Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга караштуу туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга караштуу ту-руктуу өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салат. 2. Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга караштуу Туруктууөкүлчүлүгү (мындан ары - Туруктуу өкүлчүлүк) дипломатиялык кызмат ор-гандарынын бирдиктүү системасына кирет жана тиешелүү укуктарга ээ бол-гон жана Кыргыз Республикасынын атынан мындай эл аралык уюмда иштепжаткан Кыргыз Республикасынын тышкы мамилелеринин мамлекеттик органыболуп саналат. Туруктуу өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-нин (мындан ары - ТИМ) Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери,мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору менен ма-кулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгыменен эл аралык уюмдун штаб-квартирасы жайгашкан жерде же тийиштүү эларалык уюмдун эрежелери буга жол берсе, анын бөлүмдөрү жайгашкан жердетүзүлөт. 3. Туруктуу өкүлчүлүк өзүнүн иш-аракеттерин Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө"Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана башка мыйзамдарына, Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, ТИМ жөнүндө Жо-бого, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгүжөнүндө жобого, ушул Жобого, ТИМдин ченемдик укуктук актыларына жанакөрсөтмөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимде-рине, эл аралык укуктун башка колдонулуучу ченемдерине, эл аралык уюм-дун колдонулуп жаткан эрежелерине, анын келген мамлекет менен түзүлгөнмакулдашууларына ылайык ишке ашырат. 4. Туруктуу өкүлчүлүк тийиштүү эл аралык уюмда Кыргыз Республика-сынын улуттук кызыкчылыктарын коргоону жана Кыргыз Республикасынын бир-диктүү тышкы саясий багытын жүргүзүүнү камсыз кылат жана бул максаттар-да Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын, башка уюмдарынынжана ишканаларынын, алардын делегацияларынын жана адистер топторунун эларалык уюмдун иш-аракетинде катышуусун тийиштүү тартипте координация-лайт. Аталган делегациялар жана адистердин топтору Туруктуу өкүлчүлүккөанын функцияларын аткарууга жардам беришет, Туруктуу өкүлчүлүк мененбул эл аралык уюмдагы өзүнүн иш-аракетин тийиштүү тартипте макулдашы-шат. 5. Туруктуу өкүлчүлүктүн имаратынын үстүндө же анын аймагында Кыр-гыз Республикасынын Мамлекеттик желеги көтөрүлөт, Кыргыз Республикасы-нын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган жана кыргыз тили менен эларалык уюмдун расмий тилдеринин биринде, ошондой эле келген мамлекеттинмамлекеттик тилинде жазылган "Кыргыз Республикасынын (эл аралык уюмдунаталышы) Туруктуу өкүлчүлүгү" деген жазмасы бар калкан орнотулат. Кыр-гыз Республикасынын Мамлекеттик символикасы тийиштүү эл аралык уюмдунжана келген мамлекеттин протоколдук практикасын эске алуу менен пайда-ланылат. 6. Туруктуу өкүлчүлүк, анын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөмүчөлөрү келген мамлекетте эл аралык укуктун ченемдерине жана келгенмамлекеттин мыйзамдарында каралган артыкчылыктардан жана иммунитеттер-ден пайдаланышат. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүкелген мамлекеттин мыйзамдарын, административдик эрежелерин, ошондойэле каада-салттарын жана үрп-адаттарын урматтоого, келген мамлекеттинички иштерине кийлигишүү катары түшүнүлгөн бардык иш-аракеттерди жаса-боого милдеттүү . II. Туруктуу өкүлчүлүктүн негизги милдеттери жана функциялары 7. Туруктуу өкүлчүлүктүн негизги милдеттери жана функцияларытөмөнкүлөр: - Кыргыз Республикасын тийиштүү эл аралык уюмда көрсөтүү; - Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо жана эларалык уюмдардын алкагында анын тышкы саясий курсун ишке ашыруу; - эл аралык уюмдун иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын катышуусункамсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн жана ТИМдин тапшырмаларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынынбашка мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тапшырмаларын, Кыр-гыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, мамле-кеттик мекемелеринин жана ишканаларынын суроо талаптарын аткаруу. Кыр-гыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тап-шырмалары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу орган-дарынын, мамлекеттик мекемелеринин жана ишканаларынын суроо-талаптарыТуруктуу өкүлчүлүккө ТИМ аркылуу гана же аны менен макулдашуу боюнчажөнөтүлөт; - эл аралык уюмдун иш-аракеттерин, эл аралык уюмдун мүчө-мамлекет-теринин эл аралык уюмдун алкагындагы кызматташуусунун абалын жана аныөнүктүрүүнүн негизги тенденцияларын жана эл аралык уюмга караштуу бай-коочулардын ишмердүүлүгүн талдоо; - Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө жана ТИМге, ошондой эле башка мамлекеттик бийлик жана башкарууоргандарына эл аралык уюмдун ишмердүүлүк маселелери боюнча тийиштүүтартипте маалымдап туруу, эл аралык уюмдун ишмердүүлүгүндө Кыргыз Рес-публикасынын катышуусун камсыз кылуу боюнча сунуштарды берүү; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органда-рынан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан, ошондой эле ишкана-ларынан, мекемелеринен жана уюмдарынан Туруктуу өкүлчүлүктүн компетен-циясына кирген маселелерди чечүү үчүн керектүү документтерди, су-рап-билүүчү жана башка материалдарды тийиштүү тартипте алуу, маалыматтыаталган органдарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга берүү; - эл аралык уюмдун максаттарын жана принциптерин ишке ашырууга,анын чечимдерин аткарууга жана анын алкагында кабыл алынган Кыргыз Рес-публикасы мүчө болуп эсептелген эл аралык келишимдерди аткаруугакөмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн жана ТИМдин тапшырмаларына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык эл ара-лык уюм менен сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жана аныналкагында эл аралык уюмдун ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелер боюнча эларалык келишимдердин долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгуу-га катышуу; - эл аралык уюмдун секретариаты, эл аралык уюмдун мүчө-мамлекетте-ринин туруктуу өкүлдөрү (туруктуу өкүлчүлүктөрү) жана эл аралык уюмгакараштуу туруктуу байкоочулар миссиялары менен, ошондой эле келген мам-лекеттин мамлекеттик бийлик органдары, коомдук бирикмелери, ишкер, или-мий жана маданий чөйрөлөрү , массалык маалымат каражаттары менен Турук-туу өкүлчүлүктүн компетенциясына караштуу маселелер боюнча карым-кат-наштарды түзүү; - эл аралык уюмдун алкагында иш-чараларды жүргүзүүгө байланышканкызмат адамдарынын жана расмий делегациялардын ишсапарларын даярдоогожана ишке ашырууга катышуу; - Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсу, анын ички саясаты,социалдык-экономикалык, маданий жана руханий жашоосу жөнүндө бил-дирүүлөрдү жана расмий маалыматты эл аралык уюмдун алкагында таратуужана эл аралык уюмдун алкагында Кыргыз Республикасынын позитивдүү ка-дыр-баркын түптөөгө, эл аралык аренадагы демилгелерге позитивдүү мамилекылууга ар тараптуу көмөктөшүү; - келген мамлекетте жашап жатышкан мекендештер жана улуттук бор-борлор менен байланыштарды жана карым-катнаштарды түзүүгө жанаөнүктүрүүгө жардамдашуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тийиштүү эл аралык уюмдунэрежелерине, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жана келген мамлекет-тин мыйзамдарын эске алып, башка функцияларды аткаруу. III. Туруктуу өкүлчүлүктүн структурасы жана ишмердүүлүгүнүн уюштурулушу 8. Туруктуу өкүлчүлүктү Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмга ка-раштуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналган Кыргыз Республикасынын эларалык уюмга караштуу Туруктуу өкүлү (мындан ары-Туруктуу өкүл) жетек-тейт. 9. Туруктуу өкүл болуп тийиштүү дипломатиялык жана коомдук-саясийтажрыйбасы бар, тийиштүү эл аралык уюмдун расмий жумушчу тилдеринин би-ринде сүйлөгөн, өзүнүн жеке сапаты, профессионалдык билими жана денсоо-лугунун абалы боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара ала турган Кыр-гыз Республикасынын жараны дайындалат. 10. Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрининсунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин тийиштүү комитети менен консультацияжүргүзгөндөн кийин дайындалат. 11. Туруктуу өкүлдүн ордуна талапкер Кыргыз Республикасынын тышкыиштер министри тарабынан талапкердин өмүр баяны жөнүндө маалыматты,ошондой эле ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн анын профессионалдыксапатын ырастаган тийиштүү документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөКыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлөт. 12. Туруктуу өкүлдүн ордуна талапкерге көрсөтмө Кыргыз Республика-сынын Президенти менен макулдашуу боюнча Президенттин Администрациясытарабынан ТИМдин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин эл аралык маселелер боюнча тийиштүү комитетине консультациялардыжүргүзүү үчүн жөнөтүлөт. 13. Туруктуу өкүлдү дайындоо жөнүндө чечим Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти тарабынан кабыл алынат, ал Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин эл аралык маселелер боюнча тийиштүү комитети менен консульта-циялар өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгыменен таризделет. 14. Туруктуу өкүл эл аралык уюмда аккредиттелүүгө жөнөгөнгө чейинТИМ эл аралык уюмга жана тиешелүү эл аралык уюм жайгашкан мамлекеттинТышкы иштер министрлигине бул адамды Кыргыз Республикасынын бул эл ара-лык уюмдагы Туруктуу өкүлү катары аккредиттөө өтүнүчү менен дипломатия-лык ноталарды жөнөтөт. 15. Туруктуу өкүлдү кайрадан чакырып алуу жана/же ээлеген кызматы-нан бошотуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин көрсөтүүсүбоюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ишке ашырылат, булучурда ал чет өлкөгө кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмесорунга дайындалуу мүмкүнчүлүгүн сактайт. 16. Туруктуу өкүл Туруктуу өкүлчүлүктүн ишин түздөн-түз жетектейт,Туруктуу өкүлчүлүккө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана анынфункцияларды аткарышына жеке өзү жооп берет, ТИМдин ченемдик укуктукактыларына ылайык Туруктуу өкүлчүлүктүн структурасын аныктайт, анынкызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерин бөлүштүрөт. Келген мамлекетте Туруктуу өкүл жок болгон учурда анын орун басар-ларынын же Туруктуу өкүлчүлүктүн улуу дипломатиялык кызматкерлерининичинен тийиштүү тартипте дайындалуучу Туруктуу өкүлдүн милдетин аткару-учу адам анын функцияларын аткарат. Эгерде келген мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ый-гарым укуктуу Элчиси Туруктуу өкүл катары дагы иштесе, ал жок болгонучурда Кыргыз Республикасынын иштеринде Убактылуу Ишенимдүү адам же ти-йиштүү тартипте дайындалуучу улуу дипломатиялык кызматкерлердин бириТуруктуу өкүлдүн милдетин аткарат. 17. Туруктуу өкүлчүлүктүн, анын кызматкерлеринин жана алардынуй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууну уюштуруу, мамлекеттикжана башка мыйзам тарабынан корголуучу купуя сырларды сактоону уюшту-руу, финансы каражаттарын бөлүштүрүү, Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкер-леринин ишин жана бөлүмдөрүнүн өз ара иш жүргүзүшүн уюштуруу түздөн-түзТуруктуу өкүл же ал тарабынан дайындалган улуу дипломаттык кызматкертарабынан жүргүзүлөт. Туруктуу өкүлчүлүктүн, Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жанаалардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, аныничинде келген мамлекетте өзгөчө кырдаалдар болгон шарттарда, эл аралыкукукка жана келген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алардын артыкчаукуктарын жана иммунитеттерин сактоо боюнча, мамлекеттик жана мыйзамтарабынан корголуучу башка купуя сырларды коргоону уюштуруу боюнча ча-ралар Туруктуу өкүлчүлүк тарабынан Кыргыз Республикасынын келген мамле-кеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү менен бирге ишке ашырылат. 18. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин кызмат акыларынынөлчөмдөрү ТИМдин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулда-шылган көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынананыкталат Туруктуу өкүлчүлүктүн штаттык саны ТИМдин көрсөтмөсү боюнчаКыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 19. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин укуктары жана милдетте-ри "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын
мыйзамы, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги диплома-тиялык өкүлчүлүгү жөнүндө Жобо, ушул Жобо, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын башка ченемдик укуктук актылары жана эл аралык укук ченемдерименен жөнгө салынат. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери Туруктуу өкүлдүн, ал эми алжок болгон учурда - Туруктуу өкүлдүн милдетин аткарып жаткан адамдынбуйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууга милдетүү. Туруктуу өкүл өз кызматкерлерин Туруктуу өкүлчүлүктүн функциялары-нын алкагынан тышкары колдонууга укуктуу эмес. 20. Туруктуу өкүлчүлүктүн иши ТИМдин көрсөтмөлөрүн эске алыптүзүлгөн кварталдык, жарым жылдык жана бир жылдык пландардын негизиндежүргүзүлөт. Туруктуу өкүлчүлүк ТИМ тарабынан аныкталган мөөнөттө саясий, фи-нансылык жана башка отчетторду ТИМге өз убагында берүүгө тийиш. 21. Туруктуу өкүлчүлүктүн курамына ТИМ тарабынан аныкталган тар-типте Кыргыз Республикасынын башка аткаруу бийлик органдарынын жанамамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Аларды жөнөтүү, дайындоо, иштетүү жана кайрадан чакырып алуу жа-на/же ээлеген кызматынан бошотуу шарттары ТИМ тарабынан аныкталган тар-типте Кыргыз Республикасынын тийиштүү аткаруу бийлик органдары жанамамлекеттик мекемелери менен бирдикте аныкталат. 22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Туруктууөкүлчүлүктө профсоюздардан тышкары саясий партиялардын, диний, коомдукбирикмелердин түзүмдөрү түзүлбөйт. 23. Туруктуу өкүлчүлүктүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бий-лик жана башкаруу жана башка мамлекеттик органдары менен расмий кат ал-машуулары ТИМ аркылуу жүргүзүлөт Шашылыш учурларда Туруктуу өкүлчүлүкбул тууралуу ТИМге кабарлап, аларга түздөн-түз кайрыла алат. IV. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлерин жана жумушчуларын дайындоо, чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат ордунан бошотуу тартиби 24. Туруктуу өкүлчүлүктүн дипломатиялык кызматкерлерин жана адми-нистративдик-техникалык персоналынын мүчөлөрүн Туруктуу өкүлчүлүктүнштатына дайындоо, ошондой эле ротациялоо ушул Жобого ылайык жана ТИМдинченемдик укуктук актылары белгилеген тартипте жүргүзүлөт. Туруктуу өкүлчүлүктүн дипломатиялык кызматкерлери жана администра-тивдик-техникалык персоналынын мүчөлөрү өз кызмат орундарына Туруктууөкүлчүлүктүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган штаттыксанынын чегинде тышкы иштер министринин буйругу менен Кыргыз Республи-касынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин ичинен дайындалат. Туруктуу өкүлчүлүктүн штаттык расписаниесинде кызмат орундары ка-ралбаган кызматкерлерди дайындоо Туруктуу өкүлдүн ички буйругу мененишке ашырылат. 25. ТИМдин борбордук аппаратында же Кыргыз Республикасынын айма-гындагы анын өкүлчүлүктөрүндө (мындан ары - ТИМдин борбордук аппараты)иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери, ошондой эле дипломатия-лык рангы бар жана ТИМдин кадрлар резервинде турган мамлекеттик кызмат-керлер Туруктуу өкүлчүлүккө ротациялоо иретинде дайындалат. Туруктуу өкүлчүлүккө биринчи ирет дайындалганга чейин кызматкерТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кем эмес иштөөгө тийиш. ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кем иштеген ТИМдин борбор-дук аппаратынын кызматкери ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кемэмес иштеген ТИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин арасындаылайыктуу кандидатура жок болгон учурда гана Туруктуу өкүлчүлүккө да-йындалышы ыктымал. Туруктуу өкүлчүлүккө тиешелүү дипломатиялык тажрыйбасы бар, четтилдердин бирин билген, өзүнүн профессионалдуу тажрыйбасы, даярдыгы жа-на адистиги, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча ага жүктөлгөнфункцияларды аткарууга жөндөмдүү болгон Кыргыз Республикасынын жараныдайындалат. 26. Туруктуу өкүлчүлүктүн жана ТИМдин борбордук аппаратынын кыз-маткерлерин жана административдик-техникалык персоналынын мүчөлөрүн ро-тациялоо пландык тартипте жүргүзүлөт. Ротациялоонун планга ченемдүү болушун камсыз кылуу максатында дип-ломатиялык кызматтын кызматкерлеринин төмөнкүдөй иштөө мөөнөттөрү анык-талат: - чет өлкөлөргө болгон ишсапарлардын ортосундагы мезгилде ТИМдинборбордук аппаратынын бөлүмдөрүндө - эки жылдан кем эмес; - Туруктуу өкүлчүлүктө - үч жылга чейин (бул мөөнөт Кыргыз Респуб-ликасынын тышкы иштер министринин чечими боюнча жана кызматкердин ма-кулдугу менен кызматтык зарылдыкка байланыштуу бир жылдан ашпаган уба-кытка узартылышы мүмкүн). Административдик-техникалык персоналдын мүчөлөрү үчүн Туруктууөкүлчүлүктө иштөө мөөнөтү эки жылга чейин белгиленет, бул мөөнөт КыргызРеспубликасынын тышкы иштер министринин чечими боюнча узартылышымүмкүн. 27. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерин чакырып алуу жана/же ээлегенкызматынан бошотуу ушул Жобонун 26-пунктунда каралган мөөнөт аяктаган-дыгына байланыштуу жүргүзүлөт. Туруктуу өкүлчүлүктө иштегенден кийин Кыргыз Республикасына кайтыпкелген дипломатиялык кызматтын кызматкери кайтып келген күндөн тартыпүч айдын ичинде кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес орунгадайындалат. 28. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлерин мөөнөтүнөн мурда чакырыпалуу төмөнкү учурларда ишке ашырылышы мүмкүн: - кызматтык зарылчылык болгон учурда, ротациянын алкагында пландыкнегизде, бирок Туруктуу өкүлчүлүктөгү эки жылдык иш мөөнөтү аяктаганданкийин; - келген мамлекетте өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда; - кызматкер персона "нон грата" деп жарыяланса, же болбосо, келгенмамлекеттин компетенттүү бийликтери мындай адамдын келген мамлекеттеболуусу мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү берсе; - кызматкер келген мамлекеттин каада-салттарын жана мыйзамдарынурматтабаса, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал че-немдерин сактабаса; - кызматкер өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн келген мамлекеттин мыйзамдарынурматташын, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал че-немдерин сакташын камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаса; - чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган катуу ооруга чалдыкса; - Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкери өзүнүн жеке каалоосунбилдирсе. Туруктуу өкүлчүлүктүн чакырып алынган кызматкери ТИМдин борбордукаппаратына кызмат ордуна дайындалат жана ошол эле убакта Туруктууөкүлчүлүктүн кызматкеринин кызматынан бошотулат. 29. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкери ошондой эле төмөнкү учурлардаээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн: - эмгек милдеттерин, ошондой эле ТИМ тарабынан өзүнүн чет элдикмекемелери үчүн кабыл алынган Ички эмгек тартип эрежелеринде камтылганрежимдик талаптарды одоно бузса; - иштеген жериндеги мүлктү (анын ичинде майдасын дагы) уурдаса,жоготсо, аны билип туруп талкаласа же бузуп таштаса; - жумушка алкоголдук, бањгилик же башка токсикалык мас болуу аба-лында келсе; - кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага маалым болгонмыйзам тарабынан корголуучу жашыруун сырды (мамлекеттик, кызматтык жанабашка) жарыялап таштаса; - эгерде мындан мурун колдонулган тартиптик чараларга карабастанөзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди бир нече жолу аткарбаса же тийиштүүтүрдө аткарбаса; - ага карата соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе, - ротация иретинде которулуудан баш тартса; - Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо же кош жарандуулуктартибинде башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алса; - пенсиялык жашка жетсе; - Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкеринин жеке каалоосу боюнча. V. Туруктуу өкүлдүн кызматтык милдеттери жана укуктары 30. Туруктуу өкүл Туруктуу өкүлчүлүккө жүктөлгөн милдеттерди жанафункцияларды аткаруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылат: - Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин ишин жана алардын би-ри-бири менен өз ара иштешин уюштуруу; - Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери эл аралык уюмда Кыргыз Рес-публикасынын кызыкчылыктарын татыктуу дењгээлде камсыз кылышы үчүн аларменен иштерди жүргүзүү; - мамлекеттик жашыруун сырды жана мыйзам менен корголуучу башкакупуя сырларды коргоону уюштуруу, дипломатиялык кат алмашуунун жашырын-дуулугун сактоону контролдоо жана Туруктуу өкүлчүлүктүн, анын кызмат-керлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тиешелүү коопсуздук дењгээ-лин сактоо боюнча чараларды көрүү; - саясий, финансылык жана башка отчетторду ТИМге өз убагында бериптуруу; - Туруктуу өкүлчүлүккө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды үнөмдүүсарптоо, финансылык тартипти жана каражаттарды катуу үнөмдөө режиминсактоо; - Туруктуу өкүлчүлүктүн дипломатиялык кызматкерлери өздөрүнүн про-фессионалдык дењгээлин жогорулатышы, чет тилдерин үйрөнүүнү өркүндөтүшүүчүн шарттарды түзүү; - Туруктуу өкүлчүлүктүн жамаатында таза моралдык-психологиялык ма-анайды сактоо жана Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин иши үчүн за-рыл болгон техникалык шарттарды камсыздоо, аныкталган тартипте аныниш-аракеттерине байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүү; - Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөмүчөлөрүнүн мамлекет тарабынан социалдык жардам алышына бардык жактанкөмөк көрсөтүү. Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларыныннегизинде башка функционалдык милдеттерди дагы аткарат. 31. Туруктуу өкүл өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерди атка-руу максатында төмөнкүлөргө укуктуу: - сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жана "Кыргыз Республикасынын эл аралыккелишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык КыргызРеспубликасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ТИМдинтапшырмасы боюнча ага берилген ыйгарым укуктардын негизинде Кыргыз Рес-публикасы менен өзү аккредиттелген эл аралык уюмдун ортосундагы эл ара-лык келишимдерге кол коюуга, ошондой эле эл аралык конференцияларгажана жолугушууларга катышууга; - аныкталган тартипте эл аралык уюм жана эл аралык уюмдун мү-чө-мамлекеттери менен болгон карым-катнаштарды, ошондой эле Туруктууөкүлчүлүктү н иш-аракеттерин өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштардыКыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнжана ТИМдин кароосуна коюуга; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органда-рынан, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары-нан, ошондой эле алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана кайсы ведом-ствого баш ийгендигине карабастан, Кыргызстандын башка ишканаларынан,мекемелеринен жана уюмдарынан Туруктуу өкүлчүлүктүн компетенциясынакирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтыкжана башка материалдарды аныкталган тартипте алууга, аталган органдар-га, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга маалыматтарды аныкталгантартипте жөнөтүүгө; - тигил же бул себептердин негизинде пайда болгон өзгөчө кырдаал-дарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын атынан кабыл алынган саясийчечимдер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга; - зарыл болгон учурда жана ТИМдин макулдугу менен келген мамлекет-тин чек араларынан тышкары аймактарга кыска мөөнөттүү кызматтык ишса-парларга чыгууга; - зарыл болгон учурда ТИМ менен макулдашуу боюнча бир жылга каратабекитилген акча каражаттарын Туруктуу өкүлчүлүктүн сметасынын статьяла-ры боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана КыргызРеспубликасынын тиешелүү жылга карата "Кыргыз Республикасынын республи-калык бюджети жөнүндө" Мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте кайраданбөлүштүрүүнү жүргүзүүгө; - ТИМ менен макулдашуу боюнча Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери-не алкыш жарыялоо, финансылык каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен аларгаакчалай сыйакыларды берүү, ошондой эле аныкталган тартипте ТИМгеөзүлөрүн өзгөчө көрсөткөн Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлерин КыргызРеспубликасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү, Турук-туу өкүлчүлүктүн дипломатиялык кызматкерлеринин рангдарын жана кызматорундарын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган негизде келген мамлекетте болгон Туруктуу өкүлчүлүктүн кызмат-керлерине карата тартиптик жазаларды колдонуу жана ишин мөөнөтүнөн мур-да токтотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө; - мамлекеттик кызмат орундарына кирбеген кызматтарды ээлеген Ту-руктуу өкүлчүлүктүн административдик-техникалык кызматкерлерин сыйлоожана аларга карата тартиптик жазаларды колдонуу жөнүндө, ошондой элеТИМдин компетенциясына кирбеген Туруктуу өкүлчүлүктүн башка иш-аракет-терине байланышкан маселелер боюнча буйруктарды чыгарууга; - ТИМ менен макулдашуу боюнча контракттык негизде Кыргыз Республи-касынын жарандарын жана ошондой эле келген мамлекеттин аймагында турук-туу жашап жаткан чет элдик жарандарды Туруктуу өкүлчүлүктүн штаттыкрасписаниесинде каралбаган техникалык кызмат орундарына алууга жанааларды ээлеген орундарынан бошотууга, ошондой эле отпускага чыгаруу жа-на ишсапарга жөнөтүү жөнүндө буйруктарды чыгарууга; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Турук-туу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана келген мамлекетте болгон алар-дын үй-бүлө мүчөлөрүнүн командировкага жөнөшүнө жана Кыргыз Республика-сына, ошондой эле башка өлкөлөргө кыска мөөнөткө барып-келүүсүнө байла-нышкан маселелерди чечүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укуктун че-немдерине ылайык башка ыйгарым укуктардан пайдаланууга. 32. Туруктуу өкүл бир нече эл аралык уюмдарда аккредиттелгендигиже келген мамлекетте Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи катары анын ишинкошо алып барууга аккредиттелгендиги үчүн анын кызмат акысынатөмөнкүдөй үстөк акылар төлөнөт: а) кошумча бир эл аралык уюмду же өлкөнү алып иштегендигиүчүн - 10%; б) кошумча эки жана андан көп эл аралык уюмдарды же өлкөлөрдү алыпиштегендиги үчүн - 20%. VI. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана жумушчуларынын укуктары жана милдеттери 33. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин иш-аракеттеринин тарти-би ТИМ тарабынан чет элдеги мекемелери үчүн аныкталган Ички эмгек тар-тибинин эрежелери менен аныкталат. 34. Туруктуу өкүлдүн жана Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлерининукуктары менен милдеттери "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, эмгек мыйзамдарына, ушул Жо-бого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ыла-йык аныкталат. Келген мамлекетте кабыл алынган кызматкерлердин укуктары жана мил-деттери Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ченемдик укуктукактыларына ылайык Туруктуу өкүл жана кызматкерлер тарабынан кол коюлганконтракттар менен аныкталат. 35. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу: - аныкталган тартипте кызматтык квалификацияларын жогорулатууга,өздөрүнүн билим дењгээлин, компетенттүүлүгүн жана профессионалдык ква-лификациясын, ошондой эле эмгек иш-аракеттерин эске алуу менен кызматорду боюнча алдыга жылууга; - мамлекет тарабынан берилген социалдык жана укуктук коргоо, ошон-дой эле үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге тиешелүү медициналык тейлөө мененкамсыз болууга; - ден соолукка коркунуч туудурбаган эмгек шарттары менен камсызболууга; - пенсиялык жактан камсыз болууга; - жетекчи берген оозеки буйруктун мыйзам ченемдүү экендигинде шексаноо пайда болгон учурда мындай буйруктун жазуу жүзүндө берилишин та-лап кылууга; - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык отпускага чыгу-уга жана эс алууга; - Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларытарабынан белгиленген башка укуктарга ээ болушат. 36. Иштеген жерине көчүп барууга байланышкан компенсацияны төлөпберүү тартиби жана шарттары, ошондой эле Туруктуу өкүлчүлүккө иштөөгөжөнөтүлүп жаткан кызматкерлерди материалдык-тиричилик жактан камсыз кы-луу шарттары келген мамлекеттеги климаттык жана башка шарттарды эскеалуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 37. Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүүКыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик укуктук акты-ларын сактоого; - Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын ишке ашырууга, Кыр-гыз Республикасынын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын өсүшүнөкөмөктөшүүгө, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун, экономикалык жанаилимий-техникалык потенциалын чыњдоого көмөк көрсөтүүгө; - Кыргыз Республикасын татыктуу дењгээлде көрсөтүүгө жана анынкелген мамлекеттеги кызыкчылыктарын коргоого; - келген мамлекеттин мыйзамдарын, эрежелерин жана салттарын урмат-тоого; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен корголгонмамлекеттик, кызматтык жана башка жашыруун сырды сактоого, мындай жашы-руун сырлар дипломатиялык кызматтагы иш токтогондон кийин дагы жашыруунтүрдө калышы керек; - өздөрүнүн профессионалдык дењгээлдерин, квалификацияларын жого-рулатууга, ошондой эле чет тилдерин үйрөнүүнү өркүндөтүүгө; - ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого; - Туруктуу өкүлчүлүктүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу мак-сатында Туруктуу өкүл тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдүаткарууга. 38. Туруктуу өкүл жана Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеритөмөнкүлөргө укуктуу эмес: - педагогикалык, илимий жана башка чыгармачыл иштерден башка акытөлөнүүчү иш-аракеттерди жасоого; - ишкерлик иш-аракеттерди жасоого, ошондой эле өзүнүн кызмат аба-лын жеке жана юридикалык жактар ишкерлик иш-аракеттерди жүргүзүшү үчүналарга көмөктөшүү жана мындай көмөк көрсөтүү үчүн бардык формадагы сы-йакы алуу максатында пайдаланууга; - материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоокаражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын, башка мамлекеттикмүлктү жана кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары максаттарда пай-даланууга; - протоколдук ишчараларды өткөрүү учурунда ыйгарылуучу белектердентышкары жеке адамдардан жана юридикалык жактардан белектерди алууга; - өзүнүн кызматтык иш-аракеттерине байланыштуу саясий партиялардынжана диний уюмдардын иштеринде катышууга; - ага баш ийген кызматкерлердин эмгегин Туруктуу өкүлчүлүктүнфункцияларын аткаруудан тышкары пайдаланууга; - "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамы, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын мыйзамы менен тыюу салынган башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө. 39. Кызматкерлердин Туруктуу өкүлчүлүктүн жетекчилиги менен болгонэмгек чыр-чатактары Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан мыйзамдар-дын алкагында чечилет. Чет элдеги дипломатиялык өкүлчүлүк катары каралган Туруктуу өкүл-чүлүктүн иш-аракеттеринин өзгөчө мүнөзүн, шарттарын жана башка өзгөчө-лүктөрүн эске алып, Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жетекчиликменен болгон айрым бир чыр-чатактарын чечүү акыркысынын чечими боюнчаТИМ тарабынан ар бир конкреттүү учур үчүн аныкталган процедуранын неги-зинде жүргүзүлүшү мүмкүн. VII. Туруктуу өкүлдүн жана Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жоопкерчилиги 40. Укук бузгандыгы үчүн Туруктуу өкүл жана Туруктуу өкүлчүлүктүнкызматкерлери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ка-ралган тартипте жана шарттарда жазыктык, материалдык, административдикжана тартиптик жоопкерчиликтерди тартышат. 41. Туруктуу өкүл жана Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлериөздөрүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же туура эмес аткаргандыгы үчүналарга карата төмөнкүдөй тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн: - эскертүү; - сөгүш; - катуу сөгүш; - кызмат ордуна толугу менен ылайык келбегендиги тууралуу эс-кертүү; - кызмат ордун же дипломатиялык рангын кичирейтүү; - дипломатиялык рангын алып таштоо; - ээлеген кызмат ордунан бошотуу; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгантартиптик жазалардын башка түрлөрү. 42. Туруктуу өкүлдү чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат ордунанбошотуу, анын кызмат ордун же дипломаттык рангын кичирейтүү, ошондойэле дипломатиялык рангын алып таштоо Кыргыз Республикасынын тышкы иштерминистринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынанжүргүзүлөт, ал эми Туруктуу өкүлчүлүктүн башка кызматкерлерине каратажогоруда аталган чараларды колдонуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштерминистринин буйругу боюнча жүргүзүлөт, мында Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти тарабынан ыйгарылган дипломатиялык рангдарды алып таштоо жекичирейтүү эске алынбайт. 43. Ушул Жобонун 41-пунктунда белгиленген тартиптик жазалар КыргызРеспубликасынын тышкы иштер министри тарабынан Кыргыз Республикасынынэмгек мыйзамдарында каралган тартипте Туруктуу өкүлчүлүктүн бардык кыз-маткерлерине карата колдонулушу мүмкүн. 44. Тартиптик жаза Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыла-рына ылайык башкача түрдөгү жоопкерчиликтин колдонулушу каралганиш-аракеттерге карата салынбашы керек. VIII. Корутунду жоболор 45. Туруктуу өкүлчүлүк юридикалык жак болуп эсептелет, анын КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик герби тартылган жана өзүнүн аталышы бармөөрү, тиешелүү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары жана банктагысчеттору болот. 46. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген Туруктууөкүлчүлүктүн жер участоктору, имараттары, курулуштары жана башкамүлктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Ту-руктуу өкүлчүлүккө бекитилет. Туруктуу өкүлчүлүк өзүнө бекитилген мүлккө карата аныкталган тар-типте келген мамлекеттин мыйзамдарын эске алуу менен мындай мүлккө ээ-лик кылуу, аны пайдалануу жана башкаруу укуктарын ишке ашырат. 47. Туруктуу өкүлчүлүктүн иш-аракеттерин камсыз кылууга байланыш-кан финансылык жана башка маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на, ТИМдин, башка тийиштүү аткаруу бийлик органдарынын ченемдик укуктукактыларына ылайык чечилет. 48. Туруктуу өкүлчүлүктүн институту болбогон эл аралык уюмдардаТуруктуу же Ыйгарым укуктуу өкүл болуп эл аралык уюм жайгашкан мамле-кеттеги же жакынкы чет мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломаттыкөкүлчүлүгүнүн жетекчиси же улуу дипломаттык кызматкери дайындалышымүмкүн. 49. Чет мамлекеттин аймагында туруктуу өз функцияларын аткарыпжаткан эл аралык уюмдарга караштуу Кыргыз Республикасынын туруктуу бай-коочуларынын, эл аралык уюмдарга караштуу Кыргыз Республикасынын толукыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн миссияларын түзүү жана алардын иш-аракетте-ри тийиштүү эл аралык уюмдун эрежелерин эске алып, ушул Жобо тарабынананыкталган тартипте ишке ашырылат.