Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 Указы менен бекитилген |
"Кыргыз Республикасынын Баатыры"
эң жогорку артыкчылык даражасы жөнүндө
ЖОБО
(КР Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 60, 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 138 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматында баатырдык эрдик жасагандыгы үчүн граждандарга ыйгарылат.
2. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бир гана жолу ыйгарылат.
3. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылат.
4. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси сол төшкө Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.

"Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
"Ак Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 миллиметр болгон сегиз нурлуу жогорку деңгээлдеги жана диаметри 30 миллиметр болгон он алты нурлуу төмөнкү деңгээлдеги симметриялык жылдыз түрүндө болот.
Жылдыздын нурларынын, кырларынын жана формасынын чет жакалары тоо чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат. Жылдыздын борбордук айланасы күмүштөн жасалган рельефтүү лавр веногу менен курчалган.
Борбордук айлананын ортосуна күмүштөн жасалган ыйык "Ак Шумкардын" рельефтик сүрөтү жайгаштырылган.
Белгинин калыбы (кыргыздардын байыркы үч бурчтук ыйык белгиси) тумар түрүндө, андагы кызыл эмаль жайыкты түндүктүн рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган.
Калып жана жылдыз чынжырлар системасы менен бириктирилген. Жылдыздын арткы бетинде-белгинин номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде-төөнөгүч түрүндөгү илгич бар.

"Манас" орденинин
СТАТУТУ
1. "Манас" ордени менен мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон зор салымы үчүн граждандар сыйланат.
2. "Манас" орденинин төмөнкүдөй үч даражасы бар:
- I даражадагы "Манас" ордени;
- II даражадагы "Манас" ордени;
- III даражадагы "Манас" ордени.
3. "Манас" ордени менен сыйлоо төмөнкү ырааттуулукта жүргүзүлөт: III даражадагы, II даражадагы, I даражадагы "Манас" ордени.
Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти граждандарды III, II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланбастан эле I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлай алат.
4. "Манас" ордени сол төшкө Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынан мурда тагылат.

I даражадагы "Манас" ордени эки бөлүктөн турат - диаметри 60 миллиметр болгон сегиз шоолалуу алтын жылдыз жана ортосундагы алтын каттама, ал жашоонун символу болгон булутсуз асманды жана сууну чагылдырган чырмалышкан кочкул көк түстөгү эки квадраттан жана күндүн символу болгон борбордогу кызыл айланадан турат. Айлананын ортосунда - туусу шамалга желбиреген ат чаап бараткан Манастын рельефтүү алтын сүрөтү.
II даражадагы "Манас" ордени I даражадагы ордени менен бирдей. Мында анын жылдызы күмүштөн жасалган, каптама борбор жана жылдыздардын нурларынын ортосунда айлананы түзгөн сегиз жалбырак алтындан жасалган. Чырмалышкан көк кочкул квадраттардын бурчтарына алтын жалатылган. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптамалар калат.
III даражадагы "Манаc" ордени күмүштөн жасалат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптамалар калат.
Ордендердин арткы беттеринде номерлери чегип жазылган. Алар бурама менен бекитилет.

"Баатыр эне" орденинин
СТАТУТУ
(КР Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 60 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. "Баатыр эне" ордени менен төмөнкүлөр сыйланат.
- он жана андан ашык бала төрөгөн жана жакшы тарбиялап жаткан, өстүргөн энелер;
- тогуз жана андан ашык балдары бар жана аларды толук баалуу тарбиялап жаткан энелер - 2007-жылдын 1-январынан тартып;
- сегиз жана андан ашык балдары бар жана аларды толук баалуу тарбиялап жаткан энелер - 2008-жылдын 1-январынан тартып;
- жети жана андан ашык балдары бар жана аларды толук баалуу тарбиялап жаткан энелер - 2009-жылдын 1-январынан тартып;
- балдары "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон энелер.
2. Сегиз (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып жети) жана андан ашык балдары бар энелерди "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо сегизинчи (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып жетинчи) бала бир жашка толгондон кийин жана калган балдар аман болгон учурда жүргүзүлөт.
"Баатыр эне" ордени менен сыйлоодо төмөнкүдөй балдар эске алышат: - энеси мыйзамдарда белгиленген тартипте багып алгандар;
- аскердик, кызматтык жана граждандык парзын аткаруу учурунда курман же дайынсыз болгондор, ошондой эле мында жаракат алуунун, майыптыктын же ооруга чалдыгуунун айынан, же эмгекте майып болуунун же кесиптик ооруга чалдыгуунун айынан каза тапкандар.
3. "Баатыр эне" ордени сол төшкө Кыргыз Республикасынын медалдарынан мурда тагылат.

(КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 138 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Орден күмүштөн жана мельхиордон жасалып, алтындын буусу менен капталат жана диаметри 52 миллиметр болгон жети нурлуу жылдыз түрүндө болот.
Жылдыздын борборунда-булутсуз көк асманды элестеткен көк эмаль фонду жана ак эмаль алкак менен жээктелген каттама айланадан турат, анда "Баатыр эне" деген жазуу жайгашкан.
Айланада үйдүн кутун символдоштурган түндүктүн стилдүү сүрөтү берилген. Жогорку жагында "Алтын казык" жылдызынын сүрөтү бар.
Ордендин арткы бетинде номери чегип жазылган. Орден төөнөгүч менен бекитилет.

"Эрдик" медалы жөнүндө
ЖОБО
1. "Эрдик" медалы менен адамдарды сактап калууда, коомдук тартипти коргоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, бөөдө кырсыктардын, өрттүн, апааттын жана башка өзгөчө кырдаалдардын учурунда көрсөткөн каарман иш-аракети, эрдиги жана тайманбастыгы үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шартта аскердик, кызматтык жана граждандык парзын аткарууда жасаган каарман жана чечкиндүү иш-аракети үчүн граждандар сыйланат.
2. "Эрдик" медалы сол төшкө Кыргыз Республикасынын ордендеринен кийин тагылат.

"Эрдик" медалынын
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Медаль эки бөлүктөн - тик бурчтуу калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон фигураланып кесилген күмүш айланадан турат, алар өз ара звенолор системасы менен бириккен.
Айлананын ортосунда каармандыктын, чыдамкайлыктын жана кеменгерликтин символу катары ак илбирстин сүрөтү жайгаштырылган.
Айлананын жээгинде Мамлекеттик туунун элементтери (күн нурлары) жайгаштырылган жана "Эрдик" деген сөз жазылган.
Калыптын бет тарабында ысык ыкма менен иштелген эмалдын үч тик тилкеси жайгашкан, алар жашоонун символу катары ак карлуу Ала-Тоонун чокуларын, сууну жана тынчтыктын символу катары көгүлтүр асманды чагылдырган ак жана көк түстө.
Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.

"Даңк" медалы жөнүндө
ЖОБО
1. "Даңк" медалы менен мамлекеттик кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук ишиндеги олуттуу жетишкендиктери үчүн граждандар сыйланат.
2. "Даңк" медалы сол төшкө "Эрдик" медалынан кийин тагылат.

"Даңк" медалынын
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Медаль эки бөлүктөн-күмүш калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон айланадан турат: алар бири-бири менен айланага терең отургузулган байламта системасы менен бириккен.
Калыпта даңктын символу болгон кайчылаштырылган эки лавр бутагы, анын үстүндө ысык ыкма менен жабылган кызыл эмалдуу эки тик бурчтук тартылган.
Айлана адаттан тышкаркы ыкма менен жасалган; анын чок ортосунда жана жээктеринде көзөнөктөр бар, алар аны жеңил сыяктуу көрсөтүп турат. Айлананын ортосунан төмөн жакта "Даңк" деген жазуу бар, борбордон эки жакты карай кыргыздын ою-чиймелеринин элементтери жайгаштырылган.
Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндө илгич, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.

"Эне даңкы" медалы жөнүндө

1. "Эне даңкы" медалы менен төмөнкүлөр сыйланат:
- жети (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып алты) бала төрөгөн жана тарбиялап жаткан энелер;
- жетим балдар жана майып балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар;
- кайрымдуулук фонддорунда жана мекемелеринде жигердүү иштеген, энени жана баланы коргоого кыйла салым кошкон жана жалпы эмгек стажы 20 жылдан ашкан аялдар.
2. Жети (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып алты) жана андан ашык бала төрөгөн жана тарбиялап жаткан энелерди "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жетинчи (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып алтынчы) бала 1 жашка толгондон кийин жана калган балдар аман болгон учурда жүргүзүлөт.
"Эне даңкы" медалы менен сыйлоодо төмөнкүдөй балдар эске алынат:
- эне мыйзамда белгиленген тартипте багып алгандар;
- аскердик, кызматтык жана граждандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор, ошондой эле мындан улам жарадар, майып болуунун же ооруга чалдыгуунун айынан, же эмгектик майыптыктын же кесиптик оорунун айынан каза тапкандар.
3. "Эне даңкы" медалы сол төшкө "Даңк" медалынан кийин тагылат.

"Эне даңкы" медалынын

Медаль мельхиор калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон күмүш айланадан турат, алар өз ара бириккен.
Калып (кыргыздын байыркы үч бурчтук ыйык белгиси) тумар түрүндө жасалган, анын жогорку жээгинде кыргыздын улуттук оюу-чиймеси, ал эми ортоңку бөлүгүндө булутсуз асманды, ак карлуу бийик чокуларды жана көгүлтүр "Ысык-Көлдү" символдоштурган сүрөт түшүрүлгөн: ага эмалдын көгүлтүр, ак, ультрамарин түстөрү жабылган.
Айлананын тышкы алкагында тегерете "Кыргыз Республикасынын" деген жазуу бар.
Көзөнөктүү айланага катуу бириктирүү ыкмасы менен нурлардын жана кыюуланган алкактын ортосунда "Баатыр эне" орденинин кичирейтилген сүрөтү жайгаштырылып, анын ортосуна "Эне даңкы" деген жазуу жазылган. Көзөнөктүү мейкиндикти бирдей өлчөмдөгү сегменттер түзөт.
Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар, ал эми медалдын артында номери чегип жазылган.
КР Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 125 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ