МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги
XXVII сессиясы
2020 жылдын 04-марты № 286
Мырза-Аке айылынын тургуну Жолуев Амантур Токоевичти Мырза-Аке айылынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Социалдык маселелер . жаштар саясаты . спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып , талыкпай эмгектенгендиги үчүн Жолуев Амантур Токоевичге «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |