Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-августу ПЖ № 383
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан
анык аскердик жана альтернативдик (аскердик
эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп
бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик
эмес) кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой
эле 2007-жылдын октябрь-декабрында жарандарды
анык аскердик жана альтернативдик (аскердик
эмес) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлерин
запаска бошотуу, ошондой эле 2007-жылдын
октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик
жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат
өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети
жөнүндө" жана "Альтернативдик (аскердик эмес) кызмат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик
бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик
эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтер-
нативдик (аскердик эмес) кызматкерлер запаска бошотулсун.
2. 2007-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылуу-
га укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон эркек жа-
рандар, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жогот-
кон улуу чакыруу курагындагы жарандар Кыргыз Республикасынын минист-
рликтери менен администрациялык ведомстволоруна, ишканаларына, мекеме-
лерине жана уюмдарына анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес)
кызмат өтөөгө чакырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бошотуунун мөөнөттөрүн, анык ас-
кердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырууну
жүргүзүүнүн тартибин аныктасын.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев