата Кыргыз  Республика-сынын тышкы иштер министри тарабынан колдонулат.     48. Тартиптик жаза Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыла-рында  каралган башка жоопкерчиликке алып келүүчү иш-аракеттерге каратаколдонулушу мүмкүн эмес.                          IX. Корутунду жоболор      49. Консулдук мекеме юридикалык жак болуп саналат,  Кыргыз Респуб-ликасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү коюлган жана өзүнүн  аталышы  бармөөргө,  башка тиешелүү мөөрлөр менен штамптарга, банктагы счетторго ээболот.     50. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналган жер участоктору,имараттар, курулуштар жана консулдук мекеменин башка мүлктөрү мекеменинартында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан бел-гиленген тартипте бекитилет.     Консулдук мекеме анын аркасында бекитилген мүлккө карата белгилен-ген тартипте ТИМ менен макулдашуу боюнча  Кыргыз  Республикасынын  жанакелген  мамлекеттин  мыйзамдарына  ылайык ээлик кылуу,  пайдалануу жанабашкаруу укуктарын ишке ашырат.     51. Консулдук  мекеменин  ишмердүүлүгүн камсыз кылууга байланышканфинансылык жана башка маселелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктукактыларына жана ТИМдин инструкцияларына ылайык чечилет.