Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2001-жылдын 26-июну № 60 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы № 151,
2009-жылдын 17-апрелиндеги № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 1-Глава. Жалпы жоболор 2-Глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагындагы жарандардын, жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен милдеттери 3-Глава. Адамдын саламаттыгы үчүн жашоо чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуунун санитардык-эпидемиологиялык талаптары 4-Глава. Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар 5-Глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу 6-Глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы 7-Глава. Санитардык мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик 8-Глава. Корутунду жоболор Ушул Мыйзам калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсызкылууга багытталган жана жарандардын саламаттыкты сактоого жана жагым-дуу айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууда мам-лекеттин кепилдиктерин бекемдейт. 1-Глава Жалпы жоболор 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги - калктын саламат-тыгынын, адамдын жашоо чөйрөсүнүн абалы, мындай абалда жашоо чөйрөсүнүнадамга зыяндуу таасири болбойт жана анын жашоо-турмушунун жагымдуушарттары камсыз кылынат. Адамдын жашоо чөйрөсү (мындан ары - жашоо чөйрөсү) - адамдын жа-шоо-турмушунун шарттарын аныктоочу айлана-чөйрөнүн (табигый жана жасал-ма) объекттеринин, кубулуштарынын жана факторлорунун жыйындысы. Жашоо чөйрөсүнүн факторлору - жашоо чөйрөсүнүн адамга жана (же)келечек муундарга көрсөткөн же таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон биология-лык (вирустук, бактериялык, мите жана башка), химиялык, физикалык(ызы-чуу, титиретүүлөр, ультра үн, жылуулук, иондоштуруучу, иондоштур-баган жана башка нурлар), социалдык (тамак-аш, суу менен жабдуу, тири-чилик, эмгек, эс алуу шарттары) жана башка факторлору. Адамга зыяндуу таасир берүү - адамдын өмүрүнө же саламаттыгынакоркунуч туудурган, болбосо келечек муундардын өмүрүнө же саламаттыгынакоркунуч туудурган жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун таасири. Адамдын жашоо-турмушундагы жагымдуу шарттар - жашоо чөйрөсүнүнабалы, мындай абалда адамга анын факторлорунун зыяндуу таасири болбойт(зыянсыз шарттар) жана адамдын организминин бузулган функцияларын калы-бына келтирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр болот. Адам үчүн коопсуз шарттар - жашоо чөйрөсүнүн абалы, мындай абалдаанын факторлорунун адамга зыяндуу таасиринин коркунучу болбойт. Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал - айкын бир мезгилдеги бел-гилүү бир аймактагы калктын саламаттыгынын жана жашоо чөйрөсүнүн абалы. Гигиеналык ченемдик - адам үчүн коопсуздук жана (же) зыянсыздыкөњүтүнөн алганда жашоо чөйрөсүнүн тигил же бул факторун мүнөздөөчүизилдөөлөр тарабынан жол берилген көрсөткүчтүн эњ көп же эњ аз сандыкжана (же) сапаттык мааниси. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдиктер(мындан ары - санитардык эрежелер) - санитардык-эпидемиологиялык талап-тарды белгилөөчү (анын ичинде жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адам үчүнкоопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын чен-өлчөмдөрүн, гигиеналык жанабашка ченемдиктерди) ченемдик укук актылары, аларды сактабоо адамдынөмүрүнө же саламаттыгына коркунуч туудурат, ошондой эле ооруга чалдыгу-улардын келип чыгуу жана таралуу коркунучун туудурат. Социалдык-гигиеналык мониторинг - калктын саламаттыгынын жана жа-шоо чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн, аларды анализдөөнүн, аларгабаа берүүнүн жана болжоонун, ошондой эле калктын саламаттыгынын абалыменен жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун таасиринин ортосундагы себеп-на-тыйжалык байланышты аныктоонун мамлекеттик тутуму. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын саламат-тыгын жана жашоо чөйрөсүн коргоо максатында калктын санитардык-эпидеми-ологиялык бейпилдигин камсыздоо жагында Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарын бузуулардын алдын алуу, айкындоо, аларга бөгөт коюу боюнча иш. Санитардык-эпидемиологиялык корутунду - жашоо чөйрөсүнүн факторло-рунун, чарбалык жана башка иштин, продукциянын, жумуштар менен кызматкөрсөтүүлөрдүн, ошондой эле ченемдик актылардын долбоорлорунун, объект-тердин курулуш долбоорлорунун, эксплуатациялык документтердин санитар-дык эрежелерге ылайыктуулугун (ылайык эместигин) күбөлөндүрүүчү доку-мент. Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар - жашоочөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасирин жоюуга жана азайтууга,жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануулар)пайда болушун, таралышын болтурбоого жана аларды жоюуга багытталгануюштуруучулук, администрациялык, инженердик-техникалык, медициналык-са-нитардык, ветеринардык жана башка чаралар. Чектөөчү иш-чаралар (карантин) - жугуштуу оорулардын таралышынболтурбоого багытталган жана чарбалык дагы башка иштин өзгөчө тартибин,калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбар-лардын жүрүүлөрүнө чек коюуну караган администрациялык, медициналык-са-нитардык, ветеринардык жана башка чаралар. Жугуштуу оорулар - пайда болуусу жана таралышы жашоо-чөйрөсүнүнбиологиялык факторлорунун (жугуштуу ооруларды козгоочулардын) таасирижана ооруп калган адамдан, жаныбардан дени сак адамга жугуусунунмүмкүндүгү менен шартталган адамдын жугуштуу оорулары. Айлана-тегеректегилерге коркунуч туудуруучу жугуштуу оорулар - оорөтүшү, өлүмдүн жана майыптыктын дењгээлинин жогорулугу, калк арасындатез таралышы (эпидемия) менен мүнөздөлүүчү адамдын жугуштуу оорулары. Жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар) - келип чыгышы жашоочөйрөсүнүн физикалык, жана (же) химиялык жана (же) социалдык факторлор-дун таасири менен шартталган адамдын оорулары. 2-статья. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-гындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары (мындан ары - санитардык мый-замдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушулМыйзамдан, ошондой эле ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укук ак-тыларынан турат. 3-статья. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги: - санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга жана анын өзгөрүшүн бол-жолдоого жараша ооруга чалдыгууларды алдын алуу; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуунунмамлекеттик максаттык программаларын, ошондой эле бул тармактагы реги-ондук максаттык программаларды жана илимий, илимий-техникалык програм-маларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды атка-руу жана жарандардын, юридикалык жана жеке жактардын алар жүзөгө ашырыпжаткан иштин курамдык бөлүгү катары милдеттүү түрдө санитардык эреже-лерди сактоосу; - жарандардын, жеке жана юридикалык жактардын калктын санитар-дык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жагында Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарын сактоосунун экономикалык кызыкчылыктарын түзүү; - мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык ченемге салуу; - мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүк жүргүзүү; - адам үчүн коркунуч түзгөн продукцияларды, жумуштарды жана кызматкөрсөтүүлөрдү сертификациялоо; - "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында карал-ган, адам үчүн коркунуч туудурган иштердин түрлөрүн лицензиялоо; - адам үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон химиялык жана биоло-гиялык заттарды, продукциянын айрым түрлөрүн, радиоактивдүү заттарды,өндүрүштүн жана керектөөлөрдүн калдыктарын, ошондой эле Кыргыз Респуб-ликасынын аймагына биринчи жолу алынып келинген продукциялардынтүрлөрүн мамлекеттик каттоо; - социалдык-гигиеналык мониторинг өткөрүү; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-гындагы илимий-изилдөөлөр; - жугуштуу оорулардын, жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануу-лардын) келип чыгышы, жашоо чөйрөсүнүн абалы жана өткөрүлүп жаткан са-нитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар (профилактикалык) жөнүндө калккаөз убагында кабарлоо боюнча чаралар; - калкка гигиеналык тарбия берүү жана окутуу, сергек жашоону про-пагандалоо боюнча чаралар; - санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоо жагындагы Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнчачаралар; - адам менен жаныбарлардын жалпы оорулары менен күрөшүүдө жанапрофилактикалык чараларды көрүүдө мамлекеттик санитардык-эпидемиология-лык кызмат менен мамлекеттик ветеринардык кызмат органдарынын биргеле-шип көзөмөлдүк жүргүзүүлөрү аркылуу камсыз кылынат. (КР 2003-жылдын 15-июлундагы N 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 4-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер Ушул Мыйзам калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсызкылуу жагында жарандардын саламаттыкты сактоого жана жагымдуу айла-на-чөйрөгө карата Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралганукуктарын ишке ашыруунун негизги шарттарынын бири катары келип чыгуучумамилелерди жөнгө салат. Табигый айлана-чөйрөнү коргоо жагында калктын санитардык-эпидемио-логиялык бейпилдигин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө келип чык-кан мамилелер Кыргыз Республикасынын табигый айлана-чөйрөнү коргоо жа-гындагы мыйзамдары, ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. 5-статья. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагындагы мамлекеттин ыйгарым укуктары Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагында-гы мамлекеттин ыйгарым укуктарына: - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-гындагы мамлекеттин саясатынын негизги багыттарын аныктоо; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагын-дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укук акты-ларын кабыл алуу; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо үчүнмамлекеттик максаттуу, илимий, илимий-техникалык программаларды иштепчыгуу, кабыл алуу жана ишке ашыруу; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагын-дагы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын ишин координациялоо; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматын уюштуруу жана аны башкаруу; - адамдын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу эпидемияларды,кыйроолордун, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын, алааматтардынкесепеттерин жоюу үчүн материалдык жана башка резервдерди түзүү; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-гында мамлекеттик эсептин жана отчеттуулуктун бирдиктүү тутумун бел-гилөө; - адам үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон химиялык, биологиялыкзаттарды жана продукциянын айрым түрлөрүн, радиоактивдүү заттарды,өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын, ошондой эле Кыргыз Республика-сынын аймагына алып келүү биринчи жолу жүзөгө ашырылып жаткан продукци-ялардын айрым түрлөрүнө мамлекеттик каттоону жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык жактан коргоону камсызкылуу; - Кыргыз Республикасынын аймагында чектөөчү иш-чараларды (каран-тинди) киргизүү жана алып салуу; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчүпункттарында санитардык-карантиндик контролду киргизүү жана алып салуу; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-гындагы илимий изилдөөлөрдү координациялоо; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-гындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы жана эл аралыккелишимдерди түзүү кирет. 6-статья. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-гындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары-на: - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагын-да мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоонун ре-гиондук максаттуу программаларын, бул тармактагы илимий жана или-мий-техникалык программаларды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана ишке ашыруу; - тийиштүү аймактагы санитардык эпидемиологиялык кырдаалга конт-ролдук жүргүзүү; - тийиштүү аймакта санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык)иш-чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу; - тийиштүү аймакта чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү жа-на алып салуу; - санитардык мыйзамдарды сактоодо жарандардын, жеке жана юридика-лык жактардын экономикалык кызыкчылыктарын түзүү боюнча чараларды иштепчыгуу жана ишке ашыруу; - тийиштүү аймакта социалдык-гигиеналык мониторингди өткөрүү; - калкка гигиеналык тарбия берүү жана окутуу, сергек жашоону про-пагандалоо боюнча чараларды ишке ашыруу; - жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануу-лар), жашоо чөйрөсүнүн абалы жана жүргүзүлүп жаткан санитардык-эпидеми-яга каршы (профилактикалык) иш-чаралар жөнүндө калкка өз убагында ка-барлоо боюнча чараларды ишке ашыруу; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагын-да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына кирбеген башкамаселелерди чечүү кирет. 2-Глава Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагындагы жарандардын, жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен милдеттери 7-статья. Жарандардын укуктары жана милдеттери Жарандар төмөнкүлөргө: - факторлору адамга зыяндуу таасир кылбаган жагымдуу жашоочөйрөсүнө; - санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы,өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукциянын, тамак-аш азыктарынын, же-кече турмуштук муктаждыктар үчүн товарлардын сапаты жана коопсуздугу,аткарылып жаткан жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын адамдын са-ламаттыгы үчүн коркунучтуулугунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги-нин органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамле-кеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органдары менен мекемеле-ринен жана юридикалык жактардан маалымат алууга; - санитардык эрежелердин аткарылышына коомдук контролдукту жүзөгөашырууга; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоожөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызмат органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамле-кеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органдарына жана мекемеле-рине сунуш киргизүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башкажарандардын, жеке жана юридикалык жактардын санитардык мыйзамдарды бу-зуусунун натыйжасында, ошондой эле санитардык-эпидемияга каршы (профи-лактикалык) иш-чараларды ишке ашырууда өздөрүнүн саламаттыгына жемүлкүнө келтирилген зыянды толук көлөмдө өндүрүп алууга укуктуу болу-шат. Жарандар төмөнкүлөргө: - санитардык мыйзамдардын, ошондой эле мамлекеттик санитардык эпи-демиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын токтомдору-нун, көрсөтмөлөрүнүн жана санитардык эпидемиологиялык корутундуларынынталаптарын аткарууга; - өздөрүнүн саламаттыгы жөнүндө, ошондой эле өздөрүнүн балдарынынсаламаттыгы, гигиеналык тарбиясы жана аларды окутуу жөнүндө камкөрүүгө; - башка жарандардын саламаттыгын сактоого жана жашоонун жагымдуучөйрөсүнө болгон укуктарын бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоо-го милдеттүү. 8-статья. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагындагы жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен милдеттери Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийликоргандарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кызматынын орган-дарынан жана мекемелеринен санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоочөйрөсүнүн абалы, санитардык эрежелер жөнүндө маалымат алууга; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнчаиш-чараларды иштеп чыгууга катышууга; - жарандардын, башка жеке жана юридикалык жактардын санитардыкмыйзамдарды бузуусунун натыйжасында, ошондой эле санитардык-эпидемиягакаршы (профилактикалык) иш-чараларды жүзөгө ашырууда өздөрүнүн мүлкүнөкелтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында белгиленген тартипте толтуруп алууга укуктуу болушат. Жеке жана юридикалык жактар өздөрү жүзөгө ашырган ишке ылайык: - санитардык мыйзамдардын, ошондой эле мамлекеттик санитардык-эпи-демиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырган кызмат адамдарынын токтомдору-нун, көрсөтмөлөрүнүн жана санитардык-эпидемиологиялык корутундуларынынталаптарын аткарууга; - санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды иштепчыгууга жана жүргүзүүгө; - аткарылып жаткан иштердин жана көрсөтүлгөн кызматтардын, ошондойэле өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларды, жекече жана тиричи-ликтик муктаждыктары үчүн тамак-аш азыктарын жана товарларды өндүрүүдө,ташууда, сактоодо, калкка сатууда алардын адамдын саламаттыгы үчүн ко-опсуздугун камсыз кылууга; - жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда, ошондой эле про-дукцияны өндүрүүдө, ташууда, сактоодо жана сатууда санитардык эрежелер-дин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык)иш-чараларды өткөрүүдө өндүрүштүк контролду, анын ичинде лабораториялыкизилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырууга; - продукциялардын жањы түрлөрүнүн жана аны өндүрүүнүн технология-сынын адам үчүн коопсуздугун негиздөө боюнча, жашоо чөйрөсүнүн коопсуз-дугунун жана (же) факторлорунун зыянсыздыгынын чен өлчөмдөрү боюнча иш-терди жүргүзүүгө жана жашоо чөйрөсүнүн факторлоруна контролдукжүргүзүүнүн усулдарын иштеп чыгууга; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигине коркунуч түзгөнкыйроочу кырдаалдар, өндүрүштөгү токтотуулар, технологиялык процесстер-дин бузулуулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматтын органдарына жана мекемелерине өз убагында кабарлоого; - колунда расмий чыгарылган санитардык эрежелери, жашоо чөйрөсүнүнфакторлоруна контролдук жүргүзүүнүн усулдары жана усулдарынын жолдоруболууга; - кызматкерлерди гигиеналык жактан окутууну жүзөгө ашырууга укук-туу болушат. 3-Глава Адамдын саламаттыгы үчүн жашоо чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуунун санитардык-эпидемиологиялык талаптары 9-статья. Шаардык жана айылдык конуштарды пландоого жана курууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Шаардык жана айылдык конуштарды пландаштырууда жана курууда шаар-дык жана айылдык конуштарды комплекстүү ыњгайлаштыруу жана жашоочөйрөсүнүн адамга зыяндуу таасирлеринин алдын алуу жана аларды жоюу бо-юнча башка чараларды ишке ашыруу жолу менен калктын өмүрү жана саламат-тыгы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү каралууга тийиш. Долбоорлоонун ченемдерин, аймактарды өнүктүрүүнүн шаардык курулу-шунун схемаларын, шаардык жана айылдык конуштардын башкы пландарын, ко-омдук борборлордун, турак-жай райондорун, шаарлардын чоњ жолдорун план-дандаштыруунун долбоорлорун иштеп чыгууда, жарандык, өнөр жайлык жанаайыл чарба багытындагы объекттерди жайгаштыруу маселелерин жана алардынсанитардык коргоочу зоналарын белгилөө, курулуш үчүн жер участокторунтандоо маселелерин чечүүдө, ошондой эле өнөр жай, транспорт объектте-рин, маданий-тиричиликтик багыттагы имараттарды жана курулуштарды, ту-рак-жай үйлөрүн, инженердик инфраструктуранын объекттерин жана башкаобъекттерди (мындан ары объекттер) долбоорлоодо, курууда, кайра конс-трукциялоодо, техникалык жактан кайра жабдууда, кенейтүүдө, консерваци-ялоодо жана жоюуда санитардык эрежелер сакталууга тийиш. Шаардык жана айылдык конуштарды пландаштыруу жана курулуштардыжайгаштыруу, куруу, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу,кењейтүү, объекттерди консервациялоо жана жоюу, курулуш үчүн жер учас-токторун берүү, ошондой эле курулган жана кайра конструкцияланган объ-екттерди кайра эксплуатациялоого киргизүү жөнүндө долбоорлоонун ченем-дерин жана долбоорлук документтерин бекитүүгө, мындай объекттердин са-нитардык эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялыккорутундулар болгондо жол берилет. Объекттерди долбоорлоо жана куруу, аларды каржылоо жана (же) кре-диттөө боюнча иштерди аткаруу үчүн жооптуу жарандар, жеке жана юридика-лык жактар санитардык эрежелер бузулган же аларды аткаруу мүмкүн болбо-гон учурда көрсөтүлгөн иштерди жана аларды каржылоону жана (же) кре-диттөөнү токтото турууга же толук токтотууга милдеттүү. 10-статья. Өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларга, жеке жана тиричиликтик муктаждыктар үчүн товарларга жана аларды өндүрүүнүн технологияларына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Өндүрүүдө, ташууда, сактоодо, колдонууда (пайдаланууда) жана жоккылууда адамдын түздөн-түз катышуусу талап кылынган өндүрүштүк-техника-лык багыттагы продукция, ошондой эле жарандардын жеке жана тиричиликтикмуктаждыктары үчүн товарлар (мындан ары - продукция) адамга жана ал жа-шаган чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизбөөгө тийиш. Продукция өзүнүн касиеттери жана көрсөткүчтөрү боюнча санитардыкэрежелерге ылайык келүүгө тийиш. Продукциянын жањы түрлөрүн (биринчи жолу иштелип чыгарылган жекиргизилген) өндүрүү, колдонуу (пайдалануу) жана калкка сатуу, продук-цияны өндүрүүнүн жањы технологиялык процесстерине алардын санитардыкэрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду-лар болгондо жол берилет. Продукцияны иштеп чыгарууну, өндүрүүнү, ташууну, сатып алууну,сактоону жана сатууну жүзөгө ашырышкан жарандар, жеке жана юридикалыкжактар анын санитардык эрежелерге ылайыксыздыгы айкындалган учурда мын-дай ишти токтото турууга, продукцияны пайдалануудан алууга жана продук-цияны адамга зыян келтирбей турган максаттарда колдонуу (пайдалануу)боюнча же аны жок кылуу боюнча чаралар көрүүгө милдеттүү. 11-статья. Адам үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон химиялык, биологиялык заттарга жана продукциянын айрым түрлөрүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Адам үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон химиялык, биологиялыкзаттарды жана продукциянын айрым түрлөрүн өндүрүүгө, ташууга, сатыпалууга, сактоого, сатууга жана колдонууга (пайдаланууга) алар мамлекет-тик каттоого алынгандан кийин жол берилет. 12-статья. Тамак-аш азыктарына, тамак-аш татымалдарына, чийки азык заттарына, ошондой эле аларга аралаш материалдарга жана буюмдарга жана аларды өндүрүүнүн технологияларына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Азык-түлүктөр адамдын физиологиялык керектөөлөрүн канааттандыруугажана ага зыяндуу таасир көрсөтпөөгө тийиш. Азык-түлүктөр, азык-түлүк татымалдары, чийки азык заттар, ошондойэле аларга аралаш материалдар жана буюмдар аларды өндүрүүдө, сактоодо,ташууда жана калкка сатууда санитардык эрежелерге ылайык болууга тийиш. Азык-түлүктөрдү өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбелгиленген тартипте уруксат берилген аларга аралаш материалдар жанабуюмдар, тамак-аш татымалдары пайдаланылышы мүмкүн. Азык-түлүктөрдүн, азык-түлүк тамак-аш татымалдарынын, чийки азыкзаттарынын жањы түрлөрүн, ошондой эле аларга аралаш материалдарды жанабуюмдарды өндүрүүгө, колдонууга (пайдаланууга) жана калкка сатууга,аларды өндүрүүнүн жањы технологиялык процесстерин жана технологиялыкжабдууларын киргизүүгө, алардын санитардык эрежелерге ылайыктуулугужөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундулары болгондо жол берилет. Тамак-аш азыктарын, тамак-аш татымалдарын, чийки азык заттарын,ошондой эле аларга аралаш материалдарды жана буюмдарды өндүрүүнү, сатыпалууну, сактоону, ташууну, сатууну жүзөгө ашырган жарандар, жеке жанаюридикалык жактар санитардык эрежелерди аткарууга тийиш. Санитардык эрежелерге ылайык келбеген жана адам үчүн коркунуч туу-дурган тамак-аш продуктулары, тамак-аш татымалдары, чийки азык заттары,ошондой эле аларга аралаш материалдар жана буюмдар өндүрүштөн же сатуу-дан дароо алынат жана адамга зыян келтирбеген максаттарда гана пайдала-нылат же жок кылынат. 13-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген продукцияларга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Кыргыз Республикасынын аймагына жарандар, жеке жана юридикалыкжактар алып келген продукция адамга жана жашоо чөйрөсүнө зыяндуу таасиртийгизбөөгө тийиш. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн продукцияны республи-канын аймагына ташып келүүгө, анын санитардык эрежелерге ылайыктуулугужөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду болгондо гана жол бери-лет. Республиканын аймагына биринчи жолу ташылып келинүүчү жана тизме-син Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен продукциянын айрым түрлөрү,Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келингенге чейин ушул Мыйзамдын39-статьясына ылайык мамлекеттик каттоого алынат. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү продукцияга кара-та санитардык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы жөнүндөгү милдеттен-мелер, продукциянын ар бир бөлүгүн жөнөтүүдө санитардык эрежелердинсакталышынын кепилдиктери, мындай продукцияны жөнөтүүнүн келишимдеринин(контракттарынын) маанилүү шарты болуп саналат. 14-статья. Калктын тамак-ашын уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Калктын тамак-ашын атайын жабдылган жерлерде (ашканаларда, ресто-рандарда, кафелерде, барларда жана башкаларда) уюштурууда, анын ичиндетамак-аштарды жана суусундуктарды даярдоодо, аларды сактоодо жана калк-ка сатууда жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын(уулануулардын) келип чыгышын жана жайылышын болтурбоо үчүн санитардыкэрежелер аткарылууга тийиш. Мектепке чейинки жана башка билим берүүчү мекемелерде, дары-лоо-профилактикалык мекемелерде, ден соолук чыњдоочу мекемелерде жанасоциалдык коргоо уюмдарында, аскер кызматчылары үчүн тамак-аштын ченем-дерин белгилөөдө, ошондой эле тергөө изоляторлорунда турган же түзөтүүмекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар үчүн тамак-аштын ченемин бел-гилөөдө ошол контингент үчүн иштелип чыккан жана бекитилген адамдын та-мактануусунун илимий негизделген физиологиялык ченемдерин сактоо мил-деттүү. 15-статья. Суу объекттерине карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Тамак-аш жана чарбалык-тиричилик суу менен жабдуу, сууга түшүү,спорт менен машыгуу, эс алуу жана дарылоо максаттарында пайдаланылуучусуу объекттери, анын ичинде шаардык жана айылдык конуштардын чегиндежайгашкан суу объекттери (мындан ары - суу объекттери) адамга зыяндуутаасирдин биологиялык, химиялык жана физикалык факторлорунун булагы бо-лууга тийиш эмес. Суу объекттеринин адам үчүн коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгы-нын чен-өлчөмдөрү, анын ичинде сууда химиялык, биологиялык-заттардын,микроорганизмдердин топтолушунун жол берилген чеги, радиациялык фондундењгээли санитардык эрежелерде белгиленет. Суу объектисин көрсөтүлгөн айкын максаттарга пайдаланууга уруксатберүүгө суу объектисинин санитардык эрежелерге жана суу объектисин пай-далануунун калктын саламаттыгы үчүн коопсуз шарттарга ылайыктуулугужөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду болгондо гана жол бери-лет. Суу объекттерин коргоо, алардын булганышына жана бузулушуна жолбербөө үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологи-ялык кызматынын органдары жана мекемелери менен макулдашылган суу объ-екттерине зыяндуу таасирлердин жол берилген эњ жогорку ченемдери жанахимиялык, биологиялык заттардын, микроорганизмдердин кошулушунун жолберилген эњ чоњ ченемдери белгиленет. Ичилүүчү, чарбалык-тиричилик суу менен жабдуу үчүн жана дарылоомаксаттарында пайдаланылуучу суу объекттеринин санитардык корголушунунзоналарынын долбоорлору, алардын санитардык эрежелерге ылайыктуулугужөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду болгондо мамлекеттик ат-каруу бийлигинин органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарытарабынан бекитилет. Суу объекттери калктын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурган учурдамамлекеттик аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары, жеке жана юридикалык жактар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынаылайык көрсөтүлгөн суу объекттерин пайдаланууну чектөө, токтото турууже ага тыюу салуу боюнча чаралар көрүүгө милдеттүү. 16-статья. Ичилүүчү сууга жана калкты ичилүүчү суу менен жабдууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Ичилүүчү суу эпидемиологиялык жана радиациялык жактан коопсуз, хи-миялык курамы боюнча зыянсыз болууга тийиш жана жагымдуу органолептика-лык касиеттерге ээ болууга тийиш. Шаарлардын жана айылдык конуштардын калкын ичилүүчү суу менен кам-сыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 17-статья. Шаардык жана айылдык конуштардагы, өнөр жай уюмдарынын аймактарындагы атмосфералык абага, өндүрүштүк жайлардагы жумушчу зоналарындагы, турак-жай жана башка жайлардагы абага карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Шаардык жана айылдык конуштардагы, өнөр жай ишканаларынын аймакта-рындагы атмосфералык аба, өндүрүштүк жайлардагы жумушчу зоналарындагы,турак-жай жана башка жайлардагы (мындан ары - адам туруктуу же убакты-луу болгон жерлер) аба адамга зыяндуу таасир тийгизбөөгө тийиш. Шаардык жана айылдык конуштардагы, өнөр жай уюмдарынын аймактарын-дагы атмосфералык абанын, адам туруктуу же убактылуу болгон жерлердегиабанын адам үчүн коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын чен-өлчөмдөрү,анын ичинде абада химиялык, биологиялык заттардын топтолушунун жол бе-рилген чеги санитардык эрежелерде белгиленет. Химиялык, биологиялык заттарды жана микроорганизмдерди абага чыга-руунун жол берилген нормативдери, санитардык-коргоо зоналарынын долбо-орлору, көрсөтүлгөн ченемдиктердин жана долбоорлордун санитардык эреже-лерге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду бол-гондо бекитилет. Мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары, жарандар, жеке жана юридикалык жактар өздөрүнүн ый-гарым укуктарына ылайык шаардык жана айылдык конуштардагы атмосфералыкабанын, адам туруктуу же убактылуу болгон жерлердеги абанын булганышынболтурбоо жана аны азайтуу, шаардык жана айылдык конуштардагы атмосфе-ралык абанын, адам туруктуу же убактылуу болгон жерлердеги абанын сани-тардык эрежелерге ылайыктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгөашырууга милдеттүү. 18-статья. Жер кыртышына, шаардык жана айылдык конуштардын аймактарын, өнөр жай аянттарын күтүүгө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Шаардык жана айылдык конуштардын жер кыртышында жана айыл чарбажерлеринде адам үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон химиялык жана би-ологиялык заттардын, биологиялык жана микробиологиялык организмдердинболушу, ошондой эле радиациялык фондун дењгээли санитардык эрежелердебелгиленген жол берилген топтолуунун чегинен (дењгээлинен) ашпоого ти-йиш. Шаардык жана айылдык конуштардын аймактарын, өнөр жай аянттарынкүтүү санитардык эрежелерге жооп берүүгө тийиш. Шаардык жана айылдык конуштардын аймактарын күтүүнүн тартиби мененшарттары, көрсөтүлгөн тартиптин жана шарттардын санитардык эрежелергеылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундулар болгондожергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. 19-статья. Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын чогултууга, пайдаланууга, зыянсыздоого, ташууга, сактоого жана көмүүгө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары чогултулууга, пайдаланылуу-га, зыянсыздалууга, ташылууга, сакталууга жана көмүлүүгө тийиш, алардыншарттары жана ыкмалары адамдын саламаттыгы жана ал жашаган чөйрө үчүнкоопсуз болууга жана алар санитардык эрежелерге жана Кыргыз Республика-сынын башка ченемдик укук актыларына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын чогултуунун, пайдалануу-нун, зыянсыздоонун, ташуунун, сактоонун жана көмүүнүн тартиби, шарттарыжана ыкмалары, көрсөтүлгөн тартиптин, шарттардын жана ыкмалардын сани-тардык эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө экологиялык жана санитар-дык-эпидемиологиялык корутундулар болгондо жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдары тарабынан белгиленет. Өндүрүштүн, керектөөнүн калдыктарына, аларды зыянсыздоого, сактоо-го жана көмүүгө радиациялык контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынынрадиациялык коопсуздукту камсыздоо жагындагы мыйзамдарына ылайык жүзөгөашырылат. 20-статья. Турак-жайларга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Турак-жайдын аянты, пландаштырылышы, жарыктыгы, изоляциясы, мик-роклиматы, аба алмашуусу, ызы-чуунун, титирөөнүн дењгээли, иондоочу жа-на иондобоочу нурларды чыгаруу боюнча анда жашоонун мөөнөтүнө карабас-тан коопсуз жана зыянсыз жашоо шарттарын камсыз кылуу максатында сани-тардык эрежелерге ылайык болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын санитардык эрежелерине ылайык жашоо үчүнжараксыз деп табылган турак-жайларга адамдарды жайгаштырууга, ага тетеэле туруктуу же убактылуу жашоо үчүн жарандарга турак-жай эмес жайлардыберүүгө жол берилбейт. Турак-жайларды күтүү санитардык эрежелерге жооп берүүгө тийиш. 21-статья. Өндүрүштүк, коомдук жайларды, имараттарды, курулуштарды, жабдууларды жана транспортту эксплуатациялоого карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Өндүрүштүк, коомдук жайларды, имараттарды, курулуштарды, жабдуу-ларды жана транспортту экплуатациялоодо санитардык-эпидемияга каршы(профилактикалык) иш-чаралар жүзөгө ашырылууга жана санитардык эреже-лерге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларына ылайыкадам үчүн эмгектин, тиричиликтин жана эс алуунун коопсуз шарттары кам-сыз кылынууга тийиш. Жеке жана юридикалык жактар көрсөтүлгөн ишти, жумуштарды жана кыз-мат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда санитардык эрежелер бузулган учурлар-да өзүнүн ишин же айрым цехтердин, участоктордун ишин, имараттарды, ку-рулуштарды, транспортту эксплуатациялоону, жумуштар менен кызматкөрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн аткарууну токтото турууга же токтотуугамилдеттүү. 22-статья. Эмгек шарттарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Эмгек шарттары, жумушчу орун жана эмгек процесси адамга зыяндуутаасир тийгизбөөгө тийиш. Адам үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кы-лууга карата талаптар санитардык эрежелер жана башка ченемдик укуктукактылар менен белгиленет. Жеке жана юридикалык жактар эмгек шарттарына байланышкан жаракаталуулардын, кесиптик оорулардын, жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмесоорулардын (уулануулардын) алдын алуу максатында адам үчүн коопсуз эм-гек шарттарын камсыздоо жана санитардык эрежелердин жана Кыргыз Респуб-ликасынын башка ченемдик укук актыларынын өндүрүш процесстерине жанатехнологиялык жабдууларга, жумушчу орунун уюштурууга, кызматкерлердинэмгек тартибине, эс алуусуна жана аларды тиричилик жактан тейлөөгө ка-рата талаптарын аткаруу боюнча санитардык-эпидемияга каршы (профилакти-калык) иш-чараларды жүзөгө ашырууга милдеттүү болушат. 23-статья. Биологиялык заттар, биологиялык жана микробиологиялык организмдер жана алардын уулуу заттары менен иштөөгө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Биологиялык заттар, биологиялык жана микробиологиялык организмдержана алардын уулуу заттары менен иштөөнүн шарттары, анын ичинде гендикинженерия жагында жана жугуштуу ооруларды козгоочулар менен иштөөнүншарттары адамга зыяндуу таасир тийгизбеши керек. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштердин адам жанаанын жашоо чөйрөсү үчүн коопсуздук шарттарын камсыздоого карата талап-тар санитардык эрежелерде жана башка ченемдик укук актыларында белгиле-нет. Биологиялык заттар, биологиялык жана микробиологиялык организмдержана алардын уулуу заттары менен иштөөнү жүзөгө ашырууга, мындай иштер-ди аткаруунун шарттарынын санитардык эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндөсанитардык-эпидемиологиялык корутундулар болгондо жол берилет. 24-статья. Адамга таасир этүүнүн физикалык факторлорунун булактары менен иштөө шарттарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Адамга таасир этүүнүн физикалык факторлорунун булактары (ызы-чуу,титиретүүлөр, ультра үн таасирлери, жылуулук, иондоштуруу, иондоштурбо-очу жана башка нур чыгаруу) болгон машиналар, механизмдер, орнотмолор,түзүлүштөр, аппараттар менен иштөөнүн шарттары адамга зыяндуу таасиртийгизүүгө тийиш эмес. Адамга таасир этүүнүн физикалык факторлору менен иштөөнүн коопсуз-дугунун жана зыянсыздыгынын сынамдары, анын ичинде таасир этүүнүн жолберилген эњ чоњ дењгээлдери санитардык эрежелерде белгиленет. Машиналарды, механизмдерди, орнотмолорду, түзүлүштөрдү жана аппа-раттарды пайдаланууга, ошондой эле ушул статьянын биринчи абзацындакөрсөтүлгөн адамга таасир этүүнүн физикалык факторлорунун булактарыболгон радиоактивдүү заттарды, материалдарды жана калдыктарды өндүрүүгөколдонулууга (пайдаланууга), ташууга, сактоого жана көмүүгө, адамга та-асир этүүнүн физикалык факторлорунун булактары менен иштөөнүн шарттары-нын санитардык эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиоло-гиялык корутундулар болгондо жол берилет. Калктын радиациялык коопсуздугун жана иондоштуруучу нурлардын бу-лактары менен иштөөнүн коопсуздугун камсыздоо жагында келип чыккан ма-милелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет. 25-статья. Тарбиялоо жана окутуу шарттарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар Уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастан мектепке чейинки жанабашка билим берүүчү мекемелерде ооруга чалдыгууларды профилактикалоо,окугандардын жана тарбиялануучулардын саламаттыгын сактоо жана чыњдообоюнча иш-чаралар, жүзөгө ашырылууга, алардын тамак-ашын, жашоосун,окуусун жана тарбия-таалимин уюштурууда санитардык эрежелердин талапта-ры аткарылууга тийиш. Тарбиялоонун жана окутуунун программаларын, усулдуктарын жана иштартибин, окутуунун жана тарбиялоонун техникалык, аудиовизуалдык жанабашка каражаттарын, окуу эмеректерин, ошондой эле окуу китептерин жанабашка басылма продукцияны пайдаланууга алардын санитардык эрежелергеылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундулар болгондожол берилет. 4-Глава Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар 26-статья. Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү Жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уула-нуулардын) пайда болушун жана таралышын алдын алуу максатында санитар-дык эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыла-рында каралган санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чара-лар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык жактан кор-гоону жүзөгө ашыруу, чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү,өндүрүштүк контролду, жугуштуу оорулар менен ооругандарга карата чара-ларды, медициналык кароолорду жүзөгө ашыруу, профилактикалык эмдөөлөрдүжүргүзүү, жарандарды гигиеналык жактан тарбиялоо жана окутуу боюнчаиш-чаралар өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлүүгө тийиш. Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар калктынсаламаттыгын сактоо жана чыњдоонун, калктын санитардык-эпидемиологиялыкбейпилдигин камсыздоонун иштелип чыгуучу максаттуу мамлекеттик програм-маларына, ошондой эле бул тармактагы регионалдык максаттуу программа-ларга киргизилүүгө тийиш. Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар жарандар,жеке жана юридикалык жактар тарабынан алар жүзөгө ашырган ишке ылайыкмилдеттүү тартипте, ошондой эле ушул Мыйзамдын 47-статьясынын экинчибөлүгүндө каралган учурларда жүргүзүлөт. 27-статья. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо Кыргыз Республи-касынын аймагына калк үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын алы-нып келинишинин жана Кыргыз Республикасынын аймагында таралышынын алдыналууга, ошондой эле адам үчүн коркунуч туудурган товарлардын, химиялык,биологиялык жана радиоактивдүү заттардын, калдыктардын жана башкажүктөрдүн (мындан ары - коркунучтуу жүктөр жана товарлар) Кыргыз Рес-публикасынын аймагына алынып келинишине жана Кыргыз Республикасынын ай-магында сатылышына жол бербөөгө багытталган. Кыргыз Республикасынын аймагында санитардык коргоо боюнча иш-чара-ларды жүргүзүүнү талап кылган жугуштуу оорулардын тизмесин мамлекеттиксанитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук бе-рилген мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы аныктайт. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында тыюу салынган коркунучтуу жүктөрдү жана товарларды,ошондой эле санитардык-карантиндик контролду жүргүзүүдө Кыргыз Респуб-ликасынын аймагына алынып келинсе айлана-тегеректегилер үчүн коркунучтуудурган жугуштуу оорулардын же жугуштуу эмес массалык оорулардын (уу-лануулардын) пайда болушуна жана таралышына коркунуч түзөөрү белгилен-ген жүктөрдү жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алыпкелүүгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо үчүн Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамле-кеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарымукук берилген мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын чечиминин неги-зинде санитардык-карантиндик контроль киргизилет. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоону жүзөгө ашыруу-нун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, санитардыкэрежелери жана башка ченемдик укук актылары менен белгиленет. 28-статья. Чектөөчү иш-чаралар (карантин) Чектөөчү иш-чаралар (карантин) жугуштуу оорулардын пайда болушунунжана таралышынын коркунучу туулган учурда Кыргыз Республикасынын мамле-кеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында, Кыргыз Республикасынынаймагында, шаардык жана айылдык конуштарында, уюмдарында жана чарбалыкжана башка иш объекттеринде киргизилет. Чектөөчү иш-чаралар (карантин) башкы мамлекеттик санитардык врач-тардын жана алардын орун басарларынын сунуштарынын көрсөтмөлөрүнүн не-гизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдарынын чечими менен, ошондой эле мамлекеттик аткаруу бийликорганынын же карамагында темир жол транспортунун, коргонуунун объектте-ри жана башка атайын багыттагы объекттер турган анын структуралыкбөлүктөрүнүн ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын чечими менен кир-гизилет (жокко чыгарылат). Чектөөчү иш-чараларды (карантинди) жүзөгө ашыруунун тартиби жанакелип чыгышы жана таралышы коркунуч туудурганда чектөөчү иш-чаралар(карантин) киргизилген жугуштуу оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасы-нын санитардык эрежелери жана башка ченемдик укук актылары менен белги-ленет. 29-статья. Өндүрүштүк контроль Өндүрүш процессинде, продукцияны сактоодо, ташууда жана сатууда,жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүлөрдө, мындай продукциялардын,жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адам жана анын жашоо чөйрөсүүчүн коопсуздугун жана (же) зыянсыздыгын камсыздоо максатында санитар-дык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (профилак-тикалык) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролду, анын ичинделабораториялык изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү жеке жана юридика-лык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Өндүрүштүк контроль санитардык эрежелерде жана мамлекеттик стан-дарттарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырган жактар аны өз убагында жүзөгөашыруу, анын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 30-статья. Жугуштуу оору менен ооруган оорулууларга карата чаралар Жугуштуу оору менен ооруган оорулуулар, мындай оорудан шектүүадамдар жана жугуштуу оору менен ооругандар менен байланышта болгонадамдар, ошондой эле жугуштуу ооруларды козгоочу адамдар лабораториялыкизилдөөгө жана медициналык байкоого алынууга же дарыланууга жана эгердеалар айлана-тегеректегилер үчүн коркунуч туудурган учурда Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү түрдө госпи-талдаштырууга же өзүнчө кармалууга тийиш. Жугуштуу ооруларды козгоочуларды таратуучулар болуп саналган адам-дар, эгер алар өздөрү иштеген өндүрүштүн же алар аткарган иштинөзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жугуштуу ооруларды таратуучулардын булакта-ры болушу мүмкүн болсо убактылуу жугуштуу ооруларды таратуу коркунучуменен байланышпаган башка иштерге которулушат. Которууга мүмкүн болбо-гондо башкы мамлекеттик санитардык врачтардын жана алардын орун басар-ларынын токтомдорунун негизинде алар социалдык камсыздандыруу боюнчажөлөкпулдарды төлөп берүү менен иштен убактылуу четтетилишет. Жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануу-лардын) бардык окуялары мындай оорулар (уулануулар) айкындалган жердегисаламаттык сактоо уюмдары тарабынан катталууга, алар боюнча Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын орган-дары жана мекемелери тарабынан мамлекеттик эсепке алынууга, отчеттуулукжүргүзүлүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн оорулар (уулануулар) болгон учурларды мамлекеттикэсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле алар боюнча отчеттуулук-ту жүргүзүүнүн тартиби мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккөзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруубийлик органы тарабынан белгиленет. 31-статья. Милдеттүү медициналык кароолор Жугуштуу оорулардын, жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануу-лардын) пайда болушун, таралышын жана кесиптик оорулардын алдын алуумаксатында айрым кесиптердин, өндүрүштөрдүн жана уюмдардын кызматкерле-ри өздөрүнүн эмгектик милдеттерин аткарууда, ишке киришүүдө алдын алажана мезгил-мезгили менен профилактикалык медициналык кароолордон (мын-дан ары - медициналык кароолор) өтүп турууга милдеттүү. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитар-дык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин сунушта-рынын негизинде мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынын чечимдери менен айрым уюмдарда (цехтерде,лабораторияларда жана башка курамдык бөлүктөрдө) кызматкерлерди медици-налык кароодон өткөрүүгө карата кошумча сунуштар киргизилиши мүмкүн. Жеке жана юридикалык жактар кызматкерлердин медициналык кароолор-дон өз убагында өтүшү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан кызматкерлер ишке кир-гизилбейт. Медициналык кароолордон өтүүнүн маалыматтары мамлекеттик саламат-тык сактоо тутумунун дарылоочу-профилактикалык мекемелери, Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын орган-дары жана мекемелери тарабынан кызматкерлердин жекече медициналык ки-тепчесине киргизилүүгө, ошондой эле эсепке алынууга тийиш. Милдеттүү медициналык кароолорду өткөрүүнүн, эсепке алуунун, от-четтуулук жүргүзүүнүн жана кызматкерлерге жеке медициналык китепчелердиберүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигитарабынан аныкталат. 32-статья. Профилактикалык эмдөөлөр Жугуштуу оорулардын пайда болушунун жана алардын таралышынын алдыналуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандарга профи-лактикалык эмдөөлөр жүргүзүлөт. 33-статья. Гигиеналык тарбия жана окутуу Жарандарга гигиеналык тарбия берүү жана окутуу милдеттүү болуп,алардын санитардык маданиятын жогорулатууга, оорулардын алдын алуугажана сергек жашоо ыњгайы жөнүндө билимди таратууга багытталган. Жарандарга гигиеналык тарбия берүү жана окутуу Кыргыз Республика-сынын Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен атайын программалар бо-юнча: - мектепке чейинки жана башка билим берүү мекемелеринде тарбиялоожана окутуу процессинде; - окутуу программаларына гигиеналык билимдер жөнүндө бөлүмдөрдүкиргизүү аркылуу кызматкерлерди даярдоодо, кайра даярдоодо жана алардынквалификациясын жогорулатууда; - иштери тамак-аш азыктарын жана ичилүүчү сууну өндүрүүгө, сактоо-го, ташууга жана сатууга, балдарды тарбиялоого жана окутууга, калктыкоммуналдык жана тиричилик жактан тейлөөгө байланышкан уюмдардын кызматадамдарын жана кызматкерлерин кесиптик гигиеналык даярдоодо жана аттес-тациялоодо ишке ашырылат. 5-Глава Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу 34-статья. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык ченемдөө Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык ченемдөө: - санитардык эрежелерди негиздөө боюнча илимий-изилдөө иштеринжүргүзүүгө карата бирдиктүү талаптарды иштеп чыгууну; - мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык ченемдөө боюнча или-мий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө контролдукту; - санитардык эрежелерди иштеп чыгууну (кайра кароону), экспертиза-дан өткөрүүнү, бекитүүнү жана жарыялоону; - санитардык эрежелерди киргизүүгө контролдукту, алардын пайдала-нылышынын тажрыйбасын иликтөөнү жана жалпылоону; - санитардык эрежелерди каттоону жана тутумдаштырууну, мамлекеттиксанитардык-эпидемиологиялык ченемдөө жагындагы маалыматтардын бирдиктүүбазасын түзүүнү жана жүргүзүүнү камтыйт. Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык ченемдөө Кыргыз Республи-касынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдарыжана мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобогоылайык жүзөгө ашырылат. 35-статья. Санитардык эрежелерди иштеп чыгуу, бекитүү жана колдонууга киргизүү Адамдын жашоо чөйрөсүнүн жана турмуш-тиричилигинин шарттарынынфакторлорун санитардык-эпидемиологиялык жактан ченемдөөнүн белгиленгензарылдыгына байланыштуу санитардык эрежелер санитардык-эпидемиологиялыккөзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруубийлигинин органы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитар-дык-эпидемиологиялык кызматынын башка органдары жана мекемелери тарабы-нан иштелип чыгат. Санитардык эрежелерди иштеп чыгуу: - жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун калктын саламаттыгына тийгизгентаасирин айкындоо жана баалоо боюнча комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүүнү; - жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун калктын саламаттыгына зыяндуу та-асирин тийгизбөөсүнүн санитардык-эпидемиологиялык талаптарын аныктоону; - жашоо чөйрөсүнүн гигиеналык жана башка ченемдиктеринин факторло-рунун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын чен-өлчөмдөрүн бел-гилөөнү; - санитардык-эпидемиологиялык ченемдөө жагындагы эл аралык тажрый-баны талдоону; - гигиеналык жана башка ченемдерди кайра караштыруу үчүн негиздер-ди белгилөөнү; - санитардык эрежелерди колдонуунун социалдык жана экономикалыкнатыйжаларын болжоону; - санитардык эрежелерди колдонууга киргизүүнүн мөөнөттөрүн жанашарттарын негиздөөнү караштырууга тийиш. Санитардык эрежелер мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккөзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруубийлигинин органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилегентартипте бекитилет жана колдонууга киргизилет. Санитардык эрежелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-ген тартипте катталууга жана расмий жарыяланууга тийиш. Санитардык эрежелерди сактоо жарандар, жеке жана юридикалык жактарүчүн милдеттүү болуп саналат. Мамлекеттик бийликтин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдары тарабынан кабыл алынган, калктын санитардык-эпидемиоло-гиялык бейпилдигин камсыздоо маселелерине тийиштүү ченемдик укук акты-лары, көрсөтүлгөн маселелер боюнча юридикалык жактардын чечимдери, мам-лекеттик стандарттар, курулуш ченемдери жана эрежелери, эмгекти коргооэрежелери, ветеринардык жана фитосанитардык эрежелер санитардык эреже-лерге каршы келбөөгө тийиш. 36-статья. Адам үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон иштердин (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) айрым түрлөрүн лицензиялоону жүзөгө ашыруудагы санитардык-эпидемиологиялык корутундулар Адам үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон иштердин (жумуштардын,кызмат көрсөтүүлөрдүн) айрым түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на ылайык лицензияланууга тийиш. Лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн лицензияга талапкер-дин, адам үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон "Лицензиялоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган иштердин (жумуштардын, кыз-мат көрсөтүүлөрдүн) түрлөрүнүн санитардык эрежелерге ылайыктуулугу жө-нүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду берүүсү милдеттүү шарт бо-луп саналат. (КР 2003-жылдын 15-июлундагы N 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 37-статья. Адам үчүн олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн болгон продукциялардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сертификациялоонун өзгөчөлүктөрү Адам үчүн олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн болгон продукциялар-дын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сертификаци-ялоо мындай продукциялардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн са-нитардык эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялыккорутунду болгондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгөашырылат. 38-статья. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, тергөөлөр, иликтөөлөр, изилдөөлөр, сыноолор жана баа берүүнүн токсикологиялык, гигиеналык жана башка түрлөрү Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, тергөөлөр, иликтөөлөр,изилдөөлөр, сыноолор жана баа берүүнүн токсикологиялык, гигиеналык жанабашка түрлөрү: - жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасирлерин айкын-доо жана болтурбоо; - жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уу-лануулардын) пайда болушунун жана таралышынын себептерин айкындоо; - долбоорлук документтердин, чарбалык жана башка иштин объекттери-нин, продукциялардын, жумуштардын кызмат көрсөтүүлөрдүн санитардык эре-желерге ылайыктуулугун (ылайыктуу эместигин) айкындоо; - ушул Мыйзамдын 9, 10, 12-25, 36 жана 37-статьяларында каралгандолбоорлук документтердин, чарбалык жана башка иштин объекттеринин,продукциялардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн санитардык эреже-лерге ылайыктуулугун (ылайыктуу эместигин) айкындоо максатында бекитил-ген методдорду, ченөөлөрдү аткаруунун методикаларын жана ченөөчү кара-жаттардын түрлөрүн пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттиксанитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары жана мекемелери, бел-гиленген тартипте аккредитацияланган уюмдар, эксперттер тарабынанжүргүзүлөт. Белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган санитардык-эпидемиология-лык экспертизалардын, тергөөлөрдүн, иликтөөлөрдүн, изилдөөлөрдүн, сыно-олордун жана баа берүүнүн токсикологиялык, гигиеналык жана башкатүрлөрүнүн натыйжаларынын негизинде мамлекеттик башкы санитардык врач-тар тарабынан санитардык-эпидемиологиялык корутундулар берилет. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, тергөөлөр, иликтөөлөр,изилдөөлөр, сыноолор жана баа берүүнүн токсикологиялык, гигиеналык жанабашка түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби мамлекеттик санитардык-эпидемиологи-ялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик атка-руу бийлик органы тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматынын органдары жана мекемелери, белгиленген тартипте аккредитаци-яланган уюмдар жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар,тергөөлөр, иликтөөлөр, изилдөөлөр, сыноолор жана баа берүүнүн токсико-логиялык, гигиеналык жана башка түрлөрүн жүргүзгөн эксперттер алардынсапаты жана объективдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жоопкерчилик тартышат. 39-статья. Заттарды жана продукцияларды мамлекеттик каттоо Төмөндөгүлөр: - адам үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн болгон, өндүрүшкө биринчижолу киргизилип жаткан жана мурда пайдаланылбаган химиялык, биологиялыкзаттар жана алардын негизинде даярдалган препараттар (мындан ары - зат-тар); - адам үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн болгон продукциялардын айрымтүрлөрү; - Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу алынып келингенпродукциялардын айрым түрлөрү, анын ичинде тамак-аш азыктары мамлекет-тик каттоого алынат. Ушул статьянын биринчи абзацында көрсөтүлгөн заттарды жана продук-циялардын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо: - заттардын жана продукциянын айрым түрлөрүнүн адам жана жашоочөйрөсү үчүн коркунучтуулугун баалоонун; - жашоо чөйрөсүндөгү заттарды, продукциянын айрым түрлөрүнкүтүүнүн гигиеналык жана башка ченемдиктерин белгилөөнүн; - коргоо чараларын, анын ичинде адамга жана жашоо чөйрөсүнө зыян-дуу таасирин болтурбай коюу боюнча заттарды жана продукциянын айрымтүрлөрүн утилдештирүүнүн жана жок кылуунун шарттарын иштеп чыгуунун не-гизинде жүргүзүлөт. Заттардын жана продукциянын айрым түрлөрүнүн адам жана жашоочөйрөсү үчүн коркунучтуулугун баалоо, жашоо чөйрөсүндө заттарды жанапродукциянын айрым компоненттерин күтүүнүн гигиеналык жана башка ченем-диктерин белгилөө, коргоо чараларын иштеп чыгуу белгиленген тартиптеаккредитацияланган уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн заттарды жана продук-циянын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо буга ыйгарым укук берилгенмамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү бекиткен тартипте жүргүзүлөт. 40-статья. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл: - санитардык мыйзамдардын, санитардык-эпидемияга каршы (профилак-тикалык) иш-чаралардын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккөзөмөлдү жүзөгө ашырышкан кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрүнүн жана ток-томдорунун аткарылышына контролдукту; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүпункттарындагы санитардык-карантиндик контролдукту; - санитардык мыйзамдарды бузууга бөгөт коюу чараларын, санитардыкмыйзамдарды бузуу фактылары жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүнү жана токтом-дор чыгарууну, ошондой эле аларды жасаган адамдарды жоопкерчиликке тар-тууну; - мамлекеттик дењгээлде калктын саламаттыгынын, жашоо чөйрөсүнүнабалына, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга контролдукту; - жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уу-лануулардын) пайда болушунун жана таралышынын себептерин айкындоого жа-на шарттарын табууга багытталган санитардык-эпидемиологиялыктергөөлөрдү жүргүзүүнү; - санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардыөткөрүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгууну; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагын-дагы мамлекеттик дењгээлдеги статистикалык байкоо жүргүзүүнү, мамлекет-тик маалыматтык ресурстарды түзүү максатында жашоо чөйрөсүнүн зыяндуутаасирине байланышкан жугуштуу оорулардын, кесиптик оорулардын, жугуш-туу эмес массалык оорулардын (уулануулардын) мамлекеттик эсебинжүргүзүүнү камтыйт. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Кыргыз Республика-сынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары жанамекемелери (кызмат адамдары) тарабынан жүзөгө ашырылат. 41-статья. Социалдык-гигиеналык мониторинг Калктын саламаттыгынын жана жашоо чөйрөсүнүн абалын баалоо,өзгөрүүлөрүн айкындоо жана прогноздоо, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунунадамга зыяндуу таасирин айкындоо жана жоюу үчүн социалдык-гигиеналыкмониторинг жүзөгө ашырылат. Социалдык-гигиеналык мониторинг мамлекеттик дењгээлде шаардык жанаайылдык конуштарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпиде-миологиялык кызматынын органдары жана мекемелери тарабынан мамлекеттикаткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыменен бирдикте жүргүзүлөт. Социалдык-гигиеналык мониторингди өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 6-Глава Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы 42-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат тутумун уюштуруунун жана анын ишинин негизги принциптери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматы - Кыргыз Республикасында мамлекеттик санитардык-эпидемиология-лык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдар менен мекемелердин бирдиктүүборборлошкон тутуму. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматынын тутуму: - Кыргыз Республикасында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккөзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруубийлик органын; - областтарда, шаарларда, райондордо, ошондой эле Коргоо минист-рлигинде, Ички иштер министрлигинде, жана башка министрликтерде жанаведомстволордо мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгөашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдарын жанамекемелерин; - Кыргыз Республикасында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккөзөмөлдү камсыз кылуу максатында өз ишин жүзөгө ашырышкан мамлекеттикилимий-изилдөө жана башка мекемелерди камтыйт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматы тутумунун ишин уюштурууну Кыргыз Республикасынын башкы мамле-кеттик санитардык врачы, анын орун басары, ошондой эле областтардын,шаарлардын, райондордун, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлиги-нин жана башка министрликтер менен ведомстволордун башкы мамлекеттиксанитардык врачтары жүзөгө ашырышат. Башкы мамлекеттик санитардык-врачтар мамлекеттик санитардык-эпиде-миологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекет-тик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын тийиштүү органдары менен ме-кемелеринин жетекчилери болуп саналышат, төмөнкү тургандардын жогорку-ларга жана Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачынабаш ийүүсүнүн негизинде иштешет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматынын курамы, анын милдеттери, функциялары жана анын ишин жүзөгөашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Респуб-ликасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы жөнүндөгү жо-бо менен белгиленет. 43-статья. Мамлекеттик санитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу адамдарды кызматка дайындоо Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы КыргызРеспубликасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп сана-лат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка да-йындалат жана кызматынан бошотулат. Областтардын, райондордун жана шаарлардын башкы мамлекеттик сани-тардык врачтары жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларыменен макулдаштыкта Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардыкврачы тарабынан кызматка дайындалып, кийин Кыргыз Республикасынын Сала-маттык сактоо министрлигинин коллегиясында бекитилишет. Коргоо минист-рлигинин, Ички иштер министрлигинин жана башка министрликтер менен ве-домстволордун санэпидстанцияларынын башкы врачтарын дайындоо бул ми-нистрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери тарабынан жүзөгө ашыры-лат жана Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы ме-нен макулдашылат. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачынын орунбасары, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Департаментининбашкы директору Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардыкврачынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо минист-ри тарабынан кызматка дайындалат. Областтык, шаардык жана райондук Башкы мамлекеттик санитардыкврачтардын орун басарлары Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик са-нитардык врачы менен макулдаштыкта тийиштүү башкы мамлекеттик санитар-дык врачтар тарабынан кызматка дайындалышат. 44-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматын каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматын каржылоо: - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын; - жарандар, жеке жана юридикалык жактар менен келишим боюнча Кыр-гыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынынмекемелери аткарган иштер жана көрсөткөн кызматтар үчүн алынган кара-жаттардын; - санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардыжүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиология-лык кызматынын органдары жана мекемелери кошумча тарткан чыгымдардынордун толтуруу тартибинде жарандардан, жеке жана юридикалык жактарданалган каражаттардын; - жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынын жа-на кайрымдуулук жардамдарынын; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бу-лактардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардыжүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик актыларына ыла-йык камсыздандыруу компаниялары менен келишимдер боюнча милдеттүү меди-циналык камсыздандыруу фондунун эсебинен акы төлөнүшү мүмкүн. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагында-гы илимий-изилдөөлөрдү каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебиненжүргүзүлөт. Илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Эл аралык уюмдардын гранттары,каржылык жардамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу са-лынбаган башка булактар тартылышы мүмкүн. 45-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин мүлктү жана жер участокторун пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматынын органдары жана мекемелери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди ат-каруу үчүн пайдаланган жайлар, имараттар, курулуштар, жабдуулар, транс-порт каражаттары жана башка мүлк мамлекеттин менчигинде болушат жанаоргандар менен мекемелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген тартипте чарба жүргүзүү же иштиктүү башкаруу укугунда пайдалану-уга берилет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматынын органдарынын жана мекемелеринин имараттары менен курулуштарыжайгашкан жер участоктору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген тартипте сатууга жана ээликтен ажыратууга укуксуз түрдө алардынтуруктуу пайдалануусуна бекер берилет. 46-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматынын, ушул Мыйзамга ылайык бул кызматтын органдары менен мекеме-леринин атынан мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгөашырууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдары (мындан ары - мамлекет-тик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адам-дары) болуп: - башкы мамлекеттик санитардык врачтар жана алардын орун басарла-ры; - курамдык бөлүктөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары; - көрсөтүлгөн кызматтын органдары менен мекемелеринин адистери са-налышат. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруугаыйгарым укук берилген адистердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүбекиткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккызматы жөнүндө жободо белгиленет. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучукызмат адамдарына, алар кабыл алган чечимдерге кандайдыр бир түрдө таа-сир берүү же алардын ишине кандайдыр бир түрдө тоскоолдук келтирүү мак-сатында таасир берүүгө жол берилбейт жана ал Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучукызмат адамдары белгиленген үлгүдөгү кийим кийип жүрүүгө укуктуу болу-шат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин өзгөчө кор-гоосунда турушат. Кыргыз Республикасынын "профилактикалык, санитардык-гигиеналык иш"адистиги боюнча жогорку медициналык билим алган жарандары башкы мамле-кеттик санитардык врачтардын жана алардын орун басарларынын кызматтарынээлөөгө укуктуу болушат. 47-статья. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын укуктары Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучукызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда кызматтыккүбөлүгүн көрсөтүү менен: - мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынан, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан калктын са-нитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо маселелери боюнча доку-менттештирилген маалымат алууга; - санитардык-эпидемиологиялык тергөө жүргүзүүгө; - коммерциялык же башка уюмдарда башкаруучу милдеттерди жүзөгөашырган адамдардын жана кызмат адамдарынын санитардык мыйзамдарды сак-тоосун жана көрсөтүлгөн объекттерде санитардык-эпидемияга каршы (профи-лактикалык) иш-чаралардын аткарылышын текшерүү максатында мамлекеттиксанитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынуучу объекттердин аймагынажана жайларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кирүүгө; - турак-жай шарттарын изилдөө максатында жарандардын макулдугу ме-нен алардын турак-жайларына кирүүгө; - изилдөө үчүн продукциянын, анын ичинде азык-түлүк чийки заттарынжана тамак-аш азыктарынын үлгүлөрүн тандап алууларды жүргүзүүгө; - транспорт каражаттарынын жана алар ташыган жүктөрдүн санитардыкэрежелерге ылайыктуулугун аныктоо максатында транспорт каражаттарын жа-на алар ташыган жүктөрдү, анын ичинде азык-түлүк чийки заттарын жанатамак-аш азыктарын карап чыгууларды жүргүзүүгө; - абанын, суунун жана кыртыштын үлгүлөрүн изилдөө үчүн үлгүлөрдүтандап алууну жүргүзүүгө; - жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун санитардык эрежелерге ылайыктуу-лугун аныктоо максатында мындай факторлорду ченөөлөрдү жүргүзүүгө; - санитардык мыйзамдарды бузуу жөнүндө протокол түзүүгө укуктуу. Санитардык мыйзамдарды бузуулар айкындалганда, ошондой эле жугуш-туу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануулардын)келип чыгыш жана таралыш коркунучу туулганда мамлекеттик санитар-дык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары жаран-дарга, жеке жана юридикалык жактарга белгиленген мөөнөттөрдө алар атка-рууга милдеттүү болгон: - айкындалган санитардык эрежелерди бузууларды жоюу жөнүндө; - санитардык эрежелерге ылайык келбеген же санитардык-эпидемиоло-гиялык корутундусу жок продукцияларды, анын ичинде азык-түлүк чийкизаттарын жана тамак-аш азыктарын сатууну токтотуу жөнүндө; - кошумча санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чара-ларды жүргүзүү жөнүндө; - жугуштуу оору менен ооруган оорулуулар менен байланышта болгонжарандарды лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү жана мындай жарандарга ме-дициналык байкоо жүргүзүү жөнүндө; - жугуштуу оорулардын очокторунда, ошондой эле жугуштуу оорулардынпайда болушу жана таралышы үчүн шарттар болгон жана сакталган аймактар-да жана жайларда дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана дератизациялоо бо-юнча иштерди аткаруу жөнүндө көрсөтмөлөр берүүгө укуктуу болушат. (КР
2009-жылдын 17-апрелиндеги № 126 Мыйзамынын редакциясына ылай-ык) 48-статья. Башкы мамлекеттик санитардык врачтардын жана алардын орун басарларынын ыйгарым укуктары Башкы мамлекеттик санитардык врачтарга жана алардын орун басарла-рына ушул Мыйзамдын 47-статьясында каралган укуктар менен катартөмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет: - санитардык мыйзамдарды бузуулар жөнүндө материалдарды жана иш-терди кароого; - санитардык мыйзамдар бузулган учурда сотко жана арбитраждык сот-ко дооматтарды коюга; - жарандарга, жеке жана юридикалык жактарга ушул Мыйзамдын38-статьясында каралган санитардык-эпидемиологиялык корутундулар жанакөрсөтмөлөрдө белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышы милдеттүү болгонкөрсөтмөлөр берүүгө; - санитардык мыйзамдарды бузуулар жөнүндө материалдарды жана иш-терди кароо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидеми-ологиялык кызматынын органдарына жана мекемелерине жеке жана юридикалыкжактарды чакырууга; - укук бузуулар жоюлганга чейин уюмдардын, мекемелердин, ишкана-лардын ишин токтото туруу жөнүндө же укук бузууларды жоюуга мүмкүн бол-богон учурда ишке тыюу салуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарууга; - жугуштуу оорулардын пайда болушунун жана таралышынын коркунучутуулганда негиздүү токтомдорду чыгарууга: айлана тегеректегилер үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулар ме-нен ооруган оорулууларды жана мындай оорудан шектүүлөрдү изилдөө жеизоляциялоо үчүн госпиталдаштыруу жөнүндө; айлана тегеректегилер үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулууларменен байланышта болгон жарандарды милдеттүү медициналык кароодонөткөрүү, госпиталдаштыруу же изоляциялоо жөнүндө; жугуштуу ооруларды козгоочулар болуп саналган жана аткарган иште-ринин же өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жугуштуу ооруларды та-ратуунун булактары болушу мүмкүн болгон адамдарды иштен убактылуу чет-тетүү жөнүндө; эпидемиялык белгилери боюнча жарандарды же жарандардын айрым топ-торун профилактикалык эмдөөдөн өткөрүү жөнүндө; уюмдарда жана объекттерде чектөөчү иш-чараларды (карантинди) кир-гизүү (жокко чыгаруу) жөнүндө; - санитардык мыйзамдарды бузгандык үчүн жүйөлөштүрүлгөн токтомдор-ду чыгарууга: эскертүүлөр жана жазапулдар түрүндө администрациялык жаза-чарала-рын көрүү жөнүндө; жазык иштерин козгоо жөнүндөгү маселелерди чечүү үчүн санитардыкмыйзамдарды бузгандык жөнүндө укук коргоо органдарына материалдардыжөнөтүү жөнүндө. Башкы мамлекеттик санитардык врачтар жана алардын орун басарлары: - социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын, калктын санитар-дык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо, калктын саламаттыгын сакто-онун жана чыњдоонун максаттуу жана регионалдык программаларынын долбо-орлоруна тийиштүү маселелер боюнча; - юридикалык жана жеке жактар санитардык эрежелерди бузган учур-ларда алардын эсеп-кысаптык жана башка эсептери боюнча операциялардытоктото туруу маселелери боюнча; - продукциялардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн санитар-дык эрежелерге ылайык эместиги айкындалган учурларда мындай продукция-лардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ылайыктуулук сертификат-тарынын колдонулушун токтото туруу жана (же) алып коюу маселелери боюн-ча; - иштин мындай түрлөрүн жүзөгө ашырууда санитардык эрежелерди бу-зуу айкындалган учурларда иштин айрым түрлөрүнө берилген лицензиялардынколдонулушун токтото туруу жөнүндөгү же көрсөтүлгөн лицензияларды алыпкоюу жөнүндөгү маселелер боюнча; - санитардык эрежелерди бузууга жол берген кызматкерлерге карататартиптик жаза-чараларын колдонуу жөнүндөгү маселелер боюнча; - санитардык мыйзамдарды бузууга жол берүүдөн улам жаранга келти-рилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле санитардык мыйзамдардыкөрсөтүлгөн бузууга байланышкан жугуштуу ооруларды жана жугуштуу эмесмассалык ооруларды (ууланууларды) жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүүгөКыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы-нын органдары жана мекемелери кошумча тарткан чыгымдардын ордун толту-руу маселелери боюнча мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарына, жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга, мекемелерге сунуш-тар киргизүүгө укуктуу болушат. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачына ушулМыйзамдын 47-статьясында каралган укуктар жана ыйгарым укуктар мененкатар: - мамлекеттик аткаруу бийлик органдары бекитүүчү долбоорлоо ченем-деринин долбоорлорунун, мамлекеттик стандарттардын долбоорлорунун, ку-рулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, ветеринардык жана фитосанитардыкэрежелердин долбоорлорунун, эмгекти коргоо эрежелеринин, айлана-чөйрөнүкоргоонун эрежелеринин долбоорлорунун, билим берүүчү стандарттардындолбоорлорунун, башка ченемдик актылардын долбоорлорунун жана калктынсанитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоонун мамлекеттик мак-саттуу программаларынын (мындан ары - документтер) санитардык эрежелер-ге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундуларберүүгө; - санитардык эрежелерди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сани-тардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин ишинжөнгө салуучу ченемдик жана башка документтерди, ошондой эле ушул Мый-замдын 38-статьясында каралган усулдарды бекитүүгө; - мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына, алар бекиткен документ-терди санитардык мыйзамдарга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды кир-гизүүгө; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын аймагындачектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү (жокко чыгаруу) жөнүндө су-нуштар киргизүүгө кошумча ыйгарым укуктар берилет. Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана башка ми-нистрликтердин жана ведомстволордун башкы мамлекеттик санитардык врач-тарына: - санитардык эрежелердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана алардымамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарымукук берилген мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын бекитүүсүнөкиргизүүгө; - мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу-га ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруу бийлик органы менен макул-даштыкта караштуу объекттерде мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялыккөзөмөлдү жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салуучу нускамаларды жанабашка документтерди бекитүүгө кошумча ыйгарым укуктар берилет. 49-статья. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын милдеттери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучукызмат адамдары: - санитардык мыйзамдарды бузуулардын алдын алууга, аларды табуугажана аларга бөгөт коюуга, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилди-гин камсыздоого багытталган ыйгарым укуктарды өз убагында жана толукөлчөмдө аткарууга; - жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уу-лануулардын) пайда болушунун жана таралышынын себептерин айкындоого жа-на шарттарын табууга; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигинин маселелери бо-юнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого жанатийиштүү чаралар көрүүгө; - санитардык-эпидемиологиялык жагдай жөнүндө жана калктын санитар-дык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары мененмекемелери көрүп жаткан иш-чараларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттикбийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына жанакалкка кабарлоого; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнчаөз ишин мамлекеттик аткаруу бийлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу-нун органдары жана коомдук бирикмелер менен эриш-аркак жүзөгө ашырууга; - өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда өздөрүнө белгилүү бо-луп калган маалыматтар жагында мамлекеттик, врачтык жана мыйзам тарабы-нан корголгон башка жашыруун сырды сактоого; - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо масе-лелеринде жана санитардык мыйзамдарды аткарууда коомдук бирикмелергекөмөк көрсөтүүгө милдеттүү болушат. 50-статья. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жоопкерчилиги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучукызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарба-гандыктары үчүн, ошондой эле калктын санитардык-эпидемиологиялык бей-пилдигине коркунуч түзүүчү фактыларды жана жагдайларды жаап-жашырган-дыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптежоопкерчилик тартышат. 51-статья. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучукызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата мамлекеттиксанитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жогорку органына, башкы мамле-кеттик санитардык врачка же сотко даттанылышы мүмкүн. Даттануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптекаралат. Эгерде даттанылып жаткан аракеттер соттун чечими менен токтотулатурбаса даттануу берүү даттанылып жаткан аракеттерди токтотуп тура ал-байт. 7-Глава Санитардык мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик 52-статья. Санитардык мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик Санитардык мыйзамдарды бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык тартиптик, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги белги-ленет. Санитардык мыйзамдарды бузуу үчүн администрациялык жаза ушул Мый-замдын 48-статьясында каралган ыйгарым укуктарга ылайык мамлекеттик са-нитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынынтоктомдору менен берилет. 53-статья. Санитардык мыйзамдарды бузуудан улам келтирген зыян үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилик Санитардык мыйзамдарды бузуудан улам жарандын инсандыгына жемүлкүнө келтирген зыяндын, ошондой эле юридикалык жактын мүлкүнө кел-тирген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыянкелтирген жаран же юридикалык жак тарабынан толук көлөмдө толтурулупберилүүгө тийиш. 8-Глава Корутунду жоболор 54-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып: - "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялыкбейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы N945-XII Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 2-июлундагыN 946-XII "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялыкбейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүтууралу" токтому күчүн жоготту деп табылсын. 55-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев 2001-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган