Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 466 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Мыйзам күчүнө ээ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин мөөнөтүнөн мурда таркашы-на байланыштуу жана Кыргызстан Республикасынын он экинчи чакырылыштагыЖогорку Советинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабылалынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган КыргызРеспубликасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасы-нын Конституциясынын жаны редакциясы жөнүндө"
Мыйзамында баяндалганКыргыз Республикасынын Конституциясынын
68-статьясынын 2 жана 3 пункт-тарына ылайык ушул Жарлыкты чыгарам: 1-статья. "Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкала-рын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жер-лерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык став-калары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин ведомосттору 2005-жыл, № 7, 498 ст.) төмөнкүдөйөзгөртүү киргизилсин: 11-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "11-статья. 2008-жылга жер салыгынын ставкалары белгиленген тартипте кабылалынганга чейин ушул Мыйзамда бекитилген ставкалар колдонула берет.". 2-статья. "Юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасына алы-нып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын2006-жылга ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ("Эр-кин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 6-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-зилсин: 3-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3-статья. 2008-жылга акциз салыгынын ставкалары белгиленген тартипте кабылалынганга чейин 2006-жылга белгиленген ставкалар колдонула берет.". 3-статья. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасын Президенти К.Бакиев