Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 10-августундагы ПЖ N 174 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
№ 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 473 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө ЖОБО I. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же токтотуу үчүн зарыл болгон арыздарды жана башка документтерди толтуруунун жана берүүнүн тартиби II. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоонун жана тариздөөнүн тартиби III. Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу IV. Ыйгарым укуктуу органдардын милдеттери жана функциялары V. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечимдер жана аларды аткаруу VI. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечимдерди алып салуу 1-тиркеме. Анкета-арыз 2-тиркеме. Анкета-арыз 3-тиркеме. Маалымкат 4-тиркеме. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Маалымкат 5-тиркеме. Корутунду Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү" 2007-жылдын21-майындагы N 70 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мый-зам) ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча арыздардытолтуруунун жана берүүнүн, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунунжана токтотуунун маселелерин кароонун, аталган маселелер боюнча чечим-дерди кабыл алуунун, аткаруунун жана даттануунун тартибин аныктайт,ошондой эле арыздардын формаларын жана зарыл документтердин тизмесинбелгилейт. I. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же токтотуу үчүн зарыл болгон арыздарды жана башка документтерди толтуруунун жана берүүнүн тартиби 1. Арыз - Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнчаанкета (мындан ары - арыз) жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууже токтотуу үчүн зарыл болгон документтер аракетке жөндөмдүү эрезегежеткен адам тарабынан берилет: - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган учурда - арызээсинин жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын райондук же шаардыкички иштер органдарына (мындан ары - ички иштер органдары); - Кыргыз Республикасынан сырткары жерде туруктуу жашаган учурда -Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук меке-мелерине. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз Рес-публикасынын аймагында арыз берилген учурда мамлекеттик алым алынат, алэми Кыргыз Республикасынан сырткары жерлерде - Кыргыз Республикасынынэларалык келишимдеринде же башка ченемдик укуктук актыларында башкасыкаралбаган болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартип-те консулдук жыйым алынат. 2. Арыз Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же токтотуунуначык-айкын негиздерине ылайык форма боюнча эки нускада түзүлөт. Бардыкзарыл документтер эки нускада чогултулат: арыздардын бирине документ-тердин түп нускасы, экинчисине - көчүрмөлөрү тиркелет. 3. Арыз ички иштер органдарына же Кыргыз Республикасынын диплома-тиялык өкүлчүлүктөрүнө (же консулдук мекемелерине) арыз ээсинин жекеөзү тарабынан тапшырылат. Өзгөчө учурларда жүйөлүү себептерди эске алууменен арыз башка адамдар аркылуу же почта боюнча берилиши мүмкүн. 4. Аракетке жөндөмсүз адамдын же бойго жетелек адамдын арызы анынмыйзамдуу өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында нотариалдык жак-тан, ал эми Кыргыз Республикасынан сырткары жерлерде - Кыргыз Республи-касынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынанырасталган өтүнүчү боюнча каралат. 5. Арыз ээси арыз менен бир учурда эле Мыйзамдын 33-статьясындажана ушул Жободо каралган бардык зарыл документтерди берет. Бул доку-менттер мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлүшү же ошол тилдердин бири-не котормосу менен коштолушу керек. Документтердин котормосунун туура-лыгы нотариалдык жактан же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчү-лүгүнүн (же консулдук мекемесинин) кызматкери тарабынан консулдук жыйымалбастан күбөлөндүрүлөт. 6. Арызга арыз ээси жеке өзү ал түзүлгөн күндү көрсөтүү менен колкоюуга тийиш. Дене боюнун кемчилдигинен улам, сабатсыздыгы же кандай-дыр-бир башка себептер боюнча документтерге өзү кол кое албаган адамарыз берген учурда анын тапшыруусу боюнча, анын катышуусунда жана арыз-ды кабыл алган кызмат адамынын катышуусунда аларга ыйгарым укуктуу ор-гандардын кызматкерлерин кошпогондо башка адамдар тарабынан кол коюлушумүмкүн. Документке кызмат адамы арыз берүүчү үчүн колду башка адам арызээсинин катышуусунда кол койгондугу жөнүндө жазууну жазып, документкеарыз ээси өз колун кое албагандыгынын себебин, ошондой эле кол койгонадамдын фамилиясын, аты-жөнүн жана жарандыгын, анын жашаган жеринин да-регин жана анын ким экендигин тастыктаган документтин номерин көрсөтөт. 7. Мыйзамда жана ушул Жободо каралган бардык зарыл жана талаптагы-дай толтурулган документтерди арыз ээси берген күндөн баштап арыз ка-роого кабыл алынды деп эсептелинет. Эгерде жүйөлүү себептерден улам жана Мыйзамдын 31-статьясына жанаЖобонун 3-пунктуна ылайык арыз ээси арызды жана зарыл документтердибашка адам аркылуу берсе же аларды почта аркылуу жиберсе, анда арызбардык зарыл жана талаптагыдай толтурулган документтер болгон шарттааны ыйгарым укуктуу алган күндөн баштап кароого кабыл алынды деп эсеп-телинет. 8. Ички иштер органдары же Кыргыз Республикасынын дипломатиялыкөкүлчүлүктөрү (же консулдук мекемелери) арыз келип түшкөндө аны каттайтжана арыз ээсине арызды жана мыйзамга, жана ушул Жобого ылайык тиркел-ген документтерди кароого кабыл алуу жөнүндө маалымкатты кабыл алуу да-тасын көрсөтүү менен берет. Арызды үчүнчү жак аркылуу же почта боюнчаалган учурда маалымкат арыз ээсине ошол адамдар аркылуу берилет же поч-та боюнча жиберилет. 9. Сунуш кылынган документтерде маалыматтар толук же так эмесэкендиги аныкталганда ички иштер органдары же Кыргыз Республикасынындипломатиялык өкүлчүлүктөрү (же консулдук мекемелери) аларды арыз ээси-не тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн кайра кайта-рууга тийиш. Арыз ээси тарабынан жасалма документтерди берүү же атайылап жалганмаалыматтарды берүү арыз кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп са-налат, бул туурасында улуттук коопсуздуктун аймактык органдарына мил-деттүү тартипте билдирилет. Кыргыз Республикасынын жарандыгына жалпы тартипте кабыл алуу 10. 18 жашка жеткен жана аракетке жөндөмдүү четөлкөлүк жарандаржана жарандыгы жок адамдар Мыйзамдын 13-статьясында каралган шарттардысактоо менен жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабылалынышы мүмкүн. Жалпы тартипте жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү арыз-анкета мененбирге (1-тиркеме) төмөнкү документтерди берүү зарыл: - арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документтин (паспорт, че-төлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын жашоого болгон уруксаты)түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү; - ак фондогу 4x6 өлчөмүндө эки түстүү фотосүрөтү; - мамлекеттик алымды (консулдук жыйымды) төлөгөндүгү жөнүндө дү-мүрчөк же аларды төлөөдөн бошотуу жөнүндө документ; - жашоо үчүн каражаттарынын мыйзамдуу булактарынын бар экендигижөнүндө документ (жеке жактын кирешелери жөнүндө маалымкат, жеке жактынкирешесине салык органынын белгиси коюлган салыктар боюнча декларация,иштеген жеринен маалымкат, эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүгү, жөлөк-пул алуу жөнүндөгү социалдык коргоо органынын маалымкаты, алимент ал-гандыгынын ырастамасы, кредиттик мекемедеги салымы жөнүндө эсебинин но-мери көрсөтүлгөн маалымкат, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк, арыз ээсибагуусунда турган адамдын кирешеси жөнүндө маалымкат, же мыйзам менентыюу салынбаган иштен алынган кирешесин ырастаган башка документ); - Кыргыз Республикасынын аймагында соњку беш жыл үзгүлтүксүз ту-руктуу жашагандыгын ырастаган документ (каттоо жөнүндө белгиси бар пас-порту, четөлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын каттоо жөнүндөбелгиси бар жашоого болгон уруксаты жана жашаган жеринен маалымкат); - арыз ээсинин мамлекеттик же расмий тилди билгендигин ырастагандокумент. Мындай маалымкат кыргыз же орус тилдери окутулган окуу жайынаяктагандыгы жөнүндө документи бар адамдан талап кылынбайт; - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (КЭР, КазакстанРеспубликасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) жа-рандары үчүн - мурдагы жарандыгынан баш тарткандыгы жөнүндө жеке арызы. Эгерде арыз ээси бир эле учурда жашы жетелек балдарды Кыргыз Рес-публикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнсө, төмөнкүлөр көрсөтү-лөт: - нике жөнүндө, балдардын туулгандыгы жөнүндө, камкордук кылуу жекөзөмөлдүк кылууну белгилөө жөнүндө, ата-эне укугунан ажыратуу жөнүндөкүбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү; - 14-18 жаштагы курактагы балдардын жарандыкты өзгөртүүгө жазуужүзүндөгү нотариалдык жактан ырасталган макулдугу. Мыйзамдын 13-статьясынын 2-пунктуна ылайык документтерди тапшыруу-да Кыргыз Республикасынын аймагында жашоонун мөөнөтү арыз берген учургакарата үчтөн бирге чейин кыскартылат жана 1-пунктта көрсөтүлгөн доку-менттерге кошумча эгерде арыз ээси: - Кыргыз Республикасынын жараны менен никеде турса - нике жөнүндөкүбөлүктүн; - илим, техника, маданият жагында жетишкендиктери бар болсо жеКыргыз Республикасында талап кылынган кесипке же квалификацияга ээ бол-со - Кыргыз Республикасынын жарандыгына арыз ээсин кабыл алуу жөнүндөталамдаш мамлекеттик органдын өтүнүчүнүн; - Кыргыз Республикасында качкын болуп саналса - качкындын күбөлү-гүн; - Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция киргизсе - Кыр-гыз Республикасынын мамлекеттик органы тарабынан берилген инвестицияныкиргизгендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн тапшырат. 11. Мыйзамдын 13-статьясынын экинчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын жарандыгына кабыл алуу мамлекеттик бийлик органынын же жогор-ку кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуусунуннегизинде жүргүзүлөт. Кайрылууда ал адамдын Кыргыз Республикасынын ал-дындагы өзгөчө сињирген эмгеги көрсөтүлөт, ошондой эле аны Кыргыз Рес-публикасынын жарандыгына кабыл алуунун максатка ылайыктуулугу негизде-лет. Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сињирген эмгеги болуп илим,техника, өндүрүш, маданият, спорт жагындагы көрүнүктүү жетишкендиктери,экономиканы өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасын коргоого жана коопсузду-гун камсыз кылууга кошкон салымы жана Кыргызстандын эларалык беделинкөтөрүүгө өбөлгө болгон башка сињирген эмгектер саналат. Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сињирген же республи-канын экономикасына инвестор болуп саналган адамга Кыргыз Республикасы-нын жарандыгын берүү жөнүндө чечимди ал адамдын эрки болгон учурда Кыр-гыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабылалуу 12. 18 жашка жеткен жана аракетке жөндөмдүү четөлкөлүк жарандар жежарандыгы жок адамдар Мыйзамдын 14-статьясынын биринчи бөлүгүнүн неги-зинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабылалынышы мүмкүн. 13. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынынаймагында кеминде бир жыл жашаган четөлкөлүк жарандар же жарандыгы жокадамдар арыз-анкета менен бирге (1-тиркеме) төмөнкүлөрдү тапшырат: - арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документтин (паспорт, че-төлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын жашоого болгон уруксаты)түп нускасы жана ксерокөчүрмөсу; - жашаган жеринен маалымкат, ак фондогу 4x6 өлчөмүндө эки фотосү-рөтү; - мамлекеттик алымды (консулдук жыйымды) төлөгөндүгү жөнүндө дү-мүрчөк же аларды төлөөдөн бошотуу жөнүндө документ; - жашоо үчүн каражаттарынын мыйзамдуу булактарынын бар экендигижөнүндө документ (жеке жактын кирешелери жөнүндө маалымкат, жеке жактынкирешесине салык органынын белгиси коюлган салыктар боюнча декларация,иштеген жеринен маалымкат, эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүгү, жөлөк-пул алуу жөнүндөгү социалдык коргоо органынын маалымкаты, алимент ал-гандыгынын ырастамасы, кредиттик мекемедеги салымы жөнүндө эсебинин но-мери көрсөтүлгөн маалымкат, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк, арыз ээсибагуусунда турган адамдын кирешеси жөнүндө маалымкат, же мыйзам менентыюу салынбаган иштен алынган кирешесин ырастаган башка документ); - Кыргыз Республикасынын аймагында үзгүлтүксүз туруктуу жашаганды-гын ырастаган документ (каттоо жөнүндө белгиси бар паспорту, четөлкөлүкжарандын жана жарандыгы жок адамдын каттоо жөнүндө белгиси бар жашоогоболгон уруксаты жана жашаган жеринен маалымкат, каттоо талону); - арыз ээсинин мамлекеттик же расмий тилди билгендигин ырастагандокумент Мындай маалымкат кыргыз же орус тилдери окутулган окуу жайынаяктагандыгы жөнүндө документи бар адамдан талап кылынбайт; - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (КЭР, КазакстанРеспубликасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) жа-рандары үчүн - мурдагы жарандыгынан баш тарткандыгы жөнүндө жеке арызы. Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабылалуу боюнча документтерди берүүдө төмөнкү документтер кошумча сунуш кы-лынат: - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-энеси бар экен-диги жөнүндө - ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасында туулса - туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүнкөчүрмөсү; - кыргыз улутундагы адам болуп саналгандыгы - кыргыз улутун ырас-таган документ (паспорт, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк) же ата-энесининбилимин кыргыз улутунда экендигин ырастаган документ; - ушул Жобонун 13-пунктунун бешинчи пунктчасында көрсөтүлгөн доку-менттер тапшырылбайт. 14. Эгерде арыз ээси бир эле учурда жашы жетелек балдарды КыргызРеспубликасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнсө, анда Мыйзамдакаралган жагдайларга жараша жогоруда саналып өткөн документтерге кошум-ча: - балдардын туулгандыгы жөнүндө, камкордук кылуу же көзөмөлдүк кы-лууну белгилөө жөнүндө, ата-эне укугунан ажыратуу жөнүндө күбөлүктүнтүп нускасы жана көчүрмөсү; - 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдардын жарандыкты өзгөр-түүгө жазуу жүзүндөгү нотариалдык жактан ырасталган макулдугу; - балдарынын жарандыгын өзгөртүү маселеси боюнча ата-энелерининжазуу жүзүндөгү нотариалдык жактан ырасталган макулдугу (Мыйзамдын 14,21-статьяларына ылайык). 15. Арыз ээсине байланыштуу болбогон себептерден улам көрсөтүлгөндокументтердин кайсы бирин тапшыруу мүмкүн болбогон учурда арызга алсебепти кењири түшүндүргөн түшүндүрмөнү тиркөө зарыл. Зарыл документтер жок болгон же талаптагыдай толтурулбаган учурдаыйгарым укуктуу органдын кызматкери жарандык маселеси боюнча арызды жа-на зарыл документти толтуруунун тартибин арыз ээсине түшүндүрүүгө мил-деттүү. Арыз ээсинен жарандык маселеси боюнча анын арызын кабыл алууданбаш тартуунун себебин жазуу жүзүндө түшүндүрүп берүү өтүнүчү түшкөндөыйгарым укуктуу органдын кызматкери андай өтүнүчтү канааттандыруугамилдеттүү. 16. Ички иштер органдары же Кыргыз Республикасынын дипломатиялыкөкүлчүлүгү (же консулдук мекемеси) тиркелген документтер менен биргеарыздарды алдын ала текшерүү жүргүзөт жана аларды Кыргыз Республикасы-нын Ички иштер министрлигине же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-нистрлигине жиберет. 17. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорт жанавизалык контроль департаменти жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлигинин консулдук кызмат департаменти сунуш кылынган материал-дарды текшерет, улуттук коопсуздук органдары менен макулдашат, алардыкарайт жана алар боюнча жүйөлүү жана негиздүү корутунду даярдайт. Сунушкылынган документтерде толук эместиктер же так эмес маалыматтар табыл-ган учурда алар арыз ээсине тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү үчүн кайра кайтарылат. 18. Корутундуда арыз ээси жөнүндө текшерилген маалыматтар кењирибаяндалат, Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арыздыканаттандыруу же баш тартуунун максатка ылайыктуулугу тааныла турганжүйөөлөр көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорт жана ви-залык контроль Департаменти даярдаган корутундуга паспорт жана визалыкконтроль Департаментинин кызматкери кол коет жана начальниги же анынорунбасары ырастайт. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматДепартаменти даярдаган корутундуга консулдук кызмат Департаментининкызматкери кол коет жана директор же анын орунбасары ырастайт. 19. Корутунду арыз ээсинин колдо бар бардык материалдары мененбирге Комиссияга жөнөтүлөт, бул туурасында арыз ээсине жазуу жүзүндөбилдирилет. 20. Ички иштер органдарында, Кыргыз Республикасынын дипломатиялыкөкүлчүлүктөрүндө (же консулдук мекемелеринде), Кыргыз РеспубликасынынИчки иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министр-лигинде арызды кароо мөөнөтү жалпы тартип боюнча 90 күндөн жана жөнө-көйлөтүлгөн тартип боюнча 30 күндөн ашпоого тийиш. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арызды кароожана алар боюнча чечим кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентинекараштуу жарандык маселелери боюнча Комиссияга талаптагыдай толтурулгандокументтерди тиркөө менен өтүнүч берилген күндөн баштап жалпы тартиптеөтүнүч боюнча алты айга чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт. Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуугаже жарандыктан чыгууга өтүнүч кылган адамдын арызын кароонун жана аларбоюнча чечим кабыл алуунун жалпы мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Прези-дентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссияга талаптагыдайтолтурулган документтерди тиркөө менен өтүнүч берилген күндөн баштап үчайлык мөөнөттү түзөт. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылган күндөнбаштап жарандык өзгөртүлөт. Жарандык маселелери боюнча кайталап берилген арыздар бул маселебоюнча мурдагы чечим кабыл алынгандан кийин бир жыл өткөндө каралат.Арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болбой турган иш үчүн олуттуужагдайлар келип чыккан учурда кайталап берилген арыздар мурдараак кара-лышы мүмкүн. 21. Ыйгарым укуктуу органдар арыз ээсине анын документтеринин тур-ган орду жана кароо мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын жарандыгына мамлекеттер аралык макулдашуу-ларга ылайык кабыл алуу 22. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мамлекеттераралык макулдашуулар менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунунбашкача тартиби да каралышы мүмкүн. Мындай болгон учурда мамлекеттераралык макулдашуулардын ченемдери колдонулат. 23. Кыргыз Республикасынын жарандыгын мамлекеттер аралык макулда-шууларга ылайык алуунун тартиби өзүнчө ченемдик укуктук актылар мененжөнгө салынышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү 24. Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган четөлкөлүкжарандар же жарандыгы жок адамдар Мыйзамдын 15-статьясы жана ушул Жобо-нун 13-пункту менен белгиленген тартиптерди сактоо менен өтүнүч боюнчаКыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтириши мүмкүн. II. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоонун жана тариздөөнүн тартиби 25. Кыргыз Республикасынын аймаганда туруктуу жашаган, өзүнүн Кыр-гыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоону каалаганадамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндөарыз менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кайрылуугатийиш. Арызга төмөнкүлөр тиркелет: - арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документтин (паспорттун)түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү; - кењири өмүр баяны; - ак фондогу 4x6 өлчөмүндөгү эки фотосүрөтү; Кыргыз Республикасы-нын аймагында үзгүлтүксүз туруктуу жашагандыгын ырастаган документ(каттоо жөнүндө белгиси бар паспорту, каттоо жөнүндө белгиси, жашаганжеринен маалымкат, аскердик билети, туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү, оку-ган, иштеген жеринен маалымат). 26. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы текшерилип жат-кан адамга текшерилип жаткан адамдын жашаган жери боюнча ички иштер ор-гандарынын аймактык паспорттук бөлүмчөлөрү сурамжылоонун кењири прото-колун түзөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматсистемасы боюнча да текшерүү жүргүзүлөт. 27. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички иштер органдарынын паспорт-тук бөлүмчөлөрү Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы же таан-дык эместиги жөнүндө корутунду чыгарат, анда арыз ээси жөнүндө негизгимаалыматтар жана адамды Кыргыз Республикасынын жараны деп таануу жетааныбоонун юридикалык негиздери көрсөтүлүүгө тийиш. Мындай корутундуички иштер органынын паспорттук бөлүмчөсүнүн жетекчиси тарабынан ырас-талат. Эгерде текшерилип жаткан адамдын балдары бар болсо, анда корутун-дуда алардын жарандыгы да аныкталууга тийиш. 30-пунктта көрсөтүлгөн адамдар кайрылган учурда Кыргыз Республика-сынын Ички иштер министрлигинин паспорт жана визалык контроль Департа-менти тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн учурлар боюнча алардын Кыргыз Рес-публикасынын жарандыгына таандыктыгы аныкталат жана белгиленген үлгүдө-гү маалымкат берилет. 28. Ички иштер органдары арыз ээсине анын Кыргыз Республикасынынжарандыгына таандыктыгын текшерүүнүн натыйжасы жөнүндө маалымдайт. 29. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорт жанавизалык контроль Департаментинин, Бишкек шаарынын ШИИБнын, облустардынжана Ош шаарынын ИИБнын паспорттук-визалык контроль бөлүмдөрүнүн жанатопторунун алдында жарандык маселелери боюнча жањжалдык комиссиялар тү-зүлөт (мындан ары - жањжалдык комиссиялар). Жањжалдык комиссиялар Кыргыз Республикасынын аймаганда туруктуужашаган, өзүнүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын анык-тоону каалаган адамдардын арыздарын кароого жана төмөнкүлөр боюнча ко-рутунду чыгарууга укуктуу: - СССРдин жарандыгында турган, колунда 1974-жылкы үлгүдөгү мурдагыСССРдин паспорту бар жана соњку беш жылда (ички иштер органдарына кай-рылган учурдан баштап) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жаша-ган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө арыз бербе-ген адамдар; - 1974-жылкы үлгүдөгү СССРдин паспортторунда Кыргыз Республикасы-нын аймагында убактылуу каттоого туруу жөнүндө штамп коюлган, КыргызРеспубликасынын аймагында жеке туракжайынын жоктугуна байланыштуу туу-гандарында жана тааныштарында убактылуу каттоодо турган, бирок муну ме-нен бирге соњку беш жылда (ички иштер органдарына кайрылган учурданбаштап) Кыргыз Республикасынын аймаганда туруктуу жашаган жана башкамамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө арыз бербеген адамдар; - ар кандай себептерден улам 1974-жылкы үлгүдөгү мурдагы СССРдинпаспорту жоголгон, бирок алар туруктуу же убактылуу каттоодо турган, ишжүзүндө республиканын аймагында туруктуу жашаган адамдар; - ар кандай жагдайлардан улам өз убагында паспорт ала албай калган(же 1993-жылдын 18-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жө-нүндө" Мыйзамга туш келбей калган, же ата-энелери жок болгон жана туу-гандарында же тааныштарында тарбиялангандар), бирок республиканын айма-ганда туруктуу жашаган адамдар. Жогоруда аталган жана башка учурларда жањжалдуу комиссияга кайры-лууда ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык документтердин түп нускасы жанакөчүрмөлөрү тапшырылат. 30. Жањжалдык комиссия Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык-тыгын аныктоо жөнүндөгү ар кандай арызды кайталап кароого, алар боюнчаички иштеринин аймактык органдарынын корутундусун чыгарууга, туура эмесчечим кабыл алынган учурда аны өз корутундусу менен жокко чыгаруугаукуктуу. III. Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу 31. Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкү учурларда токтотулушумүмкүн: - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуунун натыйжасында; - Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуунун натыйжасында. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу 32. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары жаша-ган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы бул адамдын ык-тыярдуу эркин билдирүүсүнүн негизинде ишке ашырылат Мыйзамдын25-статьясында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын жарандыгынанчыгууга жол берилбейт. 33. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Рес-публикасынын жарандары жашаган жери боюнча ички иштер органына, ал эмиКыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашагандар - КыргызРеспубликасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелеринетөмөнкү документтерди берет: - Кыргыз Республикасынын Президентинин наамына белгиленген форма-дагы арызды (2-тиркеме); - арыз берүүчүдө башка жарандыктын болушу же Кыргыз Республикасы-нын жарандыгынан чыгуу учурунда ага башка жарандыкты берүү мүмкүндүгүнырастоо жөнүндө чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын документи; - туулгандыгы тууралу күбөлүгү; - нике күбөлүгү, никени бузуу жөнүндөгү, жубайынын каза болгондугужөнүндөгү күбөлүк же жубайын өлгөн же дайынсыз жоголгон деп табылганды-гы жөнүндө соттун чечими - тиешелүү учурларда; - салыктарды төлөө боюнча карыздары жоктугу жөнүндө Кыргыз Респуб-ликасынын салык органынын документи (арыз берүүчүнүн Кыргыз Республика-сынын аймагындагы акыркы жашаган жери боюнча); - ак фондогу 4x6 өлчөмдөгү 2 түстүү сүрөт; - мамлекеттик пошлинаны же консулдук жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүн-дө ырастоо. 34. Эгерде арыз берүүчүнүн жубайы Кыргыз Республикасынын жараныболсо, ошондой эле анын багуусунда жана Кыргыз Республикасынын жараныболсо, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгынан арыз берүүчүнүн чыгышынаалардын мамилеси жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берүүгө тийиш. 35. Эгерде арыз берүүчү ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жа-рандыгынан жашы жете элек балдарынын чыгышы жөнүндө өтүнүч кат берсе,анда Мыйзамда каралган жагдайга жараша төмөнкүлөр берилет: - туулгандыгы тууралу, камкордук же камкорчулук, ата-энелик укук-тан ажыратуу жөнүндө күбөлүгү; - эгерде ата-энелеринин же камкорчуларынын бири Кыргыз Республика-сынын жараны боюнча калса баланын жарандыгын токтотууга же сактап ка-лууга тараптардын нотариуста же Кыргыз Республикасынын дипломатиялыкөкүлчүлүгүндө (же консулдук мекемесинде) күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндө-гү макулдугу; - жарандыгын өзгөртүүгө 14төн 18ге чейинки балдардын нотариуста жеКыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (же консулдук меке-месинде) күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу. 36. Кыргыз Республикасынын эларалык макулдашууларына ылайык КыргызРеспубликасынын жарандыгынан чыгуунун башка тартиби болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу 37. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган КыргызРеспубликасынын жаранынын чет мамлекеттин аскер же чалгындоо кызматынаКыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын уруксатысыз кириши жө-нүндө далилдер болгон учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгүдипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери алдын ала текшерүү-дөн кийин иш материалдарын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министр-лигине жиберет, ал Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, КыргызРеспубликасынын Улуттук коопсуздук органдарынын жана Кыргыз Республика-сынын Ички иштер министрлигинин пикирин эске алуу менен ушул адамдынКыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугун таануу жөнүндө корутун-ду чыгарат. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган КыргызРеспубликасынын жаранынын чет мамлекеттин аскер же чалгындоо кызматынаКыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын уруксатысыз кириши жө-нүндө маалыматтар болгон учурда ички иштер органдары тиешелүү текшерүүжүргүзөт жана материалдарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министр-лигине жиберет, ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин,Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасы-нын Улуттук коопсуздук органдарынын пикирин эске алуу менен ушул адам-дын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугун таануу жөнүндө ко-рутунду чыгарат. 38. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын орган-дары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери төмөнкүдөйзарыл документтерди тариздейт: - Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон адамды таануу жөнүндөкорутундуну; - Мыйзамдын 26-статьясында каралган жагдайлардын болушун ырастоочудокументтерди; - Кыргыз Республикасынын жараны жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү ме-нен сурамжылоонун протоколун; - үйбүлөсүнүн курамын жана жашоо убактысын көрсөтүү менен жашаганжеринен маалымкатты; - кызмат ордун жана иштөө убактысын көрсөтүү менен иштеген жериненмаалымкатты; - ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсүн; - ишке тиешеси бар башка документтерин. 39. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон адамды таануу жө-нүндө жүйөлүү корутундуда Кыргыз Республикасынын жараны жөнүндө негизгимаалыматтар, үйбүлөсүнүн курамы, чет мамлекеттин аскердик же чалгындоокызматына өтүү себептери жана жагдайлары, Кыргыз Республикасынын Ичкииштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининжана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетининушул маселе боюнча пикирлери жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жо-готуунун юридикалык негиздери көрсөтүлөт. Корутундуда ошондой эле Мыйзамда каралган учурларда жашы жете элекбалдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугу көрсөтүлөт. 40. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган адамдын КыргызРеспубликасынын жарандыгын жоготту деп таануу жөнүндөгү корутундугаКыргыз Республикасынын тышкы иштер министри же анын орунбасары кол ко-ет. 41. Республиканын аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынынжарандыгын жоготту деп таануу жөнүндө корутундуга Кыргыз Республикасы-нын Ички иштер министри же анын орунбасары кол коет. 42. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу көрсөтүлгөн фактыларболгон убактан баштап саналат. Билип туруп жалган маалыматтар же жасалма документтер берилгендиннатыйжасында алынган Кыргыз Республикасынын жарандыгы ал кабыл алынганучурдан тартып жарактуу эмес деп таанылат. 43. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготту деп таанылган адам-дарга Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары же дипломатиялыкөкүлчүлүктөрү (консулдук мекемелери) тарабынан белгиленген формадагыКыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугу жөнүндө маалымкат бери-лет (4-тиркеме). 44. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугун каттаган ор-гандар бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон адам тур-ган өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарына маалымдайт. 45. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, дипломатиялыкөкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жаранды-гын жоготкон адамдардан Кыргыз Республикасынын паспортун алып коюшатжана ал адамдарды жарандыгы жок адамдар катары каттоого коюшат же кон-сулдук каттоодон алып салышат. Алып коюлган паспорттор 2006-жылдын 10-ноябрындагы N 787 үлгүдөгү"Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту жөнүндө" Жо-бого ылайык жок кылынат, паспортту жок кылуу актысынын көчүрмөсү КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык конт-ролдоо департаментине же Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-нин Консулдук кызмат департаментине берилет. IV. Ыйгарым укуктуу органдардын милдеттери жана функциялары 46. Кыргыз Республикасынын Президенти Мыйзамга ылайык Кыргыз Рес-публикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү жанаКыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу маселелери боюнча чечимдердикабыл алат. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын жарандыгыжана арыздарды алдын ала кароо маселелери боюнча өз ыйгарым укуктарынишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жа-рандык маселелер боюнча Комиссияны түзөт (мындан ары - Комиссия). 47. Комиссия: - материалдарды алдын ала карайт жана Кыргыз Республикасынын жа-рандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү жана Кыргыз Респуб-ликасынын жарандыгынан чыгуу маселелери боюнча жыйынтык чыгарат; - Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна Кыргыз Республи-касынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү жана анданчыгуу жөнүндө ар бир арыз боюнча сунуштарды киргизет. 48. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага жыйналышкакатышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет. 49. Комиссия берилген документтерди арыз берүүчүгө же ыйгарымукуктуу органдарга кайтарып бербейт. Өзгөчө учурларда, кошумча матери-алдарды бербестен арыз берүүчүнүн өтүнүчү боюнча чечим кабыл алуу мүм-күн болбогон учурларда, Комиссия белгиленген мөөнөттө зарыл болгон маа-лыматтарды талап кыла алат жана алардын тийиштүү мамлекеттик органдардажана коомдук уюмдарда документтик ырасталышын талап кыла алат. Эгердежарандык маселелер боюнча материалдар мамлекеттер аралык макулдашуугаылайык берилсе, анда Комиссиянын тийиштүү мамлекеттер аралык макулдашууменен каралбаган башка документтерди берүүнү талап кылууга укугу жок. 50. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары: - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдардан Кыргыз Рес-публикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арыздарды кабыл алат, мын-дай арыздарды негиздөөдө берилген фактыларды жана документтерди текше-рет; - Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынанчыгуу жөнүндө арыздар боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин кароосуна жөнөтөт; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардынКыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктайт; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарга жа-рандык маселелер боюнча материалдарды даярдайт; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдар КыргызРеспубликасынын жарандыгын жоготкондугун каттайт; - Мыйзамдын 24-статьясынын 1 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурлар-да жарандыктан чыгууга материалдарды тариздейт; - Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү маселелерибоюнча материалдарды кабыл алат; - Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү жөнүндө чечим кабылалынган адамдарды каттоо жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдарга Кыргыз Рес-публикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-зиденти кабыл алган чечимдерди аткарат; - Мыйзамга жана ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды ишкеашырат. 51. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Респуб-ликасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери: - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган адамдар-дан Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арыздарды ка-был алат жана тийиштүү документтер менен бирге Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин кароосуна жөнөтөт; - чет мамлекетте туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасы-нын жарандыгына таандыктыгын аныктайт; - чет мамлекетте туруктуу жашаган адамдар Кыргыз Республикасынынжарандыгын жоготкондугун каттайт; - ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 2-бөлүгүндө каралган учурларда жа-рандыктан чыгууну тариздейт; - чет мамлекетте туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранда-рын консулдук каттоону жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган адамдарга КыргызРеспубликасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти кабыл алган чечимдерди аткарат; - Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү жөнүндө чечим кабылалынган адамдарды каттоо жүргүзөт; Тигил же бул өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчү-лүктөрү же консулдук мекемелери жок болгон учурда бул органдардын функ-цияларын белгиленген мыйзамдык тартипте күчүнө кирген мамлекеттер ара-лык макулдашуулардын негизинде башка мамлекеттердин дипломатиялык өкүл-чүлүктөрү же консулдук мекемелери аткарат. V. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечимдер жана аларды аткаруу 52. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча КыргызРеспубликасынын Президенти жарлыктарды чыгарат. 53. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча КыргызРеспубликасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарга тиешелүү чечимдер-ди аткаруу - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына, ал эми Кыр-гыз Республикасынын чегинен тышкары жакта туруктуу жашаган адамдаргатиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-гине, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консул-дук мекемелерине жүктөлөт. 54. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттукжана визалык контроль департаменти жана Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнчаКыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын алгандан кийин анданары аткаруу үчүн алар жөнүндө адамдардын өтүнүчтөрүн берген органдаргаэки жумалык мөөнөттө билдирет. Билдирүүгө Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин тиешелүү жарлыгынын көчүрмөсү тиркелет. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, дипломатиялык өкүлчү-лүктөрү жана консулдук мекемелери арыз ээлеринин өтүнүчтөрү боюнча ка-был алынган чечим жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып эки жумалыкмөөнөттө бул жөнүндө арыз ээлерине маалымдайт. 55. Эгерде жарандыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентининчечими бар болгон адам жашаган жерин которгон болсо, Кыргыз Республика-сынын ички иштер органдары же дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (консулдукмекемелери) кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүнү тезарада арыз ээси-нин жањы жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органда-рына же дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө (консулдук мекемелерине) жөнөтөтжана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жеКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалымдайт. 56. Өзүнө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү жөнүндөчечим кабыл алынган жана 16 жаш куракка толгон арыз ээсине Кыргыз Рес-публикасынын жаранынын улуттук паспорту толтурулат жана берилет. 16 жашка толо элек балдардын документтеринде алардын Кыргыз Рес-публикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жазуу жазылат. 57. Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (КЭР, Казакс-тан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы)жарандарынын паспорттору жарандыктан чыгуу жөнүндө арыз менен бирдиктетиешелүү мамлекеттин консулдук мекемесине жөнөтүлөт. 58. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө чечим чы-гарылган учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары же диплома-тиялык өкүлчүлүктөрү (консулдук мекемелери) адамдан Кыргыз Республика-сынын жаранынын паспортун алып коет. Ушул эле органдар Кыргыз Республи-касынын жарандыгын токтотуу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү маалымкатты (N4 тиркеме) берет. Кыргыз Республикасында жашаган жана Кыргыз Республикасынын жараныболуп саналбаган адамдарга Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарыбелгиленген тартипте чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам үчүн жа-шоого документти берет. 59. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча КыргызРеспубликасынын Президентинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө ички иш-тер органдары квартал сайын - Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист-рлигине, ал эми Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жанаконсулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинемаалымдайт. 60. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча КыргызРеспубликасынын Президентинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат-тарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Респуб-ликасынын Тышкы иштер министрлиги квартал сайын Комиссияга жөнөтөт. 61. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечим-дердин аткарылышына контролдукту Комиссия жүзөгө ашырат. 62. Жарандык маселелери боюнча материалдар жана алар боюнча КыргызРеспубликасынын Президентинин жарлыктары өзүнчө номенклатуралык иштергекошулат жана туруктуу сакталат. VI. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечимдерди алып салуу 63. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечимарыз ээси жалган документтерди пайдаланганынын же алар жооптуу чечимкабыл алууга негиз болгон жалган маалыматтарды билип туруп билдиргени-нин фактысы сот тартибинде белгиленген учурда алып салынат. 64. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечимдиалып салуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жүзөгөашырылат. 65. Адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын билип туруп жалган маа-лыматтардын жана жалган документтердин негизинде алгандыгынын соттукчечим менен ырасталган фактысы белгиленген учурда Кыргыз Республикасы-нын ички иштер органдары же дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (консулдук ме-кемелери) корутунду чыгарат жана аны колдо болгон бардык материалдарменен бирге тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-гине же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтөт. 66. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги же Кыргыз Рес-публикасынын Тышкы иштер министрлиги сунуш кылынган материалдардын не-гизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечимдиалып салуу жөнүндө өзүнүн корутундусун түзөт. Корутундуда ыйгарым укук-туу орган арыз ээсине карата Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабылалуу же Кыргыз Республикасынын жарандыганан чыгаруу жөнүндө чечим кабылалуунун негиздери, Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу же ток-тотуу максатында арыз ээси. 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентине АНКЕТА-АРЫЗ Мени жалпы, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жаран-дыгына кабыл алууну же Кыргыз Республикасынын жарандыгына калыбына кел-тирүүнү өтүнөм (керексизи чийип салынат), өзүм жөнүндө төмөнкүдөй маа-лыматтарды билдирем: 1. Фамилиясы, аты-жөнү (өзгөргөн учурда мурдагылары, өзгөрүү себе-би жана датасы көрсөтүлөт) ____________________________________________ 2. Туулган датасы жана орду (мамлекет, облус, калктуу конуш) __________________________________________________________________ 3. Арыз ээси кайсы өлкөдөн келсе, ал жердеги жашаган жеринин даре-ги ____________________________________________________________________ 4. Улуту _________________________________________________________ 5. Үйбүлөлүк абалы (жубайынын ф.а.ж. көрсөтүү менен) _____________ 6. Аскердик милдетке тиешеси _____________________________________ (наамы, а\и, кызмат кылган жери жана мезгили) 7. Билими (башталгыч, орто, атайын орто, жогорку)_________________ __________________________________________________________________ (окуунун аталышы, мезгили) 8. Ким экендигин тастыктаган документтер _________________________ (документтин түрү, номери, __________________________________________________________________ ким тарабынан жана качан берилген) 9. Соњку 10 жылдагы эмгек иши:-----------------------------------------------------------------------|Датасы (ай жана жыл) |Иштеген жери, кызмат |Иштеген жеринин дареги || | орду | ||---------------------|----------------------|------------------------|| | | |----------------------------------------------------------------------- 10. Кыргыз Республикасындагы жашаган жеринин дареги ______________ __________________________________________________________________ 11. Жашоо үчүн каражаттардын булагы ______________________________ __________________________________________________________________ (жеке жактын кирешелери жөнүндө маалымкат, салык органынын белгисименен жеке жактардын кирешелерине салыктар боюнча декларация, иштегенжеринен маалымкат, эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүк, жөлөкпул алуужөнүндө социалдык жактан коргоо органынын маалымкаты, алимент алганды-гын ырастоо, эсептин номерин көрсөтүү менен кредиттик мекемедеги салымбар экени жөнүндө маалымкат, мураска укук жөнүндө күбөлүк, арыз ээсибагуусунда турган адамдын кирешелери жөнүндө маалымкат, же мыйзамда ты-юу салынбаган иштен киреше алууну ырастаган башка документ) 12. Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жакын туугандарыњыз барбы(Кыргыз Республикасында жашап жаткандардын ф.а.ж., туулган жылы, жаша-ган жеринин дареги көрсөтүлөт) ________________________________________ __________________________________________________________________ 13. Сизди Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга түрткөнсебептерди көрсөтүњүз _________________________________________________ Мени менен бир эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгына жашыжете элек балдарымды кабыл алышыњызды өтүнөм (ф.а.ж., туулган датасыжана жери көрсөтүлөт) _________________________________________________ __________________________________________________________________ Арыз менен бирге төмөнкүдөй документтери сунуш кылам_________________ Мени Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алган учурда КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын сактоого жана Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясына ылайык өзүмдүн жарандык парзымды аткарууга милдеттенем. Сунуш кылынган документтердин аныктыгын жана баяндалган маалымат-тардын ишенимдүүлүгүн ырастайм 2О0__-жылдын "____" _________ Арыз ээсинин жеке колтамгасы _______ Арыз "Кыргыз Республикасынын жарандыга жөнүндө" Мыйзамдын _______________________ негизинде __________________ карап чыгууга (статья, бөлүк, пункт) (датасы) кабыл алынды. 2О0____-жылдын "____" ____________ Колтамга____________________________________________________ (документтерди кабыл алган кызматкердин кызмат орду, ф.а.ж.) 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентине АНКЕТА-АРЫЗ Мага жалпы (жөнөкөйлөтүлгөн) тартипте Кыргыз Республикасынын жа-рандыгынан чыгууга уруксат берүүнү өтүнөм (керексизи чийип салынат). Арыз ээси жөнүндө маалыматтар 1. Фамилиясы, аты-жөнү ___________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү өзгөргөн учурда __________________________________________________________________ мурдагы фамилиясы, аты-жөнү, өзгөрүү себеби жана датасы __________________________________________________________________ көрсөтүлөт) 2. Туулган датасы жана орду (мамлекет, облус, калктуу конуш) __________________________________________________________________ 3. Жынысы _______________________________________________________ (эркек, аял) 4. Улуту ________________________________________________________ 5. Үйбүлөлүк абалы (жубайынын ф.а.ж. көрсөтүү менен) 6. Аскердик милдетке тиешеси _____________________________________ 7. Билими (башталгыч, орто, атайын орто, жогорку) ________________ __________________________________________________________________ (окуунун аталышы, мезгили) 8. Ким экендигин тастыктаган документтер _________________________ (документтин түрү, номери, __________________________________________________________________ ким тарабынан жана качан берилген) 9. Арыз менен кайрылган датага чейинки соњку беш жылдагы эмгекиши:-----------------------------------------------------------------------|Датасы (ай жана жыл) |Иштеген жери, кызмат |Иштеген жеринин дареги || | орду | ||---------------------|----------------------|------------------------|| | | |----------------------------------------------------------------------- 10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктардытөлөө боюнча аткарылбаган милдеттенмелер барбы (сунуш кылынган доку-ментке ылайык) ________________________________________________________ (ооба, жок) 11. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жазыкиши боюнча айыпталуучу катары тартылган жок белењиз ___________________ (ооба, жок) 12. Сизде жана арызда көрсөтүлгөн Сиздин балдарыњызда башка жаран-дык же аны (аларды) алуу мүмкүнчүлүгү барбы ___________________________ (эгерде бар болсо, кандайын, __________________________________________________________________ качан жана кандай негизде алганы, документ, анын номери, берилген __________________________________________________________________ датасы жана орду; башка жарандык жок болгон учурда - ага ээ болуу __________________________________________________________________ мүмкүнчүлүгүн ырастоо көрсөтүлөт) 13. Кыргыз Республикасында жашаган жеринин дареги ________________ __________________________________________________________________ 14. Ким экендигин жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыкта-ган документ __________________________________________________________ (түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген) Арыз менен бирге төмөнкүдөй документтерди сунуш кылам ____________ __________________________________________________________________ Сунуш кылынган документтердин аныктыгын жана баяндалган маалымат-тардын ишенимдүүлүгүн ырастайм 200__-жылдын "__" _________ Арыз ээсинин жеке колтамгасы _______ Арыз "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамдын ________________________ негизинде _________________________ карап (статья, бөлүк, пункт) (датасы) чыгууга кабыл алынды. 200__-жылдын "____"____________ Колтамга _________________________________________________________ (документтерди кабыл алган кызматкердин кызмат орду, ф.а.ж.) 3-тиркеме МААЛЫМКАТ Берилди _________________________________________________________, анткени Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө анынарызы (арызды кабыл алган орган көрсөтүлөт) ___________________________ ____________________________ тарабынан карап чыгууга кабыл алынды. Арызды жана көрсөтүлгөн документтерди, аларды толтуруунун тууралы-гын (документтерди кабыл алган кызматкердин кызмат орду, ф.а.ж.)_____________ текшерди 2О0__-жылдын "____" ____________ Колтамга _______________________ 4-тиркеме ____________________________________________________ Республиканын паспорттук-визалык бөлүмдөрүнүн аталышы __________________________________________________________________ МААЛЫМКАТ Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Муну менен _______________________________________________________ (чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу орган, чечим кабыл __________________________________________________________________ алынган дата көрсөтүлөт) чечимине ылайык __________________________________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы жана орду) __________________________ тартып Кыргыз Республикасынын жараны (чечим кабыл алынган дата) болуп саналбайт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттук жана визалык контроль департаментинин начальниги ______________________ (фамилиясы, колтамгасы) 5-тиркеме "Бекитемин" Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттук жана визалык контроль департаментинин начальниги _______________________________ 200____-жылдын "____" _________ Жалпы (жөнөкөйлөтүлгөн) тартипте (керексизи чийип салынат) КыргызРеспубликасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жаран __________________ _____________________________________________ өтүнүчү боюнча КОРУТУНДУ Мен, _____________________________________________________________ (Ф.А.Ж. жана ээлеген кызматы) __________________________________________________________________ __________________________________________________________ туулган улуту боюнча жаран_________________________________________ улам Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүчүн карап чыгып Төмөнкүлөрдү белгиледи: 19__-жылы _________________________________________________ келген (туруктуу жашаган өлкөсү) __________________________________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү) азыркы учурда арыз ээси __________________________________________ ___________________________________________________________ жашайт жана _______________________________________ жараны болуп саналат. Кыргыз Республикасында жашаган жакын туугандары бар (жок) __________________________________________________________________ ________________________________________ менен никеде турат. Ошол эле учурда ________________________ жашы жете элек балдары __________________________________________________________________ __________________________________________________________________ _________________________ Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга уруксат берүүнү өтүнөт. Бул өтүнүч боюнча Кыргыз Республикасынын _________________________ (шаарынын, районунун) ички иштер органынын каршылыгы жок. Баяндалгандарды эске алып, жалпы (жөнөкөйлөтүлгөн) тартипте (керексизи чийип салынат) КыргызРеспубликасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жаран __________________ _________________________________________ (арыз ээсинин фамилиясы, аты-жөнү) өтүнүчүн канааттандырууга болот деп ойлойм. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттук жана визалык контроль департаментинин бөлүмүнүн инспектору ___________________________________