Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1996-жылдын 20-марты ПУ № 102
"Билим" Улуттук билим берүү программасынын негизги багыттары жөнүндө
Билим берүү системасын реформалоону андан ары өнүктүрүү аны рынок шартына ылайыкташтыруу, билим алуунун калктын кеңири катмары үчүн жеткиликтүүлүгүн сактап калуу, окутуу сапатынын эл аралык стандарттарына жетишүү жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине дагы жигердүүлүк менен кирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1996-жыл Кыргыз Республикасында Билим берүү жылы деп жарыялансын.
2. 1996-жылдан 2000-жылга чейинки мезгилге "Билим" Улуттук билим берүү программасынын негизги багыттары бекитилсин (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки айлык мөөнөттө 1996-жылдан 2000-жылга чейинки мезгилге "Билим" Улуттук билим берүү программасынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле анын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын маданият министрлиги, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, ошондой эле билим берүү мекемелери бар Кыргыз Республикасынын башка министрликтери жана ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусу "Билим" Улуттук билим берүү программасынын иш-чараларын ишке ашырууга жигердүү катышсын.
5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1996-жылдын 20-марты ПУ № 102
"Билим" Улуттук билим берүү программасынын негизги багыттары жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Билим берүү системасын реформалоону андан ары өнүктүрүү аны рынок шартына ылайыкташтыруу, билим алуунун калктын кеңири катмары үчүн жеткиликтүүлүгүн сактап калуу, окутуу сапатынын эл аралык стандарттарына жетишүү жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине дагы жигердүүлүк менен кирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1996-жыл Кыргыз Республикасында Билим берүү жылы деп жарыялансын.
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |