Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 26-сентябры ПЖ № 418 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "ВЛ 500 кВ Датка-Кемин" долбоорун технико-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергосистемасынын ишенимдүүлүгүн камсызкылуу максатында токтом кылам: 1. 2007-жылы 19-сентябрда Бишкек шаарында кол коюлган "ВЛ 500 кВДатка-Кемин" долбоорун технико-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүнКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүнортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган макулдашуунун күчүнө ки-риши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республи-касы аткаргандыгы жөнүндө Америка Кошмо Штаттарынын соода жана өнүктү-рүү боюнча Агенттигине белгиленген тартипте кабарласын. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев