Редакцияот 12.09.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                                            № 1 тиркеме                                    Кыргыз Республикасынын Президентинин                                       2007-жылдын 12-сентябрындагы                                            № 403 Жарлыгы менен                                                бекитилген        Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана          эмгектин ардагерлери, илим жана маданият ишмерлери,               тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлери үчүн                 Кыргыз Республикасынын Президентинин                  стипендиясы боюнча Комиссия жөнүндө                                 ЖОБО                                  I. Жалпы жоболор      1. Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгек-тин  ардагерлери,  илим жана маданият ишмерлери,  тармактык түзүмдөрдүнкызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы бо-юнча  Комиссия  (мындан ары - Комиссия) консультациялык-кењешүүчү органболуп саналат жана коомдук башталыштарда иштейт.     Комиссиянын курамы, анын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президен-ти тарабынан аныкталат.     2. Комиссия  өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,  КыргызРеспубликасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, ошондой элеушул Жобону жетекчиликке алат.     3. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  башкаруу,жергиликтүү  өзалдынча  башкаруу  органдары  жана коомдук уюмдары мененөзара аракетте жүзөгө ашырат.     Мамлекеттик органдар  жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-ры,  алардын кызмат адамдары Комиссиянын компетенциясына кирген маселе-лерди чечүүдө ага көмөк көрсөтөт.     4. Комиссиянын чечимдери  Комиссиянын  мүчөлөрүнүн  жалпы  санынынкөпчүлүк  добушу  менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Прези-денти биротоло чечим кабыл алышы үчүн сунуш кылуу мүнөзүндө болот.                       II. Комиссиянын функциялары      5. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:     - Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана  эмгек-тин  ардагерлери,  илим жана маданият ишмерлери,  тармактык түзүмдөрдүнкызматкерлери үчүн Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  стипендиясын(мындан ары - стипендия) берүүгө сунуштарды карайт жана баалайт;     - стипендияны берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуларды берет;     - стипендия берүү маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.                     III. Комиссиянын ишин уюштуруу      6. Комиссиянын жыйналыштары жылына бир жолу, ноябрдын акыркы жума-сында өткөрүлөт. Жыйналышка - Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жокто Ко-миссиянын төрагасынын орунбасары жетекчилик кылат.     7. Комиссиянын  жыйналыштары,  эгерде аларга Комиссиянын курамынынкеминде 2/3 бөлүгү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу деп эсептелет.     Комиссиянын чечимдери  Комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүнжөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө толту-рулат.  Протоколго - Комиссиянын төрагасы,  ал эми ал жокто Комиссиянынтөрагасынын орунбасары кол коет.     8. Комиссиянын  ишин  анын жумушчу органы - Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын  экономикалык  жана  социалдык  саясатбөлүмү камсыз кылат.     9. Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандарынан  туура  толтурулган  материалдар комиссияга анын жыйналышыначейин эки ай мурда берилүүгө тийиш.                IV. Стипендия берүү маселелерин Комиссия                        карап чыгышынын тартиби      10. Стипендия - акчалай жөлөкпул, ал:     - өлкөнү өнүктүрүүгө кыйла салым кошкон;     - дүйнөдөгү алдыњкы жетишкендиктердин дењгээлине ылайык келген та-бигый,  гуманитардык, медициналык жана техникалык илимдерди өнүктүрүүгөсалмактуу салым кошкон;     - адабияттын  жана  көркөм өнөрдүн алда канча таланттуу,  жањылыгыжана оригиналдуулугу менен айырмаланган,  республикада, ошондой эле четөлкөлөрдө коомдук таанууга ээ болгон чыгармаларын жараткан;     - спортто жогорку ийгиликтерге жетишкен жана Кыргыз  Республикасы-нын дене тарбиясын жана спортун өнүктүрүүгө кыйла салым кошкон;     - мамлекеттик кызматта,  өндүрүштүк,  тарбиялоо жана коомдук  иштеолуттуу  ийгиликтерге жетишкен Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектинардагерлерине,  илим жана маданият  өкүлдөрүнө,  тармактык  түзүмдөрдүнкызматкерлерине дайыма берилет.     11. Стипендия берүүгө сунуштар Комиссиянын  кароосуна  жергиликтүүөзалдынча  башкаруу органдары,  министрликтер,  мамлекеттик комитеттер,администрациялык ведомстволор,  юридикалык  жактар  (коммерциялык  жанакоммерциялык  эмес  уюмдар) жана алардын бирикмелери тарабынан тиешелүүреспубликалык органдар аркылуу,  алардын жетекчилери кол коюу менен бе-рилет. Сунуш мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.     Сунушка төмөнкүлөр тиркелет:     - Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү;     - "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгегиүчүн" медалынын күбөлүгүнүн көчүрмөсү;     - кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчанын мөөр жана жетекчи-нин колу менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;     - сунуш кылынып жаткан инсандын өмүрү жана иштери жөнүндө ырастал-ган маалыматтар.