Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                            КР Президентинин

                  2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ N 508 Жарлыгына ылайык

                         2010-жылдын 1-январынан тартып

                             КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 27-сентябры ПЖ N 432

 

                       КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

                          Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк

                             акыларды белгилөө жөнүндө

 

Караңыз: КР Президентинин "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө" Жарлыгына Түшүндүрмө

Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарды алуучуларга социалдык жактан кошумча колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:

1. 2007-жылдын 1-октябрынан тартып ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга төмөнкүдөй үстөк акылар белгиленсин:

300 сом өлчөмүндө:

- балдардын церебралдык шал болуусунан жапа чеккен майып балдарга;

- ВИЧ-инфекциясы жуккан же СПИД менен ооруган балдарга;

- ВИЧ-инфекциясы жуккан же СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдарга;

- бала чагынан I топтогу майыптарга;

200 сом өлчөмүндө:

- майып балдарга;

- бала чагынан II топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, жалпы оорудан I топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, баатыр энелерге;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, тоголок жетимдерге;

100 сом өлчөмүндө:

- бала чагынан III топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, жалпы оорудан II топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, жалпы оорудан III топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, кары-картаң жарандарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, баккан адамынан ажыраган учурда, балдарга.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ар айдагы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатууга зарыл каражаттарды белгиленген тартипте тапсын;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти                                                              К.Бакиев