Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 10-августу № 422 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-октябрындагы № 435 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин ишин андан арыөркүндөтүү максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы N194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивинтүзүү жөнүндө" Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-зилсин: - 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекет-тик архив кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-туу Мамлекеттик архив агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - төмөнкү мазмундагы 5-, 6-пункттар менен толукталсын: "5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин жооптуу кызмат-керлеринин штаттык санынын чеги 10 киши деп белгиленсин. 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин жооптуу кызмат-керлеринин эмгек акы, тиричилик, транспорт жана медициналык жактантейлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынынтүзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине тењештирилсин."; - 5-8-пункттар тийиштүү түрдө 7-10-пункттар деп эсептелсин; - жогоруда аталган Указ менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Архиви жөнүндөгү Жобо ушул Жарлыктын тиркемесине ылайыкжањы редакцияда баяндалсын. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 11-сентябрындагы№ 297 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөр-түүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Жарлыгы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-синин 2002-жылдын 8-январындагы № 4 буйругунун 1-пунктунун экин-чи-үчүнчү абзацтары. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте: - ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык жана башка маселелердичечсин; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-октябрындагыПЖ № 435 Жарлыгынын редакциясына ылайык) 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин канцеляриясына жүктөлсүн. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-августундагы № 422 Жарлыгынын тиркемеси "№ 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы № 194 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (мындан ары - Ар-хив) Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун документтеринтуруктуу сактоону жана пайдаланууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекемеболуп саналат. 2. Архив администрациялык жактан Кыргыз Республикасынын Президен-тинин Администрациясына баш ийет жана өз ишинде мамлекеттик архив кыз-маты менен өзара аракеттенет. 3. Архив юридикалык жак болуп саналат, бюджеттик финансылоодо ту-рат, өзүнүн эсеп-кысабы жана атайын эсеби, аталышы кыргыз жана орустилдеринде жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөнмөөрү болот. 4. Архив өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "КыргызРеспубликасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары менен буйрук-тарын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын жана ПрезиденттинАдминистрациясынын Жетекчисинин көрсөтмөлөрүн, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик архив кызматынын ченемдик укуктук жана усулдук документте-рин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. II. Архив документтеринин курамы Архив документтеринин курамына төмөнкүлөр кирет: - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш процессинде түзүлгөн до-кументтер; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын иш про-цессинде түзүлгөн документтер; - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар мененмекемелердин иш процессинде түзүлгөн документтер; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке архивинин документте-ри: - Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине тиешелүү башка уюм-дардын, мекемелердин жана жеке адамдардын документтери; - Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин чагылдырган кино, фо-то- жана аудио, видео материалдар; - өздүк курам боюнча документтер; - мамлекеттин менчигине келип түшкөн жеке мүнөздөгү документтер; - өзгөчө баалуу документтердин камсыздандыруу фонду; - Архивдин документтеринин курамын жана мазмунун ачып көрсөткөнилимий-маалыматтык аппарат (иштердин тизмеси, көрсөткүчтөр, каталогдор,маалымкаттар, баяндамалар ж.б.); - басылмалар. III. Архивдин негизги милдеттери Архивдин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - Архивди Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун до-кументтери менен толуктоо; - мамлекеттик туруктуу сакталууда турган документтердин сакталышынжана мамлекеттик эсебин камсыз кылуу; - мамлекеттик жана кызматтык сырдан турган документтер менен иш-төөдө жашырындуулук режимин камсыз кылуу жана аларды сактоо; - документтердин камсыздандыруу фондун түзүү; - документтерди автоматташтырылган маалыматтык-издөө системасын(электрондук архив) түзүү жана өркүндөтүү; - Архив документтерин пайдаланууну жана жарыялоону уюштуруу; - Президенттин Администрациясынын иш кагаздарын жүргүзүү кызматы-нын жана ведомстволук архивдеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинекараштуу уюмдар менен мекемелердин ишине уюштуруу-усулдук жетекчиликкылуу. IV. Архивдин функциялары Архив ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды ат-карат: - документтердин баалуулугуна илимий экспертиза жүргүзөт, алардытуруктуу мамлекеттик сактоого тандайт, ошондой эле аларды илимий-техни-калык жактан иштетет жана сүрөттөп чыгат; - документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алат; - документтерди туруктуу сактоону жүргүзөт; - документтерди реставрациялайт жана камсыздандыруу көчүрмөсүналат; - мамлекеттик жана ведомстволук сактоодо турган документтердинмамлекеттик эсебин алат жана белгиленген тартипте Борбордук фонддук ка-талогго кошуу учун архив ишин башкаруунун республикалык органдарына ма-алымат берет; - документтерди маалыматтык-издөө системасын (электрондук архив)иштеп чыгат; - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар мененмекемелерде документтердин сакталышын камсыз кылуу боюнча талаптардыаныктайт; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу уюмдар менен мекемелерде иш-ка-газдарын жүргүзүүнүн мамлекеттик системасын өркүндөтүүгө катышат, алар-ды колдонуу боюнча илимий-усулдук жетекчиликти ишке ашырат; - республикалык архив ишин башкаруу органдары иштеп чыккан архивиши боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоого катышат жана архив ишижагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартиптекиргизет; - өз компетенциясынын чегинде Архивдин ишинде, ошондой эле КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу уюмдар менен мекемелерде пайдала-нуу үчүн усулдук окуу куралдарын иштеп чыгат жана бекитет; - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар жана мекеме-лер менен бирдикте иш-кагаздарын жүргүзүү кызматын жана ведомстволукархивди өркүндөтүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде иш-кагаздарын жүр-гүзүүнүн абалын жана ведомстволук архивдердин ишинин кароосун өткөрөт; - өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президен-тине караштуу уюмдар менен мекемелеринин архив иши жагындагы мыйзамдар-дын сакталышына контролдук кылат; - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар жана мекеме-лер кайра уюшулганда жана жоюлганда документтерди сактоочу жержөнүндөгү корутундуну белгиленген тартипте берет; - архив иши боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык до-кументтерге ээ болууга чектөөлөрдү алып таштоо боюнча иш жүргүзөт; - пайдалануучуларга суратылган ретроспективдүү маалыматтарды бе-рет; - мекемелер менен жарандардын архивдик документтер боюнча темати-калык жана социалдык-укуктук суроо-талаптарын аткарат; - Архивдин, ведомстволук архивдердин жана Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу уюмдар менен мекемелердин иш-кагаздарын жүргүзүүкызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнчаиш-чараларды уюштурат. V. Архивдин укуктары Архивге анын алдында турган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөйукуктар берилет: - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчи-лигинин көрсөтмөлөрүн эске алуу менен Архивдин иш-планын өзалдынча иш-теп чыгуу жана бекитүү; - Архивди толуктоочу мекеме-булактардын курамын аныктоо; - Архивди толуктоочу мекеме-булактардан алардагы Кыргыз Республи-касынын Улуттук архив фондунун документтеринин курамы жана көлөмү,аларды сактоонун жана пайдалануунун шарттары жөнүндө маалыматтардыалуу; - өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинекараштуу уюмдар менен мекемелерге милдеттүү түрдө аткарыла турган Кыр-гыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышынжана пайдаланылышын камсыз кылууда аныкталган кемчиликтерди четтетүүбоюнча көрсөтмөлөрдү берүү; - Архив Кењешинин жыйналышында ведомстволук архивдердин иши жанаКыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар менен мекемелердеиш-кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндө маселелерди кароо; - Архив мыйзамдарын бузууга күнөөлүү кызмат адамдарын жана жаран-дарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө белгиленген тартипте маселе коюу; - ведомстволук архивдерге жана Кыргыз Республикасынын Президентинекараштуу уюмдар менен мекемелердин иш-кагаздарын жүргүзүү кызматтарынабелгиленген тартипте баруу; - архивдик (анын ичинде четөлкөлүк) жана башка илимий мекемелержана уюмдар менен илимий жана ишкердик кызматташуу; - зарыл болгон учурларда профилдик Архивдик коллекцияларды, айрымдокументтерди жана архивдик фонддорду жарандардан жана юридикалык жак-тардан акы төлөө менен сатып алуу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүүтүзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана башка уюмдарынан зарыл болгон архивдик доку-менттерди, ошондой эле маалыматтык, талдоо жана статистикалык материал-дарды алуу; - Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Администрация-сынын Жетекчисине зарыл болгон маалымкаттарды жана документтердин кө-чүрмөлөрүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден суратуу; - Архивдин иши үчүн зарыл болгон иш аткарууга жеке жана юридикалыкжактар менен келишим түзүү, прейскурантка ылайык, ошондой эле келишим-дик негизде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү; - архив ишин башкаруунун республикалык органдарынын коллегиялууоргандарынын ишине белгиленген тартипте катышуу. VI. Архивди башкаруу 1. Архивдин уюштуруу түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасы-нын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилет. 2. Архивге Кыргыз Республикасынын Президентинин АдминистрациясынынЖетекчиси дайындаган башчы жетекчилик кылат. 3. Архивдин кызматкерлерин тандоо жана жайгаштыруу кийин алардыКыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тара-бынан кызматка дайындоо менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кан-целяриясынын начальниги менен макулдашуу боюнча Архивдин башчысыжүргүзөт. 4. Архивдин башчысы: - ага жүктөлгөн кызматтык милдеттенмелерди аткаруу үчүн жекече жо-опкерчилик тартат; - өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Архивдиниш-тартибин аныктайт; - Архивдин ишин өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президен-тинин Администрациясынын Жетекчисине сунуш киргизет; - Архивге өкүл болот жана ар кандай уюмдар менен мекемелерде анынатынан чыгат. 5. Архивде архивдик кењеш, эксперттик-текшерүүчү жана усулдук ко-миссия (ЭПМК) иштейт, алар жөнүндө Жобо жана алардын курамы Архив баш-чысы тарабынан бекитилет. VII. Архивдин материалдык-финансылык базасы 1. Архивдин материалдык-финансылык базасын негизги фонддордон, жү-гүртүү каражаттарынан жана башка байлыктардан турган анын мүлкү түзөт. 2. Архивдин финансылык базасын төмөнкүлөр түзөт: - республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар; - прейскурантка ылайык, ошондой эле келишимдик негизде акытөлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында алынган каражаттар; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башкакаражаттар. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзалдынча бухгалтердик жанастатистикалык эсеп жүргүзөт. Финансылоонун бардык булактарынан Архивдикүтүүгө каражаттарды чыгымдоо Архив башчысы түзгөн жана Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен чыгымдар-дын сметасына ылайык жүргүзүлөт."