Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
1995-жылдын 16-февралы ПУ N 37
Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 111 , 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ № 248 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык )
Мектепке чейинки балдар мекемелеринин, жатаканалардын, дарыканалардын, ден соолук чыңдоочу-дарылануучу мекемелердин жана социалдык инфраструктуранын башка объекттеринин ишмердигин кайра түзүү менен, аларды массалык түрдө жабууну жана сатууну токтотуу, ошондой эле аларды андан ары пайдаланууга, калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылууга байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында токтом кылам:
1. Эгерде мындай объекттер алардын балансында турса же менчиктештирүү процессинде аларды пайдалануунун колдонуудагы тартибин сактоо шарттарында акысыз өткөрүлүп берилсе, уставдык фонддогу мамлекеттик үлүштүн өлчөмүнө карабастан, социалдык инфраструктура объекттери мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар жана мекемелер тарабынан сатылууга тийиш эмес деп эсептелсин, буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган жана белгиленген тартипте авариялык жана бузулууга тийиш деп таанылган объекттер;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ыкчам башкаруусунда турган объекттер.
(КР Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 111 , 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ № 248 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык )
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук валютаны киргизүү боюнча комитетинин социалдык инфраструктуранын объекттерин сатууну караган "Чарба жүргүзүүчү субъекттердин финансылык чарбалык ишмердигин андан ары либералдаштыруу жөнүндөгү" декретинин 1-пунктунун 3-абзацынын колдонулушу токтотула турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
эки айлык мөөнөттө:
- социалдык инфраструктуранын объекттеринин реестрин киргизсин;
- пайдаланылбаган же максатка ылайыксыз пайдаланылган мектепке чейинки балдар мекемелерин жана социалдык инфраструктуранын башка объекттерин жергиликтүү ёбийлик органдарынын карамагына өткөрүп берүүнү, объекттердин айрым бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте менчиктештирүүнү камтыган социалдык инфраструктуранын объекттерин пайдалануунун программасын иштеп чыксын жана бекитсин.
бир айлык мөөнөттө:
- социалдык инфраструктуранын объекттерин сатуудан ишканалар жана мекемелер алган акча каражаттары эмнеге пайдаланганын текшерүү боюнча чараларды көрсүн. Эгерде сатуудан түшкөн каражаттарды максатка ылайыксыз пайдаланган учурларда ал каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине кайтарылсын;
- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн ушул Указдан келип чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын өзгөртүү жана толуктоо жөнүндөгү мыйзамдардын долбоорлорун даярдасын.
4. Ушул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |