Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 467 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Мыйзам күчүнө ээ "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин мөөнөтүнөн мурда таркашы-на байланыштуу жана Кыргызстан Республикасынын он экинчи чакырылыштагыЖогорку Советинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабылалынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган КыргызРеспубликасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасы-нын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалганКыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-статьясынын 2 жана 3-пункт-тарына ылайык ушул Жарлыкты чыгарам. 1-статья. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучу-лардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2002-жыл, № 8,376-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. Мыйзамдын преамбуласындагы "жана маданият" деген сөздөр ", илимжана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. 2-статьядагы "бир стакан ысык сүт жана бир булочка түрүндө" де-ген сөздөр алып салынсын. 3. 3-статьядагы "(сүт-булочка)" деген сөздөр алып салынсын. 4. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын: "Сүттү жана булочканы тиешелүү түрдө өзүнүн кубаттуулук баалуулугубоюнча алмаштырылуучу азыктарга дал келе тургандай башка суусундуктаргажана нан-булочка азыктарына алмаштырууга жол берилет.". 5. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "9-статья. Бул Мыйзам төмөнкү учурдан тартып күчүнө кирет: - бийик тоолуу жана алыскы райондордогу мектептер үчүн, 2006-жыл-дын 1-январынан тартып; - башка айыл жерлериндеги, шаарлардагы жана шаар тибиндеги посе-локтордогу мектептер үчүн, - 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып.". 6. 10-статьяда: - "2003-2005" деген цифралар "2007 жана андан кийинки" деген циф-ралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүүчү мектептеринин1-4-класстарынын окуучуларынын тамак-ашы тиешелүү шаарлардын жергилик-түү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн норматив-дик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 3-статья. Бул Жарлык 2006-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев