Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 22-октябры ПЖ № 457
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешин таркатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун 2007-жылы 14-октяб-
рындагы чечими менен "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регла-
менти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-1-главасы конститу-
циялык эмес деп таанылган, бул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
тарабынан 2006-жылдын ноябрь жана декабрында кабыл алынган "Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарынын колдонулушун жокко чыгарууга алып келди.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун ушул чечимине байла-
ныштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан соттордун көзка-
рандысыздыгынын жана алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
80-статьясында белгиленген Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана
мыйзамдарына гана баш ийишинин принциптери бузулган, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Конституциялык Сотунун кадимкидей иштешине тоскоолдук
кылууга багытталган чечимдер кабыл алынып жана аракеттер жасалган.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан токтомдор
кабыл алынган, алар менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун
3 судьясын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ток-
тому күчүн жоготту деп таанылган, Кыргыз Республикасынын Конституциялык
Сотунун курамына ишенбестик көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Консти-
туциялык Сотунун 1993-жылдан берки ишин иликтөө боюнча депутаттык ко-
миссия түзүлгөн жана угулган.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши өзүнүн аракеттери
жана чечимдери менен бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына өкүл болгон Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен бийликтин сот бутагына өкүл
болгон Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун ортосунда чечилбес
карама-каршылыкты жараткан кризиске алып келди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик башчысы жана Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясынын, адамдын жана жарандын укуктары
менен эркиндиктеринин кепили болуп саналгандыгын белгилеген Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясы мамлекет башчысын Негизги мыйзамдын, адамдын
жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна жол бербөө,
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын талаптагыдай иштеши жа-
на макулдашып өзара аракеттениши боюнча толук жана биротоло чараларды
көрүүгө милдеттендирет.
Ушул жагдайларды, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун
кайрылуусун көњүлгө алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын он экинчи
шайланган Жогорку Кењешинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында
кабыл алынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндал-
ган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-, 42-статьяларын,
63-статьясынын 2-пунктун, 56-статьясынын 7-пунктун жетекчиликке алуу
менен токтом кылам:
1. 2005-жылдын февраль-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењеши мөөнөтүнөн мурда таркатылсын жана Кыргыз
Республикасынын ушул чакырылыштагы Жогорку Кењешинин депутаттарынын ый-
гарым укуктары токтотулду деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппаратынын жана Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин катышуусу менен документтер-
дин, материалдардын, ошондой эле объекттерде турган материалдык-техни-
калык байлыктардын сакталышын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин карамагына берилген объекттердин өзүн кайтарууну камсыз кыл-
сын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппараты менен бирдикте
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйналыштар залын жана башка
жайларын даярдасын, Кыргыз Республикасынын жањы чакырылыштагы Жогорку
Кењешинин толук иштешин материалдык-техникалык жана башкача камсыз кы-
луу маселесин чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин мөөнөтүнөн мурда тар-
катылгандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефе-
рендум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы чыгып калган депутаттардын
ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын шайлоону
2007-жылдын сентябрь-октябрына дайындоо менен байланышкан маселелерди,
анын ичинде финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди белгиленген
тартипте карасын жана чечсин, жана зарыл болгон учурда ушул Жарлыктан
келип чыккан тийиштүү сунуштарды киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү
өзалдынча органдарынын катышуусу менен укук тартибин жана коомдук кооп-
суздукту камсыз кылуу, жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы
менен кепилденген укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишти
күчөтсүн;
- ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык жана башка маселелерди
чечсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев